БАРСКАН шаары: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАРСКАН''' , Б а р с х а н – о. кылымдагы (8–13-к.) шаар. Ысык-Көлдүн түш.-чыгышынан орун алган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш м-н Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид ж-а кидан мамлекеттеринин саясий, экон. ж-а маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. Б. шаары тууралуу алгачкы маалымат 9-к-да жашап өткөн Ибн Хордадбектин эмгектеринде кездешет. Анда Чыгыш ж-а Батыш Түркстанды байланыштырган соода жолунун боюндагы шаарлар, калктуу пункттарды толук атап, Тараз ш-на жакын жердеги Төмөнкү Б., ал эми Ысык-Көлдүн тескейинде Жогорку Б. калаасы жайгашкандыгы айтылат. 10-к-да өмүр сүргөн араб географы Ибн Жафардын Б. шаары төрт ири, беш чакан эл жашоочу пункттардан турган деген маалыматы да бар. Махмуд Гардизинин (11-к.) ж-а дагы бир автору белгисиз тарыхый булактарда шаар карлуктардын ордосу болгондугу тууралуу айтылат. Анын бийлөөчүсү Манака, айрым маалыматтар б-ча Тегин Барскан деп да аталган. Шаар башкаруучу карлуктардан чыкканы м-н карапайым тогуз огуздарга да колдоо көрсөтүп турган. Жазма даректер б-ча шаардын гүлдөгөн мезгили 10–12-к. аралыгы болгон. Ошол мезгилде шаар Улуу жибек жолунун боюндагы ири соода борборуна айланган. Анда 3000дей түтүн эл жашаган. Б-да туулган улуу түрк окумуштуусу ''Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк''» эмгегиндеги дүйнөнүн тегерек картасына Б. шаарын да түшүргөн. Шаар монголдордун жапырыгынан талкаланган.  
'''БАРСКАН''', Б а р с х а н – орто кылымдагы (VIII–XIII кылымдар) калктуу шаарлардын бири. Барскан шаары тууралуу маалыматтар ''Ибн Хордадбек'', ''Кудама'', ''Гардизи'', ''Махмуд Кашгари'' жана башка эмгектеринде кезигет. Ибн Хордадбех Барскан менен ''Тибетти'' (ат-Туббат) катарлаш Чыгыштын (ал-Машрик) орто ченине жайгаштырган. Абу-л-Фараж Кудаманын «Китаб ал-хараж» деген эмгегинде «Үстүңкү» (Өйдөкү) жана «Астыңкы» (Төмөнкү) деген эки Барскан тууралуу эскерилет. «Үстүңкү Барскан» айланасын тоолор курчаган көлдүн жээгинде жайгашкан өзүнчө ээлик экенин, алардын аскеринин саны 20 миңге жетерин жана ал шаарда жашаган «түрктөр» өтө баатыр болуп, алардын он жоокери жүз ''карлукка'' татый турганын белгилейт. Ал ээликте 4 чоң жана 5 чакан шаарча болгон. Кудама мындан тышкары «Астыңкы» Барскан Тараз шаарына жакын жерде болгонун көрсөтөт. Ал эми автору белгисиз ''Худуд-ал-Алам'' аттуу эмгекте ''чигилдер'' менен ''тогуз огуздар'' (Toghuzghuz) мекендеген жердин ортосунда Ысык-Көл деген көл болуп, Барскан шаары ошол көлдүн жээгинен орун алган. Гардизи боюнча Ысык-Көлдүн аяк-башы 7 күндүк жол болуп, Тоңдон (Tung) Барсканга чейин үч күндө жеткен. Автор ал шаардын аталышын ''Александр Македонский'' тарабынан көчүрүлүп келген ''перс'' (фарс, барс) улутуна байланыштырган. Барскандын башчысы (дихкан) «манак» деген титул алып жүргөн. Махмуд Кашгари Барскан (Barskhan) шаарынын тургундарынын тилиндеги айрым айырмачылыктарды көрсөтүп, шаарды узундугу отуз, туурасы он фарсах келген Ысык-Көлдүн жээгине жайгаштырган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид жана кидан мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. 1940-жылы А. ''Бернштам'' жетектеген археологиялык экспедиция Тоң булуңунан Түпкө чейин жети шаарчаны аныктаган. 
<br/>''Ө. Осмонов.''
 
Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. I. VII—XV вв. Арабские и персидские источники. М.-Л., 1939; Ибн Хордадбех. Книга путей и стран. /Пер. с араб., коммент., исслед., указ. и карты Н. Велихановой. Баку, 1986; Диван Лугат ат-Турк Махмуда ал-Кашгари. /Перевод, предисловие и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005; Бартольд В. В. Отчёт о поездке в Среднюю Азию с научною целью 1893–1894 гг. СПб., 1897; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. В 2-х томах. Т. II. Б., 1998; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003, Т.1.<br />''Ө. Осмонов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:05, 19 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

БАРСКАН, Б а р с х а н – орто кылымдагы (VIII–XIII кылымдар) калктуу шаарлардын бири. Барскан шаары тууралуу маалыматтар Ибн Хордадбек, Кудама, Гардизи, Махмуд Кашгари жана башка эмгектеринде кезигет. Ибн Хордадбех Барскан менен Тибетти (ат-Туббат) катарлаш Чыгыштын (ал-Машрик) орто ченине жайгаштырган. Абу-л-Фараж Кудаманын «Китаб ал-хараж» деген эмгегинде «Үстүңкү» (Өйдөкү) жана «Астыңкы» (Төмөнкү) деген эки Барскан тууралуу эскерилет. «Үстүңкү Барскан» айланасын тоолор курчаган көлдүн жээгинде жайгашкан өзүнчө ээлик экенин, алардын аскеринин саны 20 миңге жетерин жана ал шаарда жашаган «түрктөр» өтө баатыр болуп, алардын он жоокери жүз карлукка татый турганын белгилейт. Ал ээликте 4 чоң жана 5 чакан шаарча болгон. Кудама мындан тышкары «Астыңкы» Барскан Тараз шаарына жакын жерде болгонун көрсөтөт. Ал эми автору белгисиз Худуд-ал-Алам аттуу эмгекте чигилдер менен тогуз огуздар (Toghuzghuz) мекендеген жердин ортосунда Ысык-Көл деген көл болуп, Барскан шаары ошол көлдүн жээгинен орун алган. Гардизи боюнча Ысык-Көлдүн аяк-башы 7 күндүк жол болуп, Тоңдон (Tung) Барсканга чейин үч күндө жеткен. Автор ал шаардын аталышын Александр Македонский тарабынан көчүрүлүп келген перс (фарс, барс) улутуна байланыштырган. Барскандын башчысы (дихкан) «манак» деген титул алып жүргөн. Махмуд Кашгари Барскан (Barskhan) шаарынын тургундарынын тилиндеги айрым айырмачылыктарды көрсөтүп, шаарды узундугу отуз, туурасы он фарсах келген Ысык-Көлдүн жээгине жайгаштырган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид жана кидан мамлекеттеринин саясий, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. 1940-жылы А. Бернштам жетектеген археологиялык экспедиция Тоң булуңунан Түпкө чейин жети шаарчаны аныктаган.

Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. I. VII—XV вв. Арабские и персидские источники. М.-Л., 1939; Ибн Хордадбех. Книга путей и стран. /Пер. с араб., коммент., исслед., указ. и карты Н. Велихановой. Баку, 1986; Диван Лугат ат-Турк Махмуда ал-Кашгари. /Перевод, предисловие и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005; Бартольд В. В. Отчёт о поездке в Среднюю Азию с научною целью 1893–1894 гг. СПб., 1897; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. В 2-х томах. Т. II. Б., 1998; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003, Т.1.
Ө. Осмонов.