ВЕГЕТАЦИЯ ОРГАНДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕГЕТА́ЦИЯ ОРГАНДАРЫ''' – өсүмдүктөрдүн тиричилигин камсыз кылуучу (азыктануу, сырткы чөйрө м-н зат алмашуу) дене бөлүктөрү. Алар спора пайда кылууга ж-а жыныстык көбөйүүгө түздөн-түз катышпайт, бирок ''вегетациялык көбөйүү'' кызматын аткарат. В. о. эволюциянын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн суудан кургактыкка чыгып, алардын татаалданышынан, абаны ж-а жер кыртышын өздөштүрүүсүнөн пайда болгон. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн вегетация денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Ал клеткалардан тизилген жипче (жип сымал балырлар, козу карындардын мицелийи) ж-а жалпак же тоголок колония түрүндө болот. Татаал түзүлүштүү өсмдүктөрдүн негизги вегетация органдары – тамыр, сабак, жалбырак. Тамыры жер кыртышына бекип, суу ж-а анда эриген минерал туздарды алат. Сабак азык заттарды өткөрүп, жалбырак м-н тамырды байланыштырып турат. Жалбыракта ''фотосинтез'', газ алмашуу ж-а ''транспирация'' процесстери жүрөт. В. о-нын тышкы ж-а ички түзүлүшү, алардын аткарган функциясына ылайыктанган. ''Репродукция органдарына'' салыштыр.  
'''ВЕГЕТА&#769;ЦИЯ ОРГАНДАРЫ ''' – өсүмдүктөрдүн тиричилигин камсыз кылуучу (азыктануу, сырткы чөйрө менен зат алмашуу) дене бөлүктөрү. Алар спора пайда кылууга жана жыныстык көбөйүүгө түздөн-түз катышпайт, бирок ''вегетациялык көбөйүү'' кызматын аткарат. Вегетация  органдары  эволюциянын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн суудан кургактыкка чыгып, алардын татаалданышынан, абаны жана жер кыртышын өздөштүрүүсүнөн пайда болгон. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн вегетация денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Ал клеткалардан тизилген жипче (жип сымал балырлар, козу карындардын мицелийи) жана жалпак же тоголок колония түрүндө болот. Татаал түзүлүштүү өсмдүктөрдүн негизги вегетация органдары – тамыр, сабак, жалбырак. Тамыры жер кыртышына бекип, суу жана анда эриген минерал туздарды алат. Сабак азык заттарды өткөрүп, жалбырак менен тамырды байланыштырып турат. Жалбыракта ''фотосинтез'', газ алмашуу жана ''транспирация'' процесстери жүрөт. Вегетация органдарынын тышкы жана ички түзүлүшү, алардын аткарган функциясына ылайыктанган. ''Репродукция органдарына'' салыштыр. <br/>''К. Т. Шалпыков''
''К. Т. Шалпыков''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:19, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕГЕТА́ЦИЯ ОРГАНДАРЫ – өсүмдүктөрдүн тиричилигин камсыз кылуучу (азыктануу, сырткы чөйрө менен зат алмашуу) дене бөлүктөрү. Алар спора пайда кылууга жана жыныстык көбөйүүгө түздөн-түз катышпайт, бирок вегетациялык көбөйүү кызматын аткарат. Вегетация органдары эволюциянын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн суудан кургактыкка чыгып, алардын татаалданышынан, абаны жана жер кыртышын өздөштүрүүсүнөн пайда болгон. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн вегетация денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Ал клеткалардан тизилген жипче (жип сымал балырлар, козу карындардын мицелийи) жана жалпак же тоголок колония түрүндө болот. Татаал түзүлүштүү өсмдүктөрдүн негизги вегетация органдары – тамыр, сабак, жалбырак. Тамыры жер кыртышына бекип, суу жана анда эриген минерал туздарды алат. Сабак азык заттарды өткөрүп, жалбырак менен тамырды байланыштырып турат. Жалбыракта фотосинтез, газ алмашуу жана транспирация процесстери жүрөт. Вегетация органдарынын тышкы жана ички түзүлүшү, алардын аткарган функциясына ылайыктанган. Репродукция органдарына салыштыр.
К. Т. Шалпыков