БӨКӨН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БӨКӨН ''' (Saiga tatarica) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. | '''БӨКӨН ''' (Saiga tatarica) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. Салмагы 50 ''кг''га жетет. Бөкөндүн денеси чымыр, буттары ичке, тумшугу дөмпөгөй. Ургаачысы кичирээк келип, токол болот, эркегинин мүйүзүндө шакекче сымал кырлары бар. Бөкөндүн жүнү жайында саргыч, кышында агыш тартат. Орто Азия, Казакстандын талаа жана жарым чөлдөрүндө, Кавказ тоо этектеринде кездешет. Алар үйүр болуп жүрөт. Бөкөн чөп, түрдүү өсүмдүк, бадал жалбырактарын жейт. Январда кууттан чыгат, 5 ай көтөрүп, 1–2 улак тууйт. Бөкөнгө эти, териси, мүйүзү үчүн мергенчилик кылышат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:34, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БӨКӨН (Saiga tatarica) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. Салмагы 50 кгга жетет. Бөкөндүн денеси чымыр, буттары ичке, тумшугу дөмпөгөй. Ургаачысы кичирээк келип, токол болот, эркегинин мүйүзүндө шакекче сымал кырлары бар. Бөкөндүн жүнү жайында саргыч, кышында агыш тартат. Орто Азия, Казакстандын талаа жана жарым чөлдөрүндө, Кавказ тоо этектеринде кездешет. Алар үйүр болуп жүрөт. Бөкөн чөп, түрдүү өсүмдүк, бадал жалбырактарын жейт. Январда кууттан чыгат, 5 ай көтөрүп, 1–2 улак тууйт. Бөкөнгө эти, териси, мүйүзү үчүн мергенчилик кылышат.