ВАНАДИЙ КЕНТАШТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАНА&#769;ДИЙ КЕНТАШТАРЫ''' – курамында казып ж-а бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө ванадий металлы бар минералдардын табияттагы чогундусу. В. к-нын негизги минералдары: ванадинит (курамында V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>–11–19%), деклуазит (16–23%), кульсонит (15%ке чейин), карнотит (16–21%), роскоэлит (21–29%), патронит (9–29%). В. к-нын курамында ванадийден башка өнөр жайлык маанидеги минералдары болуп титаномагнетит м-н магнетит эсептелет. Алардагы V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>–0,1–4,9%. В. к-нын курамында ванадийден башка Fe, Ti, Pb, Zn, Cu, Mo, Al ж. б. да болот. В. к-нын кендери эндогендик ж-а экзогендик болуп бөлүнөт. Э н д о г е н кендери ультранегиздүү, жегичтүү тоо тектер м-н байланыштуу болуп, магма, метасоматоз ж-а гидротерм процесстердин натыйжасында пайда болот. Алар ванадийге анча бай эмес (V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>–0,1–1%), бирок запасы мол. Э к з о г е н кендери коргошун- цинк ж-а жез кенташтарынын кычкылдануу зонасында (V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>–2–10%), ванадийлүү фосфоритте (0,1–1%), ванадийлүү нефтиде (5–58%), асфальтитте (50%ке чейин), титан магнетиттүү кен чачындысында (0,3%) ж. б. кезигет. Алар оолиттүү күрөӊ темир кенташтарында (V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>– 0,07–0,4%), көмүртек-кремнийлүү сланецтерде (0,2–1,5%), бокситтерде (0,02–0,04%), көмүрлүү ж-а күйүүчү сланецтердин күлүндө (0,2%), океан түбүндөгү темир-марганец конкрецияларында (0,1%) да болот. Булардын курамында V<sub>2</sub>O<sub>5 </sub>аз болгону м-н запасы мол. Запасы 1 млн ''т''дан ашат (Урал-Россия, Түш. Африка Респ-сы), ири кендериники – 10 миӊ т. Дүйнөлүк запасы 60 млн т, анын 90% Россия, Түш. Африка Респ-сы, Венесуэла, АКШ ж-а Кытайда. Кырг-нда В. к. негизинен көмүртек-кремнийлүү сланецтер формациясында кеӊири таралган.  
'''ВАНА&#769;ДИЙ КЕНТАШТАРЫ ''' – курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө ванадий металлы бар минералдардын табияттагы чогундусу. Ванадий кенташтарынын негизги минералдары: ванадинит (курамында V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>–11–19%), деклуазит (16–23%), кульсонит (15%ке чейин), карнотит (16–21%), роскоэлит (21–29%), патронит (9–29%). Ванадий кенташтарынын курамында ванадийден башка өнөр жайлык маанидеги минералдары болуп титаномагнетит менен магнетит эсептелет. Алардагы V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>–0,1–4,9%. Ванадий кенташтарынын курамында ванадийден башка Fe, Ti, Pb, Zn, Cu, Mo, Al ж. б. да болот. Ванадий кенташтарынын кендери эндогендик жана экзогендик болуп бөлүнөт. Э н д о г е н кендери ультранегиздүү, жегичтүү тоо тектер менен байланыштуу болуп, магма, метасоматоз жана гидротерм процесстердин натыйжасында пайда болот. Алар ванадийге анча бай эмес (V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>–0,1–1%), бирок запасы мол. Э к з о г е н кендери коргошун-цинк жана жез кенташтарынын кычкылдануу зонасында (V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>–2–10%), ванадийлүү фосфоритте (0,1–1%), ванадийлүү нефтиде (5–58%), асфальтитте (50%ке чейин), титан магнетиттүү кен чачындысында (0,3%) ж. б. кезигет. Алар оолиттүү күрөӊ темир кенташтарында (V<sub>2</sub>O<sub>5</sub>– 0,07–0,4%), көмүртек-кремнийлүү сланецтерде (0,2–1,5%), бокситтерде (0,02–0,04%), көмүрлүү жана күйүүчү сланецтердин күлүндө (0,2%), океан түбүндөгү темир-марганец конкрецияларында (0,1%) да болот. Булардын курамында V<sub>2</sub>O<sub>5 </sub>аз болгону менен запасы мол. Запасы 1 млн ''т''дан ашат (Урал-Россия, Түштүк Африка Республикасы), ири кендериники – 10 миӊ т. Дүйнөлүк запасы 60 млн т, анын 90% Россия, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, АКШ жана Кытайда. Кыргызстанда Ванадий кенташтары негизинен көмүртек-кремнийлүү сланецтер формациясында кеӊири таралган. <br/>Ад.: ''Борисенко Л. Ф.'' Руды ванадия. М., 1983.<br/>
Ад.: ''Борисенко Л. Ф.'' Руды ванадия. М., 1983.
[[File:ВАНАДИЙ КЕНТАШТАРЫ25.png | thumb | none]]
 
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:24, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАНА́ДИЙ КЕНТАШТАРЫ – курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө ванадий металлы бар минералдардын табияттагы чогундусу. Ванадий кенташтарынын негизги минералдары: ванадинит (курамында V2O5–11–19%), деклуазит (16–23%), кульсонит (15%ке чейин), карнотит (16–21%), роскоэлит (21–29%), патронит (9–29%). Ванадий кенташтарынын курамында ванадийден башка өнөр жайлык маанидеги минералдары болуп титаномагнетит менен магнетит эсептелет. Алардагы V2O5–0,1–4,9%. Ванадий кенташтарынын курамында ванадийден башка Fe, Ti, Pb, Zn, Cu, Mo, Al ж. б. да болот. Ванадий кенташтарынын кендери эндогендик жана экзогендик болуп бөлүнөт. Э н д о г е н кендери ультранегиздүү, жегичтүү тоо тектер менен байланыштуу болуп, магма, метасоматоз жана гидротерм процесстердин натыйжасында пайда болот. Алар ванадийге анча бай эмес (V2O5–0,1–1%), бирок запасы мол. Э к з о г е н кендери коргошун-цинк жана жез кенташтарынын кычкылдануу зонасында (V2O5–2–10%), ванадийлүү фосфоритте (0,1–1%), ванадийлүү нефтиде (5–58%), асфальтитте (50%ке чейин), титан магнетиттүү кен чачындысында (0,3%) ж. б. кезигет. Алар оолиттүү күрөӊ темир кенташтарында (V2O5– 0,07–0,4%), көмүртек-кремнийлүү сланецтерде (0,2–1,5%), бокситтерде (0,02–0,04%), көмүрлүү жана күйүүчү сланецтердин күлүндө (0,2%), океан түбүндөгү темир-марганец конкрецияларында (0,1%) да болот. Булардын курамында V2O5 аз болгону менен запасы мол. Запасы 1 млн тдан ашат (Урал-Россия, Түштүк Африка Республикасы), ири кендериники – 10 миӊ т. Дүйнөлүк запасы 60 млн т, анын 90% Россия, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, АКШ жана Кытайда. Кыргызстанда Ванадий кенташтары негизинен көмүртек-кремнийлүү сланецтер формациясында кеӊири таралган.
Ад.: Борисенко Л. Ф. Руды ванадия. М., 1983.