БАРОКУХ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАРОКУХ ''' – тарыхый топоним, Ош ш-нын аймагындагы Сулайман тоосунун мурунку аты. Ал ад-тта 14-к-дын башынан белгилүү. Адегенде (1303-ж.) кашкарлык тарыхчы Жемал Карши «Барака» формасында эскерет. Захиреддин Бабур өзүнүн китебинде Б.– тоо, Ош чебинин түш.-чыгышында жайгашкандыгы, тоонун үстүндө эки чакан хужра («таш үй») тургандыгы, анын ылдыйкысын 1496–97-ж. өзү курдургандыгы, тоодон табылган өтө кооз таштан бычакка сап, курга каӊылтыр ж. б. буюмдар жасалары; тоодон чоӊ булак агып түшкөндүгү ж. б. ж-дө жазат. Б. фарс, тажик тилдеринде – «Сонун тоо» (баррок – сулуу, көркөм, сонун, кооз; кух – тоо маанисинде). Кийин бул энчилүү ат унутулуп, тоо бара-бара ''Сулайман тоосу'' аталып калган.
'''БАРОКУХ ''' – тарыхый топоним, Ош шаарынын аймагындагы Сулайман тоосунун мурунку аты. Ал адабиятта XIV кылымдын башынан белгилүү. Адегенде (1303-жыл) кашкарлык тарыхчы Жемал Карши «Барака» формасында эскерет. Захиреддин Бабур өзүнүн китебинде Барокух– тоо, Ош чебинин түштүк-чыгышында жайгашкандыгы, тоонун үстүндө эки чакан хужра («таш үй») тургандыгы, анын ылдыйкысын 1496–1997-жылдары өзү курдургандыгы, тоодон табылган өтө кооз таштан бычакка сап, курга каӊылтыр жана башка буюмдар жасалары; тоодон чоӊ булак агып түшкөндүгү жана башкалар жөнүндө жазат. Барокух фарс, тажик тилдеринде – «Сонун тоо» (баррок – сулуу, көркөм, сонун, кооз; кух – тоо маанисинде). Кийин бул энчилүү ат унутулуп, тоо бара-бара ''Сулайман тоосу'' аталып калган.<br/>''С. Өмүрзаков.''
<br/>''С. Өмүрзаков.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:00, 19 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

БАРОКУХ – тарыхый топоним, Ош шаарынын аймагындагы Сулайман тоосунун мурунку аты. Ал адабиятта XIV кылымдын башынан белгилүү. Адегенде (1303-жыл) кашкарлык тарыхчы Жемал Карши «Барака» формасында эскерет. Захиреддин Бабур өзүнүн китебинде Барокух– тоо, Ош чебинин түштүк-чыгышында жайгашкандыгы, тоонун үстүндө эки чакан хужра («таш үй») тургандыгы, анын ылдыйкысын 1496–1997-жылдары өзү курдургандыгы, тоодон табылган өтө кооз таштан бычакка сап, курга каӊылтыр жана башка буюмдар жасалары; тоодон чоӊ булак агып түшкөндүгү жана башкалар жөнүндө жазат. Барокух фарс, тажик тилдеринде – «Сонун тоо» (баррок – сулуу, көркөм, сонун, кооз; кух – тоо маанисинде). Кийин бул энчилүү ат унутулуп, тоо бара-бара Сулайман тоосу аталып калган.
С. Өмүрзаков.