БИШКЕК ШААРДЫК ДРАМА ТЕАТРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИШКЕК ШААРДЫК ДРА́МА ТЕАТРЫ ''' А. Ө м ү р а л и е в атн. – менчик театр. Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеӊешинин токтому м-н 1993-ж. уюшулган. Алгачкы директору КР эл арт. А. ''Өмүралиев'' болгон. 2003-жылдан көркөм жетекчиси Цыцыгмой Өмүралиева. Япон элинин уламышы б-ча Дзюндзи Киноситанын «Каркыранын канаты» аттуу пьесасын сахналаштыруу м-н 1993-ж. биринчи театр сезонун ачкан. Ошол эле жылы Ташкент ш-нда өткөн «Театр: Чыгыш-Батыш» эл аралык театр фестивалына катышкан. Отуздан ашык чет өлкө театрлар ичинен «Каркыранын канаты» спектакли театр сынчыларынын жогорку баасына татып, «эӊ мыкты» деген он спектаклдин катарына кошулган. 1993-ж. театрдын алдында уюштурулган «Саамал» фольклордук тобу кыргыз улуттук музыкасын бир бүтүн сахналык чыгарма, б. а. спектакль катары концерттик программа м-н көрүүчүлөргө тартуулап турушат. Анын алгачкы программасы 1994-ж. Данияда көрсөтүлгөн. 1994-ж. «Кожожаш» эпосу б-ча драматург Т. Осмоновдун «Керээз» аттуу пьесасы, 1995-ж. Ч. Айтматовдун «Кызыл алма» аттуу аӊгемеси сахналаштырылган (реж. Н. Асанбеков). Театр чет өлкөлүк да режиссёрлорду чакырып, артисттеринин чеберчилигин арттырат.  
'''БИШКЕК ШААРДЫК ДРА́МА ТЕАТРЫ ''' А. Ө м ү р а л и е в атындагы менчик театр. Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеӊешинин токтому менен 1993-жылы уюшулган. Алгачкы директору Кыргыз Республикасынын эл артисти А. ''Өмүралиев'' болгон. 2003-жылдан көркөм жетекчиси Цыцыгмой Өмүралиева. Япон элинин уламышы боюнча Дзюндзи Киноситанын «Каркыранын канаты» аттуу пьесасын сахналаштыруу менен 1993-жылы биринчи театр сезонун ачкан. Ошол эле жылы Ташкент шаарында өткөн «Театр: Чыгыш-Батыш» эл аралык театр фестивалына катышкан. Отуздан ашык чет өлкө театрлар ичинен «Каркыранын канаты» спектакли театр сынчыларынын жогорку баасына татып, «эӊ мыкты» деген он спектаклдин катарына кошулган. 1993-жылы театрдын алдында уюштурулган «Саамал» фольклордук тобу кыргыз улуттук музыкасын бир бүтүн сахналык чыгарма, башкача айтканда спектакль катары концерттик программа менен көрүүчүлөргө тартуулап турушат. Анын алгачкы программасы 1994-жылы Данияда көрсөтүлгөн. 1994-жылы «Кожожаш» эпосу боюнча драматург  
<br/>
 
[[File:БИШКЕК ШААРДЫК ДРАМА ТЕАТРЫ32.png | thumb | <center>А. Зинчуктун «Дүйнө ирмеми» спектаклинен көрүнүш.  
Т. Осмоновдун «Керээз» аттуу пьесасы, 1995-жылы Ч. Айтматовдун «Кызыл алма» аттуу аӊгемеси сахналаштырылган (режиссеру Н. Асанбеков). Театр чет өлкөлүк да режиссёрлорду чакырып, артисттеринин чеберчилигин арттырат.  
<br/>Эне – Д. Абдыкадырова, Чөө – Т. Абазова.</center>]]
[[File:БИШКЕК ШААРДЫК ДРАМА ТЕАТРЫ32.png | thumb | <center>А. Зинчуктун «Дүйнө ирмеми» спектаклинен көрүнүш. <br/>Эне – Д. Абдыкадырова, Чөө – Т. Абазова.</center>]]
Түркмөнстандык Овлякули Кожокули 1996-ж. япон автору М. Тикамацунун «Тагдыр тору аралында жан кыйышкан эки ашык» трагедиясын «Амидзима» деген ат м-н койгон. Ага театрдын драмалык труппасы, «Саамал» тобу катышкан. Украинанын Львов ш-нда өткөн «Алтын арстан» эл аралык театр фестивалына катышып, «Амидзимада» О. Сандын ролун аткарган актриса У. Алимова «Аялдын мыкты ролу үчүн» деген баш байгени алган. «Амидзима» ж-а «Саамал» фольклордук тобунун концерттик программасы 1996-ж. КРдин Россиядагы күндөрүндө Москвада МХАТтын сахнасында көрсөтүлгөн. Театр жеткинчектерге ж-а жаштарга арналган чыгармаларга да көп көӊүл бурат. 1997-ж. театр Румыниянын Сибиу ш-нда «Дүйнө маданият аркылуу» аттуу Бүткүл дүйнөлүк фонд уюштурган эл аралык театр фестивалына чакырылган. Фестивалга 50дөн ашуун мамлекеттин театр коллективдери катышкан. Театр дүйнөлүк классикалык ад-тка да кайрылат. Француз жазуучусу П. Мерименин «Ыйык Антонийдин ак жолунан тайышы» ж-а «Африкалык ашыктык» аттуу чыгармаларынын негизинде «Аял – азыткы же ашыктык кумары» спектаклин Б. Парманов койгон. 1998-ж. театр тажикстандык реж. Ф. Касымов м-н бирдикте В. Шекспирдин «Король Лир» трагедиясына «Кут каган» деген сахналык версияны жаратып, 1999-ж. У. Шекспирдин «Жайкы түндө көргөн түш» аттуу комедиясын коюуга украин реж. Д. Лазоркону чакырган. 1999-ж. театрдын алдында «Аура» тобу чыг-лык жолун баштаган. «Ауранын» багыты – жаз, фюжн, фольк. жаз. Репертуарында композиторлор Д. Эллингтон, Д. Брубектин чыгармалары ж-а дүйнөгө белгилүү музыканттардын репертуарына кирген чыгармалар бар. 2001-ж. А. С. Пушкиндин «Моцарт жана Сольери» (реж. Э. Ногоев) спектакли; 2002-ж. Софоклдун «Эдип падыша» (реж. Э. Ногоев, Б. Парманов), «Үч тилек» (реж. Ж. Жуэ), 2004-ж. «Жусуптун соӊку кечи» (реж. Д. Убайдуллаев) спектаклдери коюлган. 2003-ж. театрга КР эл арт. ''А. Өмүралиевдин'' ысмы ыйгарылган.
Түркмөнстандык Овлякули Кожокули 1996-жылы япон автору М. Тикамацунун «Тагдыр тору аралында жан кыйышкан эки ашык» трагедиясын «Амидзима» деген ат менен койгон. Ага театрдын драмалык труппасы, «Саамал» тобу катышкан. Украинанын Львов шаарында өткөн «Алтын арстан» эл аралык театр фестивалына катышып, «Амидзимада» О. Сандын ролун аткарган актриса У. Алимова «Аялдын мыкты ролу үчүн» деген баш байгени алган. «Амидзима» жана «Саамал» фольклордук тобунун концерттик программасы 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Россиядагы күндөрүндө Москва көркөм академиялык театрынын (МХАТ) сахнасында көрсөтүлгөн. Театр жеткинчектерге жана жаштарга арналган чыгармаларга да көп көӊүл бурат. 1997-жылы театр Румыниянын Сибиу шаарында «Дүйнө маданият аркылуу» аттуу Бүткүл дүйнөлүк фонд уюштурган эл аралык театр фестивалына чакырылган. Фестивалга 50дөн ашуун мамлекеттин театр коллективдери катышкан. Театр дүйнөлүк классикалык адабиятка да кайрылат. Француз жазуучусу П. Мерименин «Ыйык Антонийдин ак жолунан тайышы» жана «Африкалык ашыктык» аттуу чыгармаларынын негизинде «Аял – азыткы же ашыктык кумары» спектаклин Б. Парманов койгон. 1998-жылы театр тажикстандык режиссер Ф. Касымов менен бирдикте В. Шекспирдин «Король Лир» трагедиясына «Кут каган» деген сахналык версияны жаратып, 1999-жылы У. Шекспирдин «Жайкы түндө көргөн түш» аттуу комедиясын коюуга украин режиссеру Д. Лазоркону чакырган. 1999-жылы театрдын алдында «Аура» тобу чыгармачылык жолун баштаган. «Ауранын» багыты – жаз, фюжн, фольклордук жаз. Репертуарында композиторлор Д. Эллингтон, Д. Брубектин чыгармалары жана дүйнөгө белгилүү музыканттардын репертуарына кирген чыгармалар бар. 2001-жылы А. С. Пушкиндин «Моцарт жана Сольери» (режиссёру Э. Ногоев) спектакли; 2002-жылы Софоклдун «Эдип падыша» (режиссёру Э. Ногоев, Б. Парманов), «Үч тилек» (режиссёру Ж. Жуэ), 2004-жылы «Жусуптун соӊку кечи» (режиссёру Д. Убайдуллаев) спектаклдери коюлган. 2003-жылы театрга Кыргыз Республикасынын эл артисти ''А. Өмүралиевдин'' ысмы ыйгарылган.<br/>''М. Оморова.''
<br/>''М. Оморова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:02, 20 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

БИШКЕК ШААРДЫК ДРА́МА ТЕАТРЫ А. Ө м ү р а л и е в атындагы менчик театр. Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеӊешинин токтому менен 1993-жылы уюшулган. Алгачкы директору Кыргыз Республикасынын эл артисти А. Өмүралиев болгон. 2003-жылдан көркөм жетекчиси Цыцыгмой Өмүралиева. Япон элинин уламышы боюнча Дзюндзи Киноситанын «Каркыранын канаты» аттуу пьесасын сахналаштыруу менен 1993-жылы биринчи театр сезонун ачкан. Ошол эле жылы Ташкент шаарында өткөн «Театр: Чыгыш-Батыш» эл аралык театр фестивалына катышкан. Отуздан ашык чет өлкө театрлар ичинен «Каркыранын канаты» спектакли театр сынчыларынын жогорку баасына татып, «эӊ мыкты» деген он спектаклдин катарына кошулган. 1993-жылы театрдын алдында уюштурулган «Саамал» фольклордук тобу кыргыз улуттук музыкасын бир бүтүн сахналык чыгарма, башкача айтканда спектакль катары концерттик программа менен көрүүчүлөргө тартуулап турушат. Анын алгачкы программасы 1994-жылы Данияда көрсөтүлгөн. 1994-жылы «Кожожаш» эпосу боюнча драматург

Т. Осмоновдун «Керээз» аттуу пьесасы, 1995-жылы Ч. Айтматовдун «Кызыл алма» аттуу аӊгемеси сахналаштырылган (режиссеру Н. Асанбеков). Театр чет өлкөлүк да режиссёрлорду чакырып, артисттеринин чеберчилигин арттырат.

А. Зинчуктун «Дүйнө ирмеми» спектаклинен көрүнүш.
Эне – Д. Абдыкадырова, Чөө – Т. Абазова.

Түркмөнстандык Овлякули Кожокули 1996-жылы япон автору М. Тикамацунун «Тагдыр тору аралында жан кыйышкан эки ашык» трагедиясын «Амидзима» деген ат менен койгон. Ага театрдын драмалык труппасы, «Саамал» тобу катышкан. Украинанын Львов шаарында өткөн «Алтын арстан» эл аралык театр фестивалына катышып, «Амидзимада» О. Сандын ролун аткарган актриса У. Алимова «Аялдын мыкты ролу үчүн» деген баш байгени алган. «Амидзима» жана «Саамал» фольклордук тобунун концерттик программасы 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Россиядагы күндөрүндө Москва көркөм академиялык театрынын (МХАТ) сахнасында көрсөтүлгөн. Театр жеткинчектерге жана жаштарга арналган чыгармаларга да көп көӊүл бурат. 1997-жылы театр Румыниянын Сибиу шаарында «Дүйнө маданият аркылуу» аттуу Бүткүл дүйнөлүк фонд уюштурган эл аралык театр фестивалына чакырылган. Фестивалга 50дөн ашуун мамлекеттин театр коллективдери катышкан. Театр дүйнөлүк классикалык адабиятка да кайрылат. Француз жазуучусу П. Мерименин «Ыйык Антонийдин ак жолунан тайышы» жана «Африкалык ашыктык» аттуу чыгармаларынын негизинде «Аял – азыткы же ашыктык кумары» спектаклин Б. Парманов койгон. 1998-жылы театр тажикстандык режиссер Ф. Касымов менен бирдикте В. Шекспирдин «Король Лир» трагедиясына «Кут каган» деген сахналык версияны жаратып, 1999-жылы У. Шекспирдин «Жайкы түндө көргөн түш» аттуу комедиясын коюуга украин режиссеру Д. Лазоркону чакырган. 1999-жылы театрдын алдында «Аура» тобу чыгармачылык жолун баштаган. «Ауранын» багыты – жаз, фюжн, фольклордук жаз. Репертуарында композиторлор Д. Эллингтон, Д. Брубектин чыгармалары жана дүйнөгө белгилүү музыканттардын репертуарына кирген чыгармалар бар. 2001-жылы А. С. Пушкиндин «Моцарт жана Сольери» (режиссёру Э. Ногоев) спектакли; 2002-жылы Софоклдун «Эдип падыша» (режиссёру Э. Ногоев, Б. Парманов), «Үч тилек» (режиссёру Ж. Жуэ), 2004-жылы «Жусуптун соӊку кечи» (режиссёру Д. Убайдуллаев) спектаклдери коюлган. 2003-жылы театрга Кыргыз Республикасынын эл артисти А. Өмүралиевдин ысмы ыйгарылган.
М. Оморова.