БОТКИН Сергей Петрович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Dilde moved page БОТКИН to БОТКИН Сергей Петрович) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БО́ТКИН ''' Сергей Петрович [5 (17). 9. 1832, Москва – 12 (24). 12. 1889, Франция, Ментона, сөөгү Санкт-Петербургга коюлган] – орус врачы, терапевти, клиникалык медицинадагы | '''БО́ТКИН ''' '''Сергей Петрович''' [5 (17). 9. 1832, Москва – 12 (24). 12. 1889, Франция, Ментона, сөөгү Санкт-Петербургга коюлган] – орус врачы, терапевти, клиникалык медицинадагы физиологиялык багыттын негиздөөчүсү, коомдук ишмер. Россияда илимий клиникалык медицинаны негиздөөчүлөрдүн бири. Москва университетинин медицина факультетин бүтүргөн (1855). Петербургдагы медициналык-хирургия академиясында профессор (1861). Орус-түрк согуш учурунда 7 айга жакын Балкан фронтунда болгон (1877). Россияда биринчилерден болуп дары заттардын фармакологиялык жана физиологиялык таасирин изилдөөчү эксперименттик лабораторияны түзгөн. Ички оорулардын клиникасында физиологиялык багытты колдонгон. Организмдеги патологиялык процесстердин (толто аневризмасы, бөйрөк оорусу, теринин трофикалык өзгөрүүлөрү ж. б.) пайда болушун изилдеген. ''Вирустуу гепатиттин'' жугуштуу экенин аныктаган (ошондон ''Боткин оорусу'' деп да аталат). Тарыхта 1-болуп ооруларды акысыз дарылоо үчүн өз клиникасынын алдында амбулатория ачкан (1861). Россияда 1-жолу акысыз оорукананы (азыркы С. П. Боткин атындагы) уюштурган (1880). | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:48, 21 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БО́ТКИН Сергей Петрович [5 (17). 9. 1832, Москва – 12 (24). 12. 1889, Франция, Ментона, сөөгү Санкт-Петербургга коюлган] – орус врачы, терапевти, клиникалык медицинадагы физиологиялык багыттын негиздөөчүсү, коомдук ишмер. Россияда илимий клиникалык медицинаны негиздөөчүлөрдүн бири. Москва университетинин медицина факультетин бүтүргөн (1855). Петербургдагы медициналык-хирургия академиясында профессор (1861). Орус-түрк согуш учурунда 7 айга жакын Балкан фронтунда болгон (1877). Россияда биринчилерден болуп дары заттардын фармакологиялык жана физиологиялык таасирин изилдөөчү эксперименттик лабораторияны түзгөн. Ички оорулардын клиникасында физиологиялык багытты колдонгон. Организмдеги патологиялык процесстердин (толто аневризмасы, бөйрөк оорусу, теринин трофикалык өзгөрүүлөрү ж. б.) пайда болушун изилдеген. Вирустуу гепатиттин жугуштуу экенин аныктаган (ошондон Боткин оорусу деп да аталат). Тарыхта 1-болуп ооруларды акысыз дарылоо үчүн өз клиникасынын алдында амбулатория ачкан (1861). Россияда 1-жолу акысыз оорукананы (азыркы С. П. Боткин атындагы) уюштурган (1880).