БАШ ООРУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАШ ООРУ ''' – көп оорунун негизги белгилеринин бири. | '''БАШ ООРУ ''' – көп оорунун негизги белгилеринин бири. Баш оорунун мүнөзү аны пайда кылган себептерге жараша болот. Кан тамыр ооруларында (гипертония, гипотония, шакый) баш чыӊалып лукулдап ооруп, чарчаганда, алкоголь ичимдиктерин ичкенде, тамеки тартканда, ошондой эле ызы-чуу, кескин жыт, өтө жарыктын таасиринен күчөйт. ''Гипертония'' оорусунда көбүнчө кежиге салмактанат, шакыйда баштын бир жагы (чыкый) ооруйт. Аялдын этек кири келгенде, ''климакс'' болгондо да, ошондой эле караӊгы жерде иштөө, алысты начар көрүү, көз оорулары (мис., г''лаукома'') да анын себеби болот. Желке жана үч ача нерв сезгенгенде бет жана желке сайгылашып, ачышат. Мээ кабыгы сезгенгенде кусуп, дене ысып, баш өтө катуу ооруйт. Баш, мурун коӊулдарынын сезгениши, мээ чайкалуу да ага себеп болот. Баш оору ар кандай жугуштуу ооруларды, ууланууну, нерв бузулууларын, ички органдардын ооруларын коштойт. Баш такай ооруса сөзсүз врачка кайрылуу зарыл. Анын негизги себебин таппай, өзү билгендей оору басаӊдатуучу дарыларды колдонуу, ден соолукка тескери таасир тийгизет. Күндөлүк эмгек тартибин туура уюштуруу, маалы менен тамактанып, эс алуу, дарылоочу гимнастика жасап, таза абада сейилдөө баш ооруну басууга жардам берет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:21, 22 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БАШ ООРУ – көп оорунун негизги белгилеринин бири. Баш оорунун мүнөзү аны пайда кылган себептерге жараша болот. Кан тамыр ооруларында (гипертония, гипотония, шакый) баш чыӊалып лукулдап ооруп, чарчаганда, алкоголь ичимдиктерин ичкенде, тамеки тартканда, ошондой эле ызы-чуу, кескин жыт, өтө жарыктын таасиринен күчөйт. Гипертония оорусунда көбүнчө кежиге салмактанат, шакыйда баштын бир жагы (чыкый) ооруйт. Аялдын этек кири келгенде, климакс болгондо да, ошондой эле караӊгы жерде иштөө, алысты начар көрүү, көз оорулары (мис., глаукома) да анын себеби болот. Желке жана үч ача нерв сезгенгенде бет жана желке сайгылашып, ачышат. Мээ кабыгы сезгенгенде кусуп, дене ысып, баш өтө катуу ооруйт. Баш, мурун коӊулдарынын сезгениши, мээ чайкалуу да ага себеп болот. Баш оору ар кандай жугуштуу ооруларды, ууланууну, нерв бузулууларын, ички органдардын ооруларын коштойт. Баш такай ооруса сөзсүз врачка кайрылуу зарыл. Анын негизги себебин таппай, өзү билгендей оору басаӊдатуучу дарыларды колдонуу, ден соолукка тескери таасир тийгизет. Күндөлүк эмгек тартибин туура уюштуруу, маалы менен тамактанып, эс алуу, дарылоочу гимнастика жасап, таза абада сейилдөө баш ооруну басууга жардам берет.