ВАХХАБЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАХХАБЧЫЛЫК, ''' в а х х а б и з м – суннизмдеги диний саясий агым. Аравияда 17-кылымдын орто ченинде диний үгүтчү Мухаммед ибн Абдаль-Вахаб (1703–87) тарабынан негизделген. Анын окуусунун өзөгү бирден-бир жараткан – Кудай жалгыз өзү деген түшүнүк. Алла гана жаратуунун булагы, ошондуктан бир Кудайдын өзү гана таазим кылууга, сыйынууга татыктуу, бирок мусулмандар жаӊылык киргизебиз деп, ар кайсы ыйыктарга ибадат-таат кыла беришип, бул негизден четтеп кетишкен деп эсептешкен. Ваххабчылыктын тарапкерлери исламды алардан тазалоо зарылдыгын жана анын абалкы тазалыгын кайра киргизүүнүн өзгөчө зарураттыгын максат кылып койгон. Ваххабизм – ар кайсы ыйыктардын касиеттүүлүгүнө сыйынууну токтотууну көздөгөн агым. Коомдук саясий чөйрөдө социалдык шайкештикти орнотууга, бардык мусулмандарды тууганчылыкка, биримдикке үндөйт. Алар өз тарапкерлерин исламдын тириликтеги адеп-ахлак негиздерин сактоо менен байлыкка ыгы жок чөмүлүүчүлүккө, ач көздүккө, зыкымдыкка ж. б. терс жоруктарга каршы үндөө менен чыгышкан; көп кудайга ишенүүчүлүккө, исламдын алгачкы негиздеринен тайгандарга каршы күрөш (жихад) жарыялашкан. Ваххабчылар бир катар араб урууларындагы шайыктардын колдоосуна ээ болушкан. 19-кылымдын башында Неж шаарында ваххабчылардын мамлекети пайда болот. Ирак менен Сирияга чабуул жасашып, Меке менен Мединаны каратышат. 1924-жылы Батыш Аравияны басып алышы менен ваххабилердин ири мамлекети – Сауд Аравиясы пайда болду. Ваххабчылык кийин Индияга, Индонезияга, Чыгыш жана Түндүк Африкага тарап кеткен. Учурда Ваххабчылык – Сауд Аравиясынын расмий идеологиясы. Бир катар араб өлкөлөрүндө Ваххабчылыктын жолун жолдоочулар бар. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:37, 28 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВАХХАБЧЫЛЫК, в а х х а б и з м – суннизмдеги диний саясий агым. Аравияда 17-кылымдын орто ченинде диний үгүтчү Мухаммед ибн Абдаль-Вахаб (1703–87) тарабынан негизделген. Анын окуусунун өзөгү бирден-бир жараткан – Кудай жалгыз өзү деген түшүнүк. Алла гана жаратуунун булагы, ошондуктан бир Кудайдын өзү гана таазим кылууга, сыйынууга татыктуу, бирок мусулмандар жаӊылык киргизебиз деп, ар кайсы ыйыктарга ибадат-таат кыла беришип, бул негизден четтеп кетишкен деп эсептешкен. Ваххабчылыктын тарапкерлери исламды алардан тазалоо зарылдыгын жана анын абалкы тазалыгын кайра киргизүүнүн өзгөчө зарураттыгын максат кылып койгон. Ваххабизм – ар кайсы ыйыктардын касиеттүүлүгүнө сыйынууну токтотууну көздөгөн агым. Коомдук саясий чөйрөдө социалдык шайкештикти орнотууга, бардык мусулмандарды тууганчылыкка, биримдикке үндөйт. Алар өз тарапкерлерин исламдын тириликтеги адеп-ахлак негиздерин сактоо менен байлыкка ыгы жок чөмүлүүчүлүккө, ач көздүккө, зыкымдыкка ж. б. терс жоруктарга каршы үндөө менен чыгышкан; көп кудайга ишенүүчүлүккө, исламдын алгачкы негиздеринен тайгандарга каршы күрөш (жихад) жарыялашкан. Ваххабчылар бир катар араб урууларындагы шайыктардын колдоосуна ээ болушкан. 19-кылымдын башында Неж шаарында ваххабчылардын мамлекети пайда болот. Ирак менен Сирияга чабуул жасашып, Меке менен Мединаны каратышат. 1924-жылы Батыш Аравияны басып алышы менен ваххабилердин ири мамлекети – Сауд Аравиясы пайда болду. Ваххабчылык кийин Индияга, Индонезияга, Чыгыш жана Түндүк Африкага тарап кеткен. Учурда Ваххабчылык – Сауд Аравиясынын расмий идеологиясы. Бир катар араб өлкөлөрүндө Ваххабчылыктын жолун жолдоочулар бар.