БУГУ ЧАРБАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУГУ ЧАРБАСЫ ''' – Четки Түндүктүн мал чарба тармагы. Мында түн. ж-а панттык (мүйүзүнөн пант алынуучу) бугулар багылат. Түн. Б. ч. бакма түн. бугуларын багып көбөйтөт. Азия ж-а Европанын түн. кеӊдиктеринде (Чукча ж. а-нан Скандинавияга чейин) өнүккөн. Түн. Б. ч-нын качан ж-а кайсы жерде пайда болгондугу ж-дө так маалымат жок. Бугу илгертен эле түрдүүчө пайдаланылган. Сибирдин тундра зонасындагы эл бугуну негизинен эт, тери алуу үчүн, тайгадагы эл унаа катары асыраган. Бугу эти сиӊимдүүлүгү ж-а даамдуулугу жагынан уй этинен калышпайт; териси – булгаары ж-а мех өнөр жайынын баалуу сырьёсу. Андан сапаттуу күдөрү, чылгый кайыш, хром ж. б. даярдалат, жылуу кийим ж-а бут кийим тигилет, тери чатыр, көчмө үйлөр жасалат. Бугу, о. эле унаа (чанага чегүү, жүк ташуу, минги) катары түндүктө кеӊири пайдаланылат.
'''БУГУ ЧАРБАСЫ ''' – Четки Түндүктүн мал чарба тармагы. Мында түндүк жана панттык (мүйүзүнөн пант алынуучу) бугулар багылат. Түндүк бугу чарбасы бакма түндүк бугуларын багып көбөйтөт. Азия жана Европанын түндүк кеӊдиктеринде (Чукча жарым аралынан Скандинавияга чейин) өнүккөн. Түндүк бугу чарбасынын качан жана кайсы жерде пайда болгондугу жөнүндө так маалымат жок. Бугу илгертен эле түрдүүчө пайдаланылган. Сибирдин тундра зонасындагы эл бугуну негизинен эт, тери алуу үчүн, тайгадагы эл унаа катары асыраган. Бугу эти сиӊимдүүлүгү жана даамдуулугу жагынан уй этинен калышпайт; териси – булгаары жана мех өнөр жайынын баалуу сырьёсу. Андан сапаттуу күдөрү, чылгый кайыш, хром ж. б. даярдалат, жылуу кийим жана бут кийим тигилет, тери чатыр, көчмө үйлөр жасалат. Бугу, ошондой эле унаа (чанага чегүү, жүк ташуу, минги) катары түндүктө кеӊири пайдаланылат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:39, 23 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУГУ ЧАРБАСЫ – Четки Түндүктүн мал чарба тармагы. Мында түндүк жана панттык (мүйүзүнөн пант алынуучу) бугулар багылат. Түндүк бугу чарбасы бакма түндүк бугуларын багып көбөйтөт. Азия жана Европанын түндүк кеӊдиктеринде (Чукча жарым аралынан Скандинавияга чейин) өнүккөн. Түндүк бугу чарбасынын качан жана кайсы жерде пайда болгондугу жөнүндө так маалымат жок. Бугу илгертен эле түрдүүчө пайдаланылган. Сибирдин тундра зонасындагы эл бугуну негизинен эт, тери алуу үчүн, тайгадагы эл унаа катары асыраган. Бугу эти сиӊимдүүлүгү жана даамдуулугу жагынан уй этинен калышпайт; териси – булгаары жана мех өнөр жайынын баалуу сырьёсу. Андан сапаттуу күдөрү, чылгый кайыш, хром ж. б. даярдалат, жылуу кийим жана бут кийим тигилет, тери чатыр, көчмө үйлөр жасалат. Бугу, ошондой эле унаа (чанага чегүү, жүк ташуу, минги) катары түндүктө кеӊири пайдаланылат.