БӨРҮ (кыргыз уруусу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БӨРҮ ''' – кыргыз урууларынын бири. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу ж-дөгү санжыралык маалыматтар б-ча оӊ канаттагы Адигине-Тагай бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири – Адигиненин беш уулунун бирөөсү Б. Бул уруу андан тараган тукумдардан түзүлгөн. Ил. көз караштарда Б. уруусунун аталышы байыркы тотемдик түшүнүктөр м-н байланышта экендиги белгиленет. Белгилүү болгондой о. кылымдардагы көпчүлүк түрк уруулары өзүлөрүнүн жаралыш тегин бөрү м-н бирге караган уламыштарды калтырышкан. Ушул себептерден Б. уруусу кыргыз уруулук курамындагы байыркы этностук компоненттердин бири болуп, алардын генезисинен о. кылымдардагы түрк уруулары м-н тектештик байкалат. Б. уруусу ич ара бир канча уруктарга бөлүнөт. Аларга – атаке, бабаке, буйла-бөрү, ожукту, кара бөрү, ак чубак, шаа, бабалы, байыш, тана, атантай, тастар топтору киришет. Уруунун өкүлдөрү басымдуу жайгашкан аймактар – Ош обл-нун Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат ж. б. р-ндору.
'''БӨРҮ ''' – кыргыз урууларынын бири. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу жөнүндөгү санжыралык маалыматтар боюнча оӊ канаттагы Адигине-Тагай бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири – Адигиненин беш уулунун бирөөсү Бөрү. Бул уруу андан тараган тукумдардан түзүлгөн. Илимий көз караштарда Бөрү уруусунун аталышы байыркы тотемдик түшүнүктөр менен байланышта экендиги белгиленет. Белгилүү болгондой орто кылымдардагы көпчүлүк түрк уруулары өзүлөрүнүн жаралыш тегин бөрү менен бирге караган уламыштарды калтырышкан. Ушул себептерден Бөрү уруусу кыргыз уруулук курамындагы байыркы этностук компоненттердин бири болуп, алардын генезисинен орто кылымдардагы түрк уруулары менен тектештик байкалат. Бөрү уруусу ич ара бир канча уруктарга бөлүнөт. Аларга – атаке, бабаке, буйла-бөрү, ожукту, кара бөрү, ак чубак, шаа, бабалы, байыш, тана, атантай, тастар топтору киришет. Уруунун өкүлдөрү басымдуу жайгашкан аймактар – Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат ж. б. райондору.<br/>''Р. Жолдошев.''
<br/>''Р. Жолдошев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:35, 21 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БӨРҮ – кыргыз урууларынын бири. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу жөнүндөгү санжыралык маалыматтар боюнча оӊ канаттагы Адигине-Тагай бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири – Адигиненин беш уулунун бирөөсү Бөрү. Бул уруу андан тараган тукумдардан түзүлгөн. Илимий көз караштарда Бөрү уруусунун аталышы байыркы тотемдик түшүнүктөр менен байланышта экендиги белгиленет. Белгилүү болгондой орто кылымдардагы көпчүлүк түрк уруулары өзүлөрүнүн жаралыш тегин бөрү менен бирге караган уламыштарды калтырышкан. Ушул себептерден Бөрү уруусу кыргыз уруулук курамындагы байыркы этностук компоненттердин бири болуп, алардын генезисинен орто кылымдардагы түрк уруулары менен тектештик байкалат. Бөрү уруусу ич ара бир канча уруктарга бөлүнөт. Аларга – атаке, бабаке, буйла-бөрү, ожукту, кара бөрү, ак чубак, шаа, бабалы, байыш, тана, атантай, тастар топтору киришет. Уруунун өкүлдөрү басымдуу жайгашкан аймактар – Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат ж. б. райондору.
Р. Жолдошев.