ВАКФ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
, х а б у с (ар. кармап калуу) – мусулмандык укукта кайрымдуулук ж-а диний муктаждыктар үчүн атайын ыйгарылган же мураска калтырылган (берилген) кыймылдуу-кыймылсыз мүлк. В-тан салык алынбайт, конфискацияланууга ж-а камакка санкцияланууга жатпайт. Ислам уламаларынын ырастоолору б-ча В-ка карата бардык менчиктөө укуктарынын күчү түбөлүккө токтотулат. В. мурасталбайт, белекке берилбейт, сатылбайт. В. 11-к-дан мусулман өлкөлөрүндө кеӊири тараган. В-тын каражаттарынын туура сарпталышын жогорку – кади (кыргызча – казы) көзөмөлдөп турат. 19-к-да Осмон империясындагы жерлердин үчтөн бир бөлүгү В-ка тиешелүү болгон. Россияда (Крымда, Кавказда) В. мусулмандардын жалпы мүлкү катары эсептелген. Совет бийлиги аларды (В. жерлерин) казыналаштырып салган. СССР урагандан кийин Татарстанда ж-а Түн. Кавказда В-тын де-факто ж-а де-юре укугун калыбына келтирүү аракеттери жасалган. 21-к-дын башталышында Ж. Чыгыштын ж-а Түн. Африканын мамлекеттеринде В-ты башкарууну адистештирилген министрликтер жетектейт. О. Азиядагы В-ты Совет бийлиги жойгон. Кырг-нда В. болгон эмес.
'''ВАКФ''' , х а б у с (ар. кармап калуу) – мусулмандык укукта кайрымдуулук жана диний муктаждыктар үчүн атайын ыйгарылган же мураска калтырылган (берилген) кыймылдуу-кыймылсыз мүлк. Вакфтан салык алынбайт, конфискацияланууга жана камакка санкцияланууга жатпайт. Ислам уламаларынын ырастоолору боюнча Вакфка карата бардык менчиктөө укуктарынын күчү түбөлүккө токтотулат. Вакф мурасталбайт, белекке берилбейт, сатылбайт. Вакф 11-кылымдан мусулман өлкөлөрүндө кеӊири тараган. Вакфтын каражаттарынын туура сарпталышын жогорку – кади (кыргызча – казы) көзөмөлдөп турат. 19-кылымда Осмон империясындагы жерлердин үчтөн бир бөлүгү Вакфка тиешелүү болгон. Россияда (Крымда, Кавказда) Вакф мусулмандардын жалпы мүлкү катары эсептелген. Совет бийлиги аларды (Вакф жерлерин) казыналаштырып салган. СССР урагандан кийин Татарстанда жана Түндүк Кавказда Вакфтын де-факто жана де-юре укугун калыбына келтирүү аракеттери жасалган. 21-кылымдын башталышында Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын мамлекеттеринде Вакфты башкарууну адистештирилген министрликтер жетектейт. Орто Азиядагы Вакфты Совет бийлиги жойгон. Кыргызстанда Вакф болгон эмес.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:11, 22 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАКФ , х а б у с (ар. кармап калуу) – мусулмандык укукта кайрымдуулук жана диний муктаждыктар үчүн атайын ыйгарылган же мураска калтырылган (берилген) кыймылдуу-кыймылсыз мүлк. Вакфтан салык алынбайт, конфискацияланууга жана камакка санкцияланууга жатпайт. Ислам уламаларынын ырастоолору боюнча Вакфка карата бардык менчиктөө укуктарынын күчү түбөлүккө токтотулат. Вакф мурасталбайт, белекке берилбейт, сатылбайт. Вакф 11-кылымдан мусулман өлкөлөрүндө кеӊири тараган. Вакфтын каражаттарынын туура сарпталышын жогорку – кади (кыргызча – казы) көзөмөлдөп турат. 19-кылымда Осмон империясындагы жерлердин үчтөн бир бөлүгү Вакфка тиешелүү болгон. Россияда (Крымда, Кавказда) Вакф мусулмандардын жалпы мүлкү катары эсептелген. Совет бийлиги аларды (Вакф жерлерин) казыналаштырып салган. СССР урагандан кийин Татарстанда жана Түндүк Кавказда Вакфтын де-факто жана де-юре укугун калыбына келтирүү аракеттери жасалган. 21-кылымдын башталышында Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын мамлекеттеринде Вакфты башкарууну адистештирилген министрликтер жетектейт. Орто Азиядагы Вакфты Совет бийлиги жойгон. Кыргызстанда Вакф болгон эмес.