БӨКЕЙХАНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БӨКЕЙХАНОВ ''' Алихан Нурмухамед уулу (25.3. 1866, мурдагы Семей обл., Каркыралы уезди, Токыраун болуштугу – 27. 9. 1937, Москва) – Казакстандын коомдук ж-а мамл. ишмери; улуттук-боштондук ж-а Алаш кыймылынын жетекчиси, Алаш-Ордо автономиялык өкмөтүнүн төрагасы, публицист, илимпоз, котормочу. Каркыралы ш-ндагы мектепти (1886), Омскидеги тех. окуу жайын (1890), Санкт-Петербургдагы токой чарба ин-тунун экономика ф-тин (1894) бүтүргөн. Санкт-Петербургда окуп жүргөн мезгилде студенттик кыймылга активдүү катышкан. Ин-тту аяктаган соӊ Омск токой чарба окуу жайында мугалим болуп иштеген. 1896–1903-ж. Россия империясынын казак жергесине жүргүзгөн экспедициясына катышкан. Экспедиция учурунда ал падышалык Россиянын жүргүзгөн колониялык саясатын иш жүзүндө тереӊ баамдап ж-а ага каршы күрөш жүргүзүү үчүн бүткүл казак элин бириктирүүнү, бул күрөштө расмий бийликке каршы турган саясий күчтөргө таянууну көздөгөн. Б. 1905-ж. «Эл боштондугу» (конституциялык-демокр.) партиясына мүчө болуп кирген. Ал Семей обл-нан I Мамл. Думага депутат болуп шайланган, бирок ошол мезгилде талаа генерал-губернаторунун Указы м-н Павлодар түрмөсүндө 3 ай негизсиз камалгандыктан, Думага катыша алган эмес. 1906-ж. Омскиде чыккан «Голос степи», «Иртыш», 1908-ж. Петербургда – «Товарищ», «Речь», «Слово» гезиттеринде редакторлук кызмат аткарган, о. эле «Казак» гезитинин жарык көрүшүнө ж-а анын улуттук деӊгээлге көтөрүлүшүнө зор эмгек сиӊирген. 1912–17-ж. кадеттер партиясынын уюштуруу к-тинин мүчөсү болгон. 1917-ж. Убактылуу өкмөттүн Торгой обл. комиссары ж-а Түркстан к-тинин мүчөлүгүнө дайындалган. Анын демилгеси м-н 1917-ж. 1-Бүткүл казак съезди өткөрүлгөн ж-а «Алаш» партиясы түзүлгөн, о. эле жылы Б. м-н Байтурсынов баштаган бир топ казак лидерлери 1917-ж. кийинки съездде «Алаш-Ордо» өкмөтүн түзүшкөн. Кийин бул өкмөт Совет бийлигине каршы күрөшүп, ак казактар м-н падышалык генералдар тарабында болгон (1919–20-ж. Совет өкмөтү Алаш кыймылына катышкандарга кечирим жарыялаган). 1920-ж. Казак АССРинин Дыйканчылык Эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү, 1922-ж. Москвадагы Улуттук иштер комиссариатынын басмасында, 1926–27-ж. Россия ИАда ил. кызматкер болуп иштеген. 1937-ж. Казак ССРинин Жогорку сотунун өкүмү м-н атуу жазасы берилген. Акыркы тергөөдө ал «Алаш» партиясынын Совет бийлигине каршы аракеттерине байланыштуу бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган. 1989-ж. акталган.
'''БӨКЕЙХАНОВ ''' '''Алихан Нурмухамед уулу''' (25.3. 1866, мурдагы Семей облусу, Каркыралы уезди, Токыраун болуштугу – 27. 9. 1937, Москва) – Казакстандын коомдук жана мамлекеттик ишмери; улуттук-боштондук жана Алаш кыймылынын жетекчиси, Алаш-Ордо автономиялык өкмөтүнүн төрагасы, публицист, илимпоз, котормочу. Каркыралы шаарындагы мектепти (1886), Омскидеги техникалык окуу жайын (1890), Санкт-Петербургдагы токой чарба институтунун экономика факультетин (1894) бүтүргөн. Санкт-Петербургда окуп жүргөн мезгилде студенттик кыймылга активдүү катышкан. Институтту аяктаган соӊ Омск токой чарба окуу жайында мугалим болуп иштеген. 1896–1903-жылдары Россия империясынын казак жергесине жүргүзгөн экспедициясына катышкан. Экспедиция учурунда ал падышалык Россиянын жүргүзгөн колониялык саясатын иш жүзүндө тереӊ баамдап жана ага каршы күрөш жүргүзүү үчүн бүткүл казак элин бириктирүүнү, бул күрөштө расмий бийликке каршы турган саясий күчтөргө таянууну көздөгөн. Бөкейханов 1905-жылы «Эл боштондугу» (конституциялык-демократиялык) партиясына мүчө болуп кирген. Ал Семей облусунан I Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, бирок ошол мезгилде талаа генерал-губернаторунун Указы менен Павлодар түрмөсүндө 3 ай негизсиз камалгандыктан, Думага катыша алган эмес. 1906-жылы Омскиде чыккан «Голос степи», «Иртыш», 1908-жылы Петербургда – «Товарищ», «Речь», «Слово» гезиттеринде редакторлук кызмат аткарган, ошондой эле «Казак» гезитинин жарык көрүшүнө жана анын улуттук деӊгээлге көтөрүлүшүнө зор эмгек сиӊирген. 1912–17-жылдары кадеттер партиясынын уюштуруу комитетинин мүчөсү болгон. 1917-жылы Убактылуу өкмөттүн Торгой облустук комиссары жана Түркстан кмитетинин мүчөлүгүнө дайындалган. Анын демилгеси менен 1917-жылы 1-Бүткүл казак съезди өткөрүлгөн жана «Алаш» партиясы түзүлгөн, ошол эле жылы Бөкейханов менен Байтурсынов баштаган бир топ казак лидерлери 1917-жылдагы кийинки съездде «Алаш-Ордо» өкмөтүн түзүшкөн. Кийин бул өкмөт Совет бийлигине каршы күрөшүп, ак казактар менен падышалык генералдар тарабында болгон (1919–20-жылдары Совет өкмөтү Алаш кыймылына катышкандарга кечирим жарыялаган). 1920-жылы Казак АССРинин дыйканчылык Эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү, 1922-жылы Москвадагы Улуттук иштер комиссариатынын басмасында, 1926–27-жылдары Россия ИАда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы Казак ССРинин Жогорку сотунун өкүмү менен атуу жазасы берилген. Акыркы тергөөдө ал «Алаш» партиясынын Совет бийлигине каршы аракеттерине байланыштуу бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган. 1989-ж. акталган.<br/>''А. Жуманалиев''.
<br/>''А. Жуманалиев''.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:29, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БӨКЕЙХАНОВ Алихан Нурмухамед уулу (25.3. 1866, мурдагы Семей облусу, Каркыралы уезди, Токыраун болуштугу – 27. 9. 1937, Москва) – Казакстандын коомдук жана мамлекеттик ишмери; улуттук-боштондук жана Алаш кыймылынын жетекчиси, Алаш-Ордо автономиялык өкмөтүнүн төрагасы, публицист, илимпоз, котормочу. Каркыралы шаарындагы мектепти (1886), Омскидеги техникалык окуу жайын (1890), Санкт-Петербургдагы токой чарба институтунун экономика факультетин (1894) бүтүргөн. Санкт-Петербургда окуп жүргөн мезгилде студенттик кыймылга активдүү катышкан. Институтту аяктаган соӊ Омск токой чарба окуу жайында мугалим болуп иштеген. 1896–1903-жылдары Россия империясынын казак жергесине жүргүзгөн экспедициясына катышкан. Экспедиция учурунда ал падышалык Россиянын жүргүзгөн колониялык саясатын иш жүзүндө тереӊ баамдап жана ага каршы күрөш жүргүзүү үчүн бүткүл казак элин бириктирүүнү, бул күрөштө расмий бийликке каршы турган саясий күчтөргө таянууну көздөгөн. Бөкейханов 1905-жылы «Эл боштондугу» (конституциялык-демократиялык) партиясына мүчө болуп кирген. Ал Семей облусунан I Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, бирок ошол мезгилде талаа генерал-губернаторунун Указы менен Павлодар түрмөсүндө 3 ай негизсиз камалгандыктан, Думага катыша алган эмес. 1906-жылы Омскиде чыккан «Голос степи», «Иртыш», 1908-жылы Петербургда – «Товарищ», «Речь», «Слово» гезиттеринде редакторлук кызмат аткарган, ошондой эле «Казак» гезитинин жарык көрүшүнө жана анын улуттук деӊгээлге көтөрүлүшүнө зор эмгек сиӊирген. 1912–17-жылдары кадеттер партиясынын уюштуруу комитетинин мүчөсү болгон. 1917-жылы Убактылуу өкмөттүн Торгой облустук комиссары жана Түркстан кмитетинин мүчөлүгүнө дайындалган. Анын демилгеси менен 1917-жылы 1-Бүткүл казак съезди өткөрүлгөн жана «Алаш» партиясы түзүлгөн, ошол эле жылы Бөкейханов менен Байтурсынов баштаган бир топ казак лидерлери 1917-жылдагы кийинки съездде «Алаш-Ордо» өкмөтүн түзүшкөн. Кийин бул өкмөт Совет бийлигине каршы күрөшүп, ак казактар менен падышалык генералдар тарабында болгон (1919–20-жылдары Совет өкмөтү Алаш кыймылына катышкандарга кечирим жарыялаган). 1920-жылы Казак АССРинин дыйканчылык Эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү, 1922-жылы Москвадагы Улуттук иштер комиссариатынын басмасында, 1926–27-жылдары Россия ИАда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы Казак ССРинин Жогорку сотунун өкүмү менен атуу жазасы берилген. Акыркы тергөөдө ал «Алаш» партиясынын Совет бийлигине каршы аракеттерине байланыштуу бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган. 1989-ж. акталган.
А. Жуманалиев.