ВАЛЮТА КУРCУ –: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВАЛЮ́ТА КУРCУ – ''' ар түрдүү өлкөлөрдүн сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана башка факторлор (''төлөм балансынын'' абалы‚ ''инфляциянын'' деӊгээли‚ кыска мөөнөттүү капиталдардын өлкөлөр аралык миграциясы) менен аныкталуучу акча бирдиктери ортосундагы катыш. Валюта курсуна керектөөчүлүк төмөнкү учурда: ''экспортто'', чет өлкөлүк валютадагы капиталдардын‚ ''кредиттердин‚ кирешелердин'' өлкөгө киришинде чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага алмашуунун зарылдыгы менен шартталган. Валюта курсу алмашма валюталык ''бүтүмдө импортту'' төлөөдө‚ эл аралык ''кредиттерди'' төлөөдө‚ капиталды которууда‚ чет өлкөгө ''пайдаларды'' жана башка акча кирешелерин берүүдө да зарыл. Валюталарды эквиваленттүү алмаштыруу максатында Валюта курсу валютанын чыныгы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө ылайыктуулугун чагылдыруусу керек. Өтүмдүү валюталар үчүн Валюта курсу негизинде валюта паритети жатат. Бирок азыркы учурда Валюта курсу өзгөрмөлүү. Активдүү төлөм балансында ошол өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкөлүк валютанын курсу төмөндөйт‚ ал эми жергиликтүү улуттук валютанын курсу жогорулайт. Пассивдүү төлөм балансында бул процесстер тескерисинче өтөт. Ошондуктан көпчүлүк өлкөлөрдө улуттук валютанын расмий курсу менен катар эркин курс да иштейт. Расмий курс боюнча өлкөнүн ''борбордук банкынын'' ж. б. валюта-финансы мекемелеринин өз ара жана эл аралык уюмдар (МВФ‚ МБРР) менен эсептешүүлөрү жүргүзүлөт. Эркин курс боюнча жеке адамдардын жана тышкы соода жана тышкы экономикалык байланыштардан пайда болгон уюмдардын ортосунда жүргүзүлөт. ММФга мүчө өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан, АКШ ''долларына'' карата өз улуттук валютасынын курсун бекемдешти. | ||
өлкөлүк валютадагы капиталдардын‚ ''кредиттердин‚ кирешелердин'' өлкөгө киришинде чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага алмашуунун зарылдыгы | <br/><center></center> | ||
< | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:30, 23 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВАЛЮ́ТА КУРCУ – ар түрдүү өлкөлөрдүн сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана башка факторлор (төлөм балансынын абалы‚ инфляциянын деӊгээли‚ кыска мөөнөттүү капиталдардын өлкөлөр аралык миграциясы) менен аныкталуучу акча бирдиктери ортосундагы катыш. Валюта курсуна керектөөчүлүк төмөнкү учурда: экспортто, чет өлкөлүк валютадагы капиталдардын‚ кредиттердин‚ кирешелердин өлкөгө киришинде чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага алмашуунун зарылдыгы менен шартталган. Валюта курсу алмашма валюталык бүтүмдө импортту төлөөдө‚ эл аралык кредиттерди төлөөдө‚ капиталды которууда‚ чет өлкөгө пайдаларды жана башка акча кирешелерин берүүдө да зарыл. Валюталарды эквиваленттүү алмаштыруу максатында Валюта курсу валютанын чыныгы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө ылайыктуулугун чагылдыруусу керек. Өтүмдүү валюталар үчүн Валюта курсу негизинде валюта паритети жатат. Бирок азыркы учурда Валюта курсу өзгөрмөлүү. Активдүү төлөм балансында ошол өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкөлүк валютанын курсу төмөндөйт‚ ал эми жергиликтүү улуттук валютанын курсу жогорулайт. Пассивдүү төлөм балансында бул процесстер тескерисинче өтөт. Ошондуктан көпчүлүк өлкөлөрдө улуттук валютанын расмий курсу менен катар эркин курс да иштейт. Расмий курс боюнча өлкөнүн борбордук банкынын ж. б. валюта-финансы мекемелеринин өз ара жана эл аралык уюмдар (МВФ‚ МБРР) менен эсептешүүлөрү жүргүзүлөт. Эркин курс боюнча жеке адамдардын жана тышкы соода жана тышкы экономикалык байланыштардан пайда болгон уюмдардын ортосунда жүргүзүлөт. ММФга мүчө өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан, АКШ долларына карата өз улуттук валютасынын курсун бекемдешти.