БАРГЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАРГЫ ''' – кыргыз уруусунун аталышы. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Санжыралык уламыштарда бул уруу оӊ канаттагы адигине уруулук бирикмесинин негиздөөчүсү Адигиненин беш уулунун биринен тараган деп эсептелинет (к. ''Адигине-Тагай)''. Илимий иликтөөлөрдө Баргы уруусунун түпкү теги | '''БАРГЫ ''' – кыргыз уруусунун аталышы. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Санжыралык уламыштарда бул уруу оӊ канаттагы адигине уруулук бирикмесинин негиздөөчүсү Адигиненин беш уулунун биринен тараган деп эсептелинет (к. ''Адигине-Тагай)''. Илимий иликтөөлөрдө Баргы уруусунун түпкү теги X–XII кылымдарда Түштүк Сибирь аймактарын жердеген «баргу» («баргут») уруусунун аталыштары менен окшоштурулат. Рашид Ат-Диндин маалыматтары боюнча орто кылымдарда кыргыздарга жакын жайгашкан ''Баргужинтокум'' деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашаган. XV–XVI кылымдарда Моголстанда (Тянь-Шань) жашаган уруулардын бири катары баркы (баргы) уруусу Мухаммед Хайдар Мырзанын эмгегинде эскерилет. Кыргыз элинин курамындагы Баргы уруусунун этногенези жогоруда аталган уруулар менен байланышта болушу мүмкүн. Баргы уруусу ич ара бир канча ири уруктарга бөлүнөт. Аларга сары баргы, сарай, тооке, савай, бөкей, бакал, ардай, мөнөк жана башкалар кирет. Жалпысынан он эки аталуу Баргы деп аталат. Уруунун өкүлдөрүнүн басымдуу көпчүлүктөрү Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында жашашат. Алардын майда топтору Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жана кытайлык кыргыздардын арасында кездешет. <br/>''Р. Жолдошов''. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
05:11, 14 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы
БАРГЫ – кыргыз уруусунун аталышы. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Санжыралык уламыштарда бул уруу оӊ канаттагы адигине уруулук бирикмесинин негиздөөчүсү Адигиненин беш уулунун биринен тараган деп эсептелинет (к. Адигине-Тагай). Илимий иликтөөлөрдө Баргы уруусунун түпкү теги X–XII кылымдарда Түштүк Сибирь аймактарын жердеген «баргу» («баргут») уруусунун аталыштары менен окшоштурулат. Рашид Ат-Диндин маалыматтары боюнча орто кылымдарда кыргыздарга жакын жайгашкан Баргужинтокум деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашаган. XV–XVI кылымдарда Моголстанда (Тянь-Шань) жашаган уруулардын бири катары баркы (баргы) уруусу Мухаммед Хайдар Мырзанын эмгегинде эскерилет. Кыргыз элинин курамындагы Баргы уруусунун этногенези жогоруда аталган уруулар менен байланышта болушу мүмкүн. Баргы уруусу ич ара бир канча ири уруктарга бөлүнөт. Аларга сары баргы, сарай, тооке, савай, бөкей, бакал, ардай, мөнөк жана башкалар кирет. Жалпысынан он эки аталуу Баргы деп аталат. Уруунун өкүлдөрүнүн басымдуу көпчүлүктөрү Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында жашашат. Алардын майда топтору Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жана кытайлык кыргыздардын арасында кездешет.
Р. Жолдошов.