ВАНДАЛИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАНДАЛ́ИЗМ''' – маданий ж-а материалдык баалуулуктарды максатсыз, түркөйлүк, наадандык м-н талкалап жок кылуу. Өзүнүн агрессивдүүлүгү, ырайымсыздыгы м-н айырмаланган байыркы герман урууларынын тобу – ''вандалдар'' 455-ж. Римди талап-тоноп, көптөгөн антикалык маданий эстеликтерди талкалаган. Ошондон «В.» деген сөз калган. В-ди адамга карата колдонгондо наадандыкты, маданиятсыздыкты, түркөйлүктү, оройлукту билдирет. В. – жазык укугунун маанисинде коомдук адеп-ахлакты одоно бузган (курулуш жайларга, имараттарга уят сөздү жазуу, коомдук транспортту бүлдүрүү ж. б.) аракеттер. В. кылмыш курамы б-ча чоӊ коркунуч келтирбеген кылмыштар жигине кирет.
'''ВАНДАЛИ́ЗМ ''' – маданий жана материалдык баалуулуктарды максатсыз, түркөйлүк, наадандык менен талкалап жок кылуу. Өзүнүн агрессивдүүлүгү, ырайымсыздыгы менен айырмаланган байыркы герман урууларынын тобу – ''вандалдар'' 455-жылы Римди талап-тоноп, көптөгөн антикалык маданий эстеликтерди талкалаган. Ошондон «Вандализм» деген сөз калган. Вандализмди адамга карата колдонгондо наадандыкты, маданиятсыздыкты, түркөйлүктү, оройлукту билдирет. Вандализм – жазык укугунун маанисинде коомдук адеп-ахлакты одоно бузган (курулуш жайларга, имараттарга уят сөздү жазуу, коомдук транспортту бүлдүрүү ж. б.) аракеттер. Вандализм кылмыш курамы боюнча чоӊ коркунуч келтирбеген кылмыштар жигине кирет.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:30, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАНДАЛИ́ЗМ – маданий жана материалдык баалуулуктарды максатсыз, түркөйлүк, наадандык менен талкалап жок кылуу. Өзүнүн агрессивдүүлүгү, ырайымсыздыгы менен айырмаланган байыркы герман урууларынын тобу – вандалдар 455-жылы Римди талап-тоноп, көптөгөн антикалык маданий эстеликтерди талкалаган. Ошондон «Вандализм» деген сөз калган. Вандализмди адамга карата колдонгондо наадандыкты, маданиятсыздыкты, түркөйлүктү, оройлукту билдирет. Вандализм – жазык укугунун маанисинде коомдук адеп-ахлакты одоно бузган (курулуш жайларга, имараттарга уят сөздү жазуу, коомдук транспортту бүлдүрүү ж. б.) аракеттер. Вандализм кылмыш курамы боюнча чоӊ коркунуч келтирбеген кылмыштар жигине кирет.