БООГАЧИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БООГАЧИЕВ ''' Токтосун (1887, азыркы Нарын | '''БООГАЧИЕВ ''' '''Токтосун''' (1887, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району – 1922, ошол эле жер) – акын. Ат-Башыдагы черик уруусунун узун-кыпчак тукумунан чыккан. Ал айылдык молдолордон окуп, кат тааныгандан кийин оозеки ырдап жүргөн ырларын кагаз бетине түшүрө баштайт. Акындын көркөм мурастарынан бизге жеткени аз. Анын көркөм мурасын эӊ алгач жазып алган Каюм ''Мифтаков'' болгон. Ал «Токтосун ырчы ырларын жаттап алган адамдарды жактырбаган. Ал бирөөгө ырларын жазып бербеген, жаздырып да албаган. Ошондуктан анын ырлары канчалык көп жана жакшы болсо да, эл анын ырларын жаттап алалбай унуткан» – деген пикирин айткан. Бул пикирден улам ал ырларын кагаз бетине түшүрүп жыйнаганы сезилип турат. Акындын ырларынын 200 беттен ашыгыраагы кол жазма түрүндө болгонун замандаштары эскерет. Боогачиев 1916-жылы кыргыз элинин көтөрүлүшүн, элдин оор турмушун көргөн акындардын бири. Ал үрккөн эл менен кытай жеринде болгон. 1916-жылкы окуяга байланыштуу «Качкын», «Үркүн» деген ырларын жазган. Боогачиев – «Кулатай», «Перизат», «Жаӊы заманга карап» жана башка бир нече ырлардын автору. Акындын кыргыз элинин өткөндөгү каардуу турмушуна, адилет жаӊы заманга арнаган көркөм мурасы кыргыз жазма поэзиясынын алгач үлгүсүн түзгөн чыгармалардан болуп калды. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:46, 24 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы
БООГАЧИЕВ Токтосун (1887, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району – 1922, ошол эле жер) – акын. Ат-Башыдагы черик уруусунун узун-кыпчак тукумунан чыккан. Ал айылдык молдолордон окуп, кат тааныгандан кийин оозеки ырдап жүргөн ырларын кагаз бетине түшүрө баштайт. Акындын көркөм мурастарынан бизге жеткени аз. Анын көркөм мурасын эӊ алгач жазып алган Каюм Мифтаков болгон. Ал «Токтосун ырчы ырларын жаттап алган адамдарды жактырбаган. Ал бирөөгө ырларын жазып бербеген, жаздырып да албаган. Ошондуктан анын ырлары канчалык көп жана жакшы болсо да, эл анын ырларын жаттап алалбай унуткан» – деген пикирин айткан. Бул пикирден улам ал ырларын кагаз бетине түшүрүп жыйнаганы сезилип турат. Акындын ырларынын 200 беттен ашыгыраагы кол жазма түрүндө болгонун замандаштары эскерет. Боогачиев 1916-жылы кыргыз элинин көтөрүлүшүн, элдин оор турмушун көргөн акындардын бири. Ал үрккөн эл менен кытай жеринде болгон. 1916-жылкы окуяга байланыштуу «Качкын», «Үркүн» деген ырларын жазган. Боогачиев – «Кулатай», «Перизат», «Жаӊы заманга карап» жана башка бир нече ырлардын автору. Акындын кыргыз элинин өткөндөгү каардуу турмушуна, адилет жаӊы заманга арнаган көркөм мурасы кыргыз жазма поэзиясынын алгач үлгүсүн түзгөн чыгармалардан болуп калды.