ВАЛЬПАРАИСО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАЛЬПАРАИ́СО''' – Чилинин борб. бөлүгүндөгү шаар; Вальпараисо аймагынын адм. борбору. Калкы 295,1 миӊ (2017; агломерациясы м-н 916 миӊ). Калкынын саны ж-а экон. потенциалы б-ча өлкөнүн борборунан кийинки шаар. Тынч океандын жээгинде. Ири жолдор тоому. Трансиндия темир жол магистралынын (В. – Сантьяго – Буэнос-Айрес) баштапкы пункту. Метрополитен иштейт (2005). 1536-ж. негизделген. Жер титирөөдөн (1730, 1817, 1906, 1928, 1960 ж-а 1971) өтө жабыркаган. Шаардын жаӊы көрүнүшү 19–20-к-да амер. ж-а англ. арх. тарабынан долбоорлонгон. Эски шаардын деӊиз жак жээги ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Ун-ттер (католик, тех. ж. б.), Укук мектеби, деӊиз академиясы, калк китепканасы, музейлер, сүрөт галереясы, акын П. Неруданын үй-музейи, театр, ботан. бак бар. В. – Чилинин аскер-деӊиз базасы. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Шаар – ири өнөр жай ж-а башкы а. ч. борбору. Тамак-аш, жеӊил, хим., токой, цемент, машина куруу, металл иштетүү, кара металлургия өнөр жайы, ЖЭС (мазут м-н) иштейт.
'''ВАЛЬПАРАИ́СО ''' – Чилинин борбордук бөлүгүндөгү шаар; Вальпараисо аймагынын административдик борбору. Калкы 295,1 миӊ (2017; агломерациясы менен 916 миӊ). Калкынын саны жана экономикалык потенциалы боюнча өлкөнүн борборунан кийинки шаар. Тынч океандын жээгинде. Ири жолдор тоому. Трансиндия темир жол магистралынын (Вальпараисо – Сантьяго – Буэнос-Айрес) баштапкы пункту. Метрополитен иштейт (2005). 1536-жылы негизделген. Жер титирөөдөн (1730, 1817, 1906, 1928, 1960 жана 1971) өтө жабыркаган. Шаардын жаӊы көрүнүшү 19–20-кылымдарда америкалык жана англиялык архитекторлор тарабынан долбоорлонгон. Эски шаардын деӊиз жак жээги ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Университеттер (католик, техникалык ж. б.), укук мектеби, деӊиз академиясы, калк китепканасы, музейлер, сүрөт галереясы, акын П. Неруданын үй-музейи, театр, ботаникалык бак бар. Вальпараисо  – Чилинин аскер-деӊиз базасы. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Шаар – ири өнөр жай жана башкы айыл чарба борбору. Тамак-аш, жеӊил, химия, токой, цемент, машина куруу, металл иштетүү, кара металлургия өнөр жайы, ЖЭС (мазут менен) иштейт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:42, 23 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАЛЬПАРАИ́СО – Чилинин борбордук бөлүгүндөгү шаар; Вальпараисо аймагынын административдик борбору. Калкы 295,1 миӊ (2017; агломерациясы менен 916 миӊ). Калкынын саны жана экономикалык потенциалы боюнча өлкөнүн борборунан кийинки шаар. Тынч океандын жээгинде. Ири жолдор тоому. Трансиндия темир жол магистралынын (Вальпараисо – Сантьяго – Буэнос-Айрес) баштапкы пункту. Метрополитен иштейт (2005). 1536-жылы негизделген. Жер титирөөдөн (1730, 1817, 1906, 1928, 1960 жана 1971) өтө жабыркаган. Шаардын жаӊы көрүнүшү 19–20-кылымдарда америкалык жана англиялык архитекторлор тарабынан долбоорлонгон. Эски шаардын деӊиз жак жээги Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Университеттер (католик, техникалык ж. б.), укук мектеби, деӊиз академиясы, калк китепканасы, музейлер, сүрөт галереясы, акын П. Неруданын үй-музейи, театр, ботаникалык бак бар. Вальпараисо – Чилинин аскер-деӊиз базасы. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Шаар – ири өнөр жай жана башкы айыл чарба борбору. Тамак-аш, жеӊил, химия, токой, цемент, машина куруу, металл иштетүү, кара металлургия өнөр жайы, ЖЭС (мазут менен) иштейт.