ВАСИЛИЙ ШУЙСКИЙ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВАСИ́ЛИЙ ШУ́ЙСКИЙ, ''' В а с и л и й И в а н о в и ч Ш у й с к и й (1552–22. 9. 1612, Речь Посполита, Гостынин) – орус падышасы (1606–10). Суздалдык княздар тукумунан. 1584-жылдан бояр. Борис Годуновго каршы күрөшкө катышып, жазаланган. ''Жалган Дмитрий I'' тактыдан кулаганда Василий Шуйский падыша деп жарыяланган. Бул боярлар менен дворяндар ортосундагы каршылыкты күчөтүп, 17-кылымдын башындагы дыйкандар согушунун курчушуна алып келген. 1607-жылы октябрда Василий Шуйскийдин өкмөтү Болотников башында болгон дыйкандар согушун араӊ баскан. Василий Шуйскийдин өкмөтү 1607-жылы августта кайрадан башталган поляк интервенциясына каршы күрөш уюштура албаган. Буга калктын калыӊ катмары гана эмес, дворяндар да нааразы болгон. 1610-жылы 17-июлда Василий Шуйский тактан түшүрүлүп, зордук менен кечил (монах) болгон жана Гостынинде сепилде камакта өлгөн. | ||
Ад.: ''Абрамович Г. В.'' Князья Шуйские и российский трон. Л., 1991; ''Платонов С. Ф''. Очерки по истории смуты в Московском государстве XVI– XVII вв. 5-е изд. М., 1995. ''Флоря Б. Н.'' Польско-литовская интервенция в России и русское общество. М., 2005. | |||
<br />Ад.: ''Абрамович Г. В.'' Князья Шуйские и российский трон. Л., 1991; ''Платонов С. Ф''. Очерки по истории смуты в Московском государстве XVI– XVII вв. 5-е изд. М., 1995. ''Флоря Б. Н.'' Польско-литовская интервенция в России и русское общество. М., 2005. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:55, 27 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВАСИ́ЛИЙ ШУ́ЙСКИЙ, В а с и л и й И в а н о в и ч Ш у й с к и й (1552–22. 9. 1612, Речь Посполита, Гостынин) – орус падышасы (1606–10). Суздалдык княздар тукумунан. 1584-жылдан бояр. Борис Годуновго каршы күрөшкө катышып, жазаланган. Жалган Дмитрий I тактыдан кулаганда Василий Шуйский падыша деп жарыяланган. Бул боярлар менен дворяндар ортосундагы каршылыкты күчөтүп, 17-кылымдын башындагы дыйкандар согушунун курчушуна алып келген. 1607-жылы октябрда Василий Шуйскийдин өкмөтү Болотников башында болгон дыйкандар согушун араӊ баскан. Василий Шуйскийдин өкмөтү 1607-жылы августта кайрадан башталган поляк интервенциясына каршы күрөш уюштура албаган. Буга калктын калыӊ катмары гана эмес, дворяндар да нааразы болгон. 1610-жылы 17-июлда Василий Шуйский тактан түшүрүлүп, зордук менен кечил (монах) болгон жана Гостынинде сепилде камакта өлгөн.
Ад.: Абрамович Г. В. Князья Шуйские и российский трон. Л., 1991; Платонов С. Ф. Очерки по истории смуты в Московском государстве XVI– XVII вв. 5-е изд. М., 1995. Флоря Б. Н. Польско-литовская интервенция в России и русское общество. М., 2005.