БӨЛҮШТҮРГҮЧ ТҮЗҮЛМӨ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БӨЛҮШТҮРГҮЧ ТҮЗҮЛМӨ ''' э л е к т р д и к – электр тизмектерин биринин артынан бирин убакытка карата бириктирип же ажыратып туруучу коммутациялык түзүлүш. | '''БӨЛҮШТҮРГҮЧ ТҮЗҮЛМӨ ''' э л е к т р д и к – электр тизмектерин биринин артынан бирин убакытка карата бириктирип же ажыратып туруучу коммутациялык түзүлүш. Бөлүштүргүч түзүлмө синхрондуу (тизмектерди белгилүү мезгилде үзгүлтүксүз ажыратып-кошуп туруучу), старт-стоптук (старт сигналында кошот, стоп сигналы келгенде ажыратат) жана кадамдык (башкаруучу импульс келгенде гана бир абалдан экинчи абалга өтүүчү) болуп бөлүнөт. Иш аткаруучу органдары боюнча Бөлүштүргүч түзүлмөнүн щёткалуу, муштумча механизмдүү жана релелүү түрлөрү болот. Анын конструкциясы электрмеханикалык же электр вакуумдуу прибордон же бир системага бириктирилген электр-механикалык, электрондук элементтерден куралат. Ал автоматика, телемеханика жана байланыштын текшерилүүчү объектилерин тандоочу, убакыт боюнча бөлүштүрүлгөн сигналдарды мейкиндикте бөлүштүрүлгөн сигналдарга өзгөртүүчү, импульстардын санын эсептөөчү түзүлмөлөрдө кеӊири колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:39, 21 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БӨЛҮШТҮРГҮЧ ТҮЗҮЛМӨ э л е к т р д и к – электр тизмектерин биринин артынан бирин убакытка карата бириктирип же ажыратып туруучу коммутациялык түзүлүш. Бөлүштүргүч түзүлмө синхрондуу (тизмектерди белгилүү мезгилде үзгүлтүксүз ажыратып-кошуп туруучу), старт-стоптук (старт сигналында кошот, стоп сигналы келгенде ажыратат) жана кадамдык (башкаруучу импульс келгенде гана бир абалдан экинчи абалга өтүүчү) болуп бөлүнөт. Иш аткаруучу органдары боюнча Бөлүштүргүч түзүлмөнүн щёткалуу, муштумча механизмдүү жана релелүү түрлөрү болот. Анын конструкциясы электрмеханикалык же электр вакуумдуу прибордон же бир системага бириктирилген электр-механикалык, электрондук элементтерден куралат. Ал автоматика, телемеханика жана байланыштын текшерилүүчү объектилерин тандоочу, убакыт боюнча бөлүштүрүлгөн сигналдарды мейкиндикте бөлүштүрүлгөн сигналдарга өзгөртүүчү, импульстардын санын эсептөөчү түзүлмөлөрдө кеӊири колдонулат.