БОНДАРЧУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОНДАРЧУ́К ''' Сергей Фёдорович (25.9.1920, Одесса обл. Белозёрка кыш. – 20.10.1994, Москва) – актёр ж-а кинорежиссёр, сценарист, педагог. СССР эл арт. (1952), Соц. Эмг. Баатыры (1980). Ростов-на-Дону театр окуу жайында окуган. 1948-ж. ВГИКтин актёрдук ф-тин бүтүргөн. Кинодо биринчи жолу С. Е. Герасимовдун «Жаш Гвардия» фильминде Вальконун ролун аткарган. «Тарас Шевченко» фильминдеги (1952) башкы ролду аткаруусу жаш актёрдун чыг-лык ийгилиги болгон. Кийинки кинодогу мыкты ролдору: Отелло («Отелло», 1956), Соколов («Адам тагдыры», 1959), Пьер Безухов («Согуш жана тынчтык», 1966–67). 1977-ж. А. П. Чеховдун «Талаа» чыгармасын экрандаштырган. «Жаны тынбаган кыз» (1955), «Серёжа» (1960), «Ваня ага» (1971) фильмдеринде актёрдун лирикалык мүнөзү ачылган. «Адам тагдыры» фильмин өз алдынча коюп, режиссёр катары таанылган. Анын «Алар Мекен үчүн салгылашкан» (1975), «Ватерлоо» (1970), «Кызыл коӊгуроолор» (1982), «Согуш жана тынчтык» фильмдеринде дүйнөгө белгилүү актёрлор В. М. Шукшин, А. П. Кторов, О. Уэллс, Р. Стайгер ж. б. башкы ролдорду аткарышкан. «Римде түн болчу» (1960), «Согуш жана тынчтык» төрт сериялуу эпопеясы үчүн «Оскар» сыйл. алган (1968). Лениндик сыйл. (1960), эки жолу СССР мамл. сыйл. лауреаты (1977, 1984). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.
'''БОНДАРЧУ&#769;К ''' '''Сергей Фёдорович''' (25.9.1920, Одесса облусу, Белозёрка кыштагы – 20.10.1994, Москва) – актёр жана кинорежиссёр, сценарист, педагог. СССР эл артисти (1952), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1980). Ростов-на-Дону театр окуу жайында окуган. 1948-жылы  С.&nbsp;А.&nbsp;Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин (ВГИК) актёрдук факультетин бүтүргөн. Кинодо биринчи жолу С. Е. Герасимовдун «Жаш Гвардия» тасмасында Вальконун ролун аткарган. «Тарас Шевченко» тасмасындагы(1952) башкы ролду аткаруусу жаш актёрдун чыгармачылык ийгилиги болгон. Кийинки кинодогу мыкты ролдору: Отелло («Отелло», 1956), Соколов («Адам тагдыры», 1959), Пьер Безухов («Согуш жана тынчтык», 1966–1967). 1977-жылы А. П. Чеховдун «Талаа» чыгармасын экрандаштырган. «Жаны тынбаган кыз» (1955), «Серёжа» (1960), «Ваня ага» (1971) тасмаларында актёрдун лирикалык мүнөзү ачылган. «Адам тагдыры» тасмасын өз алдынча коюп, режиссёр катары таанылган. Анын «Алар Мекен үчүн салгылашкан» (1975), «Ватерлоо» (1970), «Кызыл коӊгуроолор» (1982), «Согуш жана тынчтык» тасмаларында дүйнөгө белгилүү актёрлор В. М. Шукшин, А. П. Кторов, О. Уэллс, Р. Стайгер жана башкалар башкы ролдорду аткарышкан. «Римде түн болчу» (1960), «Согуш жана тынчтык» төрт сериялуу эпопеясы үчүн «Оскар» сыйлыгын алган (1968). Лениндик сыйлыктын (1960), эки жолу СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977, 1984). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.<br/>
<br/>
[[File:БОНДАРЧУК3.png | thumb | <center>С. Ф. Бондарчук «Согуш жана тынчтык» <br/>фильминде Пьер Безуховдун ролунда. 1966–67.</center>]]
[[File:БОНДАРЧУК3.png | thumb | <center>С. Ф. Бондарчук «Согуш жана тынчтык»  
<br/>фильминде Пьер Безуховдун ролунда. 1966–67.</center>]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:41, 24 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

БОНДАРЧУ́К Сергей Фёдорович (25.9.1920, Одесса облусу, Белозёрка кыштагы – 20.10.1994, Москва) – актёр жана кинорежиссёр, сценарист, педагог. СССР эл артисти (1952), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1980). Ростов-на-Дону театр окуу жайында окуган. 1948-жылы С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин (ВГИК) актёрдук факультетин бүтүргөн. Кинодо биринчи жолу С. Е. Герасимовдун «Жаш Гвардия» тасмасында Вальконун ролун аткарган. «Тарас Шевченко» тасмасындагы(1952) башкы ролду аткаруусу жаш актёрдун чыгармачылык ийгилиги болгон. Кийинки кинодогу мыкты ролдору: Отелло («Отелло», 1956), Соколов («Адам тагдыры», 1959), Пьер Безухов («Согуш жана тынчтык», 1966–1967). 1977-жылы А. П. Чеховдун «Талаа» чыгармасын экрандаштырган. «Жаны тынбаган кыз» (1955), «Серёжа» (1960), «Ваня ага» (1971) тасмаларында актёрдун лирикалык мүнөзү ачылган. «Адам тагдыры» тасмасын өз алдынча коюп, режиссёр катары таанылган. Анын «Алар Мекен үчүн салгылашкан» (1975), «Ватерлоо» (1970), «Кызыл коӊгуроолор» (1982), «Согуш жана тынчтык» тасмаларында дүйнөгө белгилүү актёрлор В. М. Шукшин, А. П. Кторов, О. Уэллс, Р. Стайгер жана башкалар башкы ролдорду аткарышкан. «Римде түн болчу» (1960), «Согуш жана тынчтык» төрт сериялуу эпопеясы үчүн «Оскар» сыйлыгын алган (1968). Лениндик сыйлыктын (1960), эки жолу СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977, 1984). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

С. Ф. Бондарчук «Согуш жана тынчтык»
фильминде Пьер Безуховдун ролунда. 1966–67.