ВАШИНГТОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1921–22): нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ВАШИНГТОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1921–22 to ВАШИНГТОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1921–22)) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВА́ШИНГТОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1921–22''' ) – 1-дүйнөлүк согуштан кийинки | '''ВА́ШИНГТОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1921–22''' ) – 1-дүйнөлүк согуштан кийинки Ыраакы Чыгыштагы күчтөрдүн өз ара катнашын белгилеген конференция. АКШнын демилгеси менен 1921-жылы 12-ноябрдан 1922-жылы 6-февралга чейин Вашингтондо өткөн. Вашингтон конференциясына АКШ, Улуу Британия, Кытай, Япония, Франция, Италия, Нидерланд, Бельгия жана Португалия мамлекеттери катышкан. Конференцияда ''Париж тынчтык конференциясынан (1919–20)'' кийинки талаш суроолорду чечүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлган. Вашингтон конференциясында кабыл алынган документтер: Т ө р т д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и (АКШ, Улуу Британия, Франция жана Япония) Тынч океандагы аралдардагы ээликтер жана конфликттүү кырдаалдарда өз ара макулдашылган чечимдерди кабыл алуу тууралуу; ага 1921-жылы 13-декабрда кол коюлган. Б е ш д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и н д е (АКШ, Улуу Британия, Япония, Франция жана Италия) деӊиз куралдуу күчтөрүн чектөө маселеси каралган. Келишимге 1922-жылы 6-февралда кол коюлган. Келишим биринчи кезекте АКШ, Япония жана Улуу Британиянын кызыкчылыктарына жооп берген; ага кол койгон державалар 10 жылга ири кемелерди (линкорлорду) курууга мораторий жарыялаган жана бул класстагы кемелердин өз ара катышын (5:5:3:1, 75:1,75 ) аныктаган. Т о г у з д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и (АКШ, Улуу Британия, Франция, Япония, Италия, Бельгия, Нидерланд, Португалия жана Кытай). Буга 1922-жылы 6-февралда кол коюлган. Өлкөлөр «ачык эшик» принцибин сактоо менен (к. «Ачык эшик» доктринасы) Кытайдын суверенитетин урматтоо, аймактык жана административдик жактан кол тийбестигин сактоо тууралуу макулдашышкан. Вашингтон конференциясын өткөрүүнүн демилгечиси катары чыгуу менен АКШ державалардын Тынч океан аймагында макулдашылган саясат жүргүзүүсүнө жетишип, Япониянын Кытайдагы таасирин төмөндөтүүгө жана Кытайды эксплуатациялоодо АКШнын ролун жогорулатууга, ошондой эле биринчи орунда турган Улуу Британиянын аскер-деӊиз күчүн чектөөгө умтулган. Конференциянын катышуучуларынын алдындагы маанилүү маселелердин бири – аймактагы революциялык жана улуттук-боштондук күрөштү болтурбоо болгон. Ошондуктан, Вашингтон конференциясына Советтик Россия чакырылган эмес, ал эми өз демилгеси менен келген Ыраакы Чыгыш Республикасынын делегациясы конференцияга киргизилген эмес. Вашингтон конференциясында кабыл алынган чечимдер ''Версаль тынчтык келишимин (1919)'' толуктап, ''Версаль-Вашингтон системасынын'' маанилүү бөлүгүн түзгөн. Бирок, Вашингтон конференциясында жетишилген теӊ салмактуулук абал узакка созулган эмес. Конференция аяктары менен Япония анда кабыл алынган чечимдерди кайрадан карап чыгуу саясатын баштаган жана 1931-жылы анын Кытайга кол салышы менен конференциянын чечимдери күчүн жоготкон. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:26, 28 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВА́ШИНГТОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1921–22 ) – 1-дүйнөлүк согуштан кийинки Ыраакы Чыгыштагы күчтөрдүн өз ара катнашын белгилеген конференция. АКШнын демилгеси менен 1921-жылы 12-ноябрдан 1922-жылы 6-февралга чейин Вашингтондо өткөн. Вашингтон конференциясына АКШ, Улуу Британия, Кытай, Япония, Франция, Италия, Нидерланд, Бельгия жана Португалия мамлекеттери катышкан. Конференцияда Париж тынчтык конференциясынан (1919–20) кийинки талаш суроолорду чечүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлган. Вашингтон конференциясында кабыл алынган документтер: Т ө р т д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и (АКШ, Улуу Британия, Франция жана Япония) Тынч океандагы аралдардагы ээликтер жана конфликттүү кырдаалдарда өз ара макулдашылган чечимдерди кабыл алуу тууралуу; ага 1921-жылы 13-декабрда кол коюлган. Б е ш д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и н д е (АКШ, Улуу Британия, Япония, Франция жана Италия) деӊиз куралдуу күчтөрүн чектөө маселеси каралган. Келишимге 1922-жылы 6-февралда кол коюлган. Келишим биринчи кезекте АКШ, Япония жана Улуу Британиянын кызыкчылыктарына жооп берген; ага кол койгон державалар 10 жылга ири кемелерди (линкорлорду) курууга мораторий жарыялаган жана бул класстагы кемелердин өз ара катышын (5:5:3:1, 75:1,75 ) аныктаган. Т о г у з д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и (АКШ, Улуу Британия, Франция, Япония, Италия, Бельгия, Нидерланд, Португалия жана Кытай). Буга 1922-жылы 6-февралда кол коюлган. Өлкөлөр «ачык эшик» принцибин сактоо менен (к. «Ачык эшик» доктринасы) Кытайдын суверенитетин урматтоо, аймактык жана административдик жактан кол тийбестигин сактоо тууралуу макулдашышкан. Вашингтон конференциясын өткөрүүнүн демилгечиси катары чыгуу менен АКШ державалардын Тынч океан аймагында макулдашылган саясат жүргүзүүсүнө жетишип, Япониянын Кытайдагы таасирин төмөндөтүүгө жана Кытайды эксплуатациялоодо АКШнын ролун жогорулатууга, ошондой эле биринчи орунда турган Улуу Британиянын аскер-деӊиз күчүн чектөөгө умтулган. Конференциянын катышуучуларынын алдындагы маанилүү маселелердин бири – аймактагы революциялык жана улуттук-боштондук күрөштү болтурбоо болгон. Ошондуктан, Вашингтон конференциясына Советтик Россия чакырылган эмес, ал эми өз демилгеси менен келген Ыраакы Чыгыш Республикасынын делегациясы конференцияга киргизилген эмес. Вашингтон конференциясында кабыл алынган чечимдер Версаль тынчтык келишимин (1919) толуктап, Версаль-Вашингтон системасынын маанилүү бөлүгүн түзгөн. Бирок, Вашингтон конференциясында жетишилген теӊ салмактуулук абал узакка созулган эмес. Конференция аяктары менен Япония анда кабыл алынган чечимдерди кайрадан карап чыгуу саясатын баштаган жана 1931-жылы анын Кытайга кол салышы менен конференциянын чечимдери күчүн жоготкон.