ВАЛЕНСА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАЛ́ЕНСА''' Лешек Михал (Лех) (29. 9. 1943-ж. т., Куяв-Помор воеводствосу, Попово) – польшалык саясий ж-а мамл. ишмер. Польшанын президенти (1990–95) 1961–63- ж-а 1965–67-ж. машиналарды эксплуатациялоо б-ча мамл. борбордо электр-механик, 1963–65-ж. Польша аскеринде аскер кызматчысы, 1967-жылдан Гданьскидеги кеме куруучу ишканада электрик болуп иштеген. 1976-ж. жумушчу толкундоолоруна катышкандыгы үчүн иштен айдалган. 1980-ж. кеме верфинде башталган толкундоо учурунда иш таштоо к-тин жетектеген. Ошол эле жылы уюшулган «Тилектештик» профсоюз уюмунун лидери катары өкмөт өкүлдөрү м-н профсоюздардын укугун кеӊейтүү б-ча сүйлөшүүлөргө катышкан. «Тилектештик» уюму Польшадагы таасирдүү уюмга айланган. 1981-ж. Польшада согуштук абал киргизилип, «Тилектештикке» тыюу салынган ж-а В. камакка алынган (1982-ж. бошотулган). 1998-жылдан Христиан демократтары партиясынын төрагасы. Нобель сыйл. лауреаты (1983).
'''ВАЛЕ́НСА ''' '''Лешек Михал''' (Лех) (29. 9. 1943-жылы туулган, Куяв-Помор воеводствосу, Попово) – польшалык саясий жана мамлекеттик ишмер. Польшанын президенти (1990–95). 1961–63- жана 1965–67-жылдарда машиналарды эксплуатациялоо боюнча мамлекеттик борбордо электр-механик, 1963–65-жылдарда Польша аскеринде аскер кызматчысы, 1967-жылдан Гданьскидеги кеме куруучу ишканада электрик болуп иштеген. 1976-жылы жумушчу толкундоолоруна катышкандыгы үчүн иштен айдалган. 1980-жылы кеме верфинде башталган толкундоо учурунда иш таштоо комитетин жетектеген. Ошол эле жылы уюшулган «Тилектештик» профсоюз уюмунун лидери катары өкмөт өкүлдөрү менен профсоюздардын укугун кеӊейтүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. «Тилектештик» уюму Польшадагы таасирдүү уюмга айланган. 1981-жылы Польшада согуштук абал киргизилип, «Тилектештикке» тыюу салынган жана Валенса камакка алынган (1982-жылы бошотулган). 1998-жылдан Христиан демократтары партиясынын төрагасы. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1983).
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:51, 22 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАЛЕ́НСА Лешек Михал (Лех) (29. 9. 1943-жылы туулган, Куяв-Помор воеводствосу, Попово) – польшалык саясий жана мамлекеттик ишмер. Польшанын президенти (1990–95). 1961–63- жана 1965–67-жылдарда машиналарды эксплуатациялоо боюнча мамлекеттик борбордо электр-механик, 1963–65-жылдарда Польша аскеринде аскер кызматчысы, 1967-жылдан Гданьскидеги кеме куруучу ишканада электрик болуп иштеген. 1976-жылы жумушчу толкундоолоруна катышкандыгы үчүн иштен айдалган. 1980-жылы кеме верфинде башталган толкундоо учурунда иш таштоо комитетин жетектеген. Ошол эле жылы уюшулган «Тилектештик» профсоюз уюмунун лидери катары өкмөт өкүлдөрү менен профсоюздардын укугун кеӊейтүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. «Тилектештик» уюму Польшадагы таасирдүү уюмга айланган. 1981-жылы Польшада согуштук абал киргизилип, «Тилектештикке» тыюу салынган жана Валенса камакка алынган (1982-жылы бошотулган). 1998-жылдан Христиан демократтары партиясынын төрагасы. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1983).