ВАРШАВА КЕЛИШИМИ (1955): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВАРША́ВА КЕЛИШИМИ (1955) ''' – Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы (ГДР), Польша, Румыния, СССР жана Чехословакиянын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишим. Европада тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Европа мамлекеттеринин Варшава кеӊешмесинде 14-майда кол коюлган. Варшава келишиминин негизинде ''Варшава келишим уюму'' түзүлгөн. Албания 1962-жылдан Варшава келишиминин ишине катышпай, 1968-жылы сентябрда андан кол үзгөн. ''Париж макулдашууларынын (1954)'' ратификацияланышынан кийин Варшава келишими 1955-жылы Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы согуштук союздун түзүлүшүнө алып келген. Бул келишим социалисттик өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, Европада тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн. БУУнун Уставына ылайык Варшава келишимине кол койгон тараптар эл аралык мамилелерде күч колдонуудан баш тартууга, массалык кыргын салуучу ж. б. куралдарды кыскартуу үчүн натыйжалуу чараларды жүргүзүүдө чечимдерди чогуу кабыл алууга, жалпы кызыкчылыктарды камтыган бардык маселелер боюнча консультация өткөрүүгө, анын ичинде келишимдин бир же бир нече катышуучусуна куралдуу кол салуу коркунучу пайда болсо, өз ара жардамдашууга, Варшава келишимине каршы максатта түзүлгөн кандай гана уюм же союз болбосун, ага катышпоого милдеттенишкен. Келишимдин мөөнөтү – 20 жыл, эгер бул мөөнөт бүткөнгө чейин бир жыл калганча тигил же бул өлкө келишимди денонсациялоо тууралуу Польша өкмөтүнө билдирбесе, мөөнөт өзүнөн өзү 10 жылга узарат. Өз ара пикир алмашууга жана келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карап туруу үчүн саясий консультациялык комиссия, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн бириккен командованиеси (жайгашкан жери – Москва шаары) түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Варшава келишими ага кирген мамлекеттер тарабынан 1985-жылы 26-апрелде дагы 20 жылга узартылган. Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) менен бириккендигине байланыштуу ГДР 1990-жылы 24-сентябрда Варшава келишиминен чыккан. Болгария, Польша, Венгрия, Румыния, СССР жана Чехословакия Варшава келишими күчүн жоготкондугу тууралуу токтомго 1991-жылы 1-июлда Прага шаарында кол коюшкан. | ||
Ад.: Варшавский договор: история и современность. М., 1990; ''Грибков А. И''. Судьба Варшавского договора. М., 1998. | |||
<br />Ад.: Варшавский договор: история и современность. М., 1990; ''Грибков А. И''. Судьба Варшавского договора. М., 1998. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:44, 27 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВАРША́ВА КЕЛИШИМИ (1955) – Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы (ГДР), Польша, Румыния, СССР жана Чехословакиянын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишим. Европада тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Европа мамлекеттеринин Варшава кеӊешмесинде 14-майда кол коюлган. Варшава келишиминин негизинде Варшава келишим уюму түзүлгөн. Албания 1962-жылдан Варшава келишиминин ишине катышпай, 1968-жылы сентябрда андан кол үзгөн. Париж макулдашууларынын (1954) ратификацияланышынан кийин Варшава келишими 1955-жылы Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы согуштук союздун түзүлүшүнө алып келген. Бул келишим социалисттик өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, Европада тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн. БУУнун Уставына ылайык Варшава келишимине кол койгон тараптар эл аралык мамилелерде күч колдонуудан баш тартууга, массалык кыргын салуучу ж. б. куралдарды кыскартуу үчүн натыйжалуу чараларды жүргүзүүдө чечимдерди чогуу кабыл алууга, жалпы кызыкчылыктарды камтыган бардык маселелер боюнча консультация өткөрүүгө, анын ичинде келишимдин бир же бир нече катышуучусуна куралдуу кол салуу коркунучу пайда болсо, өз ара жардамдашууга, Варшава келишимине каршы максатта түзүлгөн кандай гана уюм же союз болбосун, ага катышпоого милдеттенишкен. Келишимдин мөөнөтү – 20 жыл, эгер бул мөөнөт бүткөнгө чейин бир жыл калганча тигил же бул өлкө келишимди денонсациялоо тууралуу Польша өкмөтүнө билдирбесе, мөөнөт өзүнөн өзү 10 жылга узарат. Өз ара пикир алмашууга жана келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карап туруу үчүн саясий консультациялык комиссия, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн бириккен командованиеси (жайгашкан жери – Москва шаары) түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Варшава келишими ага кирген мамлекеттер тарабынан 1985-жылы 26-апрелде дагы 20 жылга узартылган. Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) менен бириккендигине байланыштуу ГДР 1990-жылы 24-сентябрда Варшава келишиминен чыккан. Болгария, Польша, Венгрия, Румыния, СССР жана Чехословакия Варшава келишими күчүн жоготкондугу тууралуу токтомго 1991-жылы 1-июлда Прага шаарында кол коюшкан.
Ад.: Варшавский договор: история и современность. М., 1990; Грибков А. И. Судьба Варшавского договора. М., 1998.