БИОМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОМЕТРИЯ ''' (''био...'' ж-а .....''метрия'') – колдонмо математиканын биологиялык маалыматтарды сандык анализ жасоочу бөлүмү. | '''БИОМЕТРИЯ ''' (''био...'' ж-а .....''метрия'') – колдонмо математиканын биологиялык маалыматтарды сандык анализ жасоочу бөлүмү. Биометрияда математикалык статистиканын ыкмалары, негизинен баяндоо статистикасы колдонулуп, параметрлерди баалоо жана гипотезаны текшерүү, регрессиялык жана дисперсиялык анализ жасалат. «Биометрия» термини көбүнчө «биологиялык маалыматтарды анализдөөдө математикалык статистиканы колдонуу» деген менен бирдей мааниде колдонулат. «Биометрия» 19-кылымдын аягында англиялык окумуштуу Ф. Гальтон ж. б. окумуштуулар антропометрияда корреляцияны эсептөө ыкмасын, кээ бир биологиялык обьектилердин таралуу тыгыздыгы жөнүндө саноо ыкмаларын иштеп чыккандан кийин калыптана баштаган. 1920–30-жылдарда бир катар окумуштуулар табигый тандалуунун бир катар моделин биометриялык ыкманы колдонуу менен аларды генетикалык изилдөө жүргүзгөн. Кийинчерээк, биометриялык ыкмалар генетикада гана эмес, систематикада, популяциялык биологияда, экологияда, биологияда, табият таанууда ж. б. биологиялык жана аралаш илимдерде кеңири колдонулууда. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
05:51, 14 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы
БИОМЕТРИЯ (био... ж-а .....метрия) – колдонмо математиканын биологиялык маалыматтарды сандык анализ жасоочу бөлүмү. Биометрияда математикалык статистиканын ыкмалары, негизинен баяндоо статистикасы колдонулуп, параметрлерди баалоо жана гипотезаны текшерүү, регрессиялык жана дисперсиялык анализ жасалат. «Биометрия» термини көбүнчө «биологиялык маалыматтарды анализдөөдө математикалык статистиканы колдонуу» деген менен бирдей мааниде колдонулат. «Биометрия» 19-кылымдын аягында англиялык окумуштуу Ф. Гальтон ж. б. окумуштуулар антропометрияда корреляцияны эсептөө ыкмасын, кээ бир биологиялык обьектилердин таралуу тыгыздыгы жөнүндө саноо ыкмаларын иштеп чыккандан кийин калыптана баштаган. 1920–30-жылдарда бир катар окумуштуулар табигый тандалуунун бир катар моделин биометриялык ыкманы колдонуу менен аларды генетикалык изилдөө жүргүзгөн. Кийинчерээк, биометриялык ыкмалар генетикада гана эмес, систематикада, популяциялык биологияда, экологияда, биологияда, табият таанууда ж. б. биологиялык жана аралаш илимдерде кеңири колдонулууда.