ВАЛЕНСА: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВАЛЕ́НСА ''' '''Лешек Михал''' (Лех) (29. 9. 1943-жылы туулган, Куяв-Помор воеводствосу, Попово) – польшалык саясий жана мамлекеттик ишмер. Польшанын президенти (1990–95). 1961–63- жана 1965–67-жылдарда машиналарды эксплуатациялоо боюнча мамлекеттик борбордо электр-механик, 1963–65-жылдарда Польша аскеринде аскер кызматчысы, 1967-жылдан Гданьскидеги кеме куруучу ишканада электрик болуп иштеген. 1976-жылы жумушчу толкундоолоруна катышкандыгы үчүн иштен айдалган. 1980-жылы кеме верфинде башталган толкундоо учурунда иш таштоо комитетин жетектеген. Ошол эле жылы уюшулган «Тилектештик» профсоюз уюмунун лидери катары өкмөт өкүлдөрү менен профсоюздардын укугун кеӊейтүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. «Тилектештик» уюму Польшадагы таасирдүү уюмга айланган. 1981-жылы Польшада согуштук абал киргизилип, «Тилектештикке» тыюу салынган жана Валенса камакка алынган (1982-жылы бошотулган). 1998-жылдан Христиан демократтары партиясынын төрагасы. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1983). | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:51, 22 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВАЛЕ́НСА Лешек Михал (Лех) (29. 9. 1943-жылы туулган, Куяв-Помор воеводствосу, Попово) – польшалык саясий жана мамлекеттик ишмер. Польшанын президенти (1990–95). 1961–63- жана 1965–67-жылдарда машиналарды эксплуатациялоо боюнча мамлекеттик борбордо электр-механик, 1963–65-жылдарда Польша аскеринде аскер кызматчысы, 1967-жылдан Гданьскидеги кеме куруучу ишканада электрик болуп иштеген. 1976-жылы жумушчу толкундоолоруна катышкандыгы үчүн иштен айдалган. 1980-жылы кеме верфинде башталган толкундоо учурунда иш таштоо комитетин жетектеген. Ошол эле жылы уюшулган «Тилектештик» профсоюз уюмунун лидери катары өкмөт өкүлдөрү менен профсоюздардын укугун кеӊейтүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. «Тилектештик» уюму Польшадагы таасирдүү уюмга айланган. 1981-жылы Польшада согуштук абал киргизилип, «Тилектештикке» тыюу салынган жана Валенса камакка алынган (1982-жылы бошотулган). 1998-жылдан Христиан демократтары партиясынын төрагасы. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1983).