ВЕГЕТАЦИЯ ОРГАНДАРЫ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВЕГЕТА́ЦИЯ ОРГАНДАРЫ ''' – өсүмдүктөрдүн тиричилигин камсыз кылуучу (азыктануу, сырткы чөйрө менен зат алмашуу) дене бөлүктөрү. Алар спора пайда кылууга жана жыныстык көбөйүүгө түздөн-түз катышпайт, бирок ''вегетациялык көбөйүү'' кызматын аткарат. Вегетация органдары эволюциянын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн суудан кургактыкка чыгып, алардын татаалданышынан, абаны жана жер кыртышын өздөштүрүүсүнөн пайда болгон. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн вегетация денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Ал клеткалардан тизилген жипче (жип сымал балырлар, козу карындардын мицелийи) жана жалпак же тоголок колония түрүндө болот. Татаал түзүлүштүү өсмдүктөрдүн негизги вегетация органдары – тамыр, сабак, жалбырак. Тамыры жер кыртышына бекип, суу жана анда эриген минерал туздарды алат. Сабак азык заттарды өткөрүп, жалбырак менен тамырды байланыштырып турат. Жалбыракта ''фотосинтез'', газ алмашуу жана ''транспирация'' процесстери жүрөт. Вегетация органдарынын тышкы жана ички түзүлүшү, алардын аткарган функциясына ылайыктанган. ''Репродукция органдарына'' салыштыр. <br/>''К. Т. Шалпыков'' | ||
''К. Т. Шалпыков'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:19, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы
ВЕГЕТА́ЦИЯ ОРГАНДАРЫ – өсүмдүктөрдүн тиричилигин камсыз кылуучу (азыктануу, сырткы чөйрө менен зат алмашуу) дене бөлүктөрү. Алар спора пайда кылууга жана жыныстык көбөйүүгө түздөн-түз катышпайт, бирок вегетациялык көбөйүү кызматын аткарат. Вегетация органдары эволюциянын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн суудан кургактыкка чыгып, алардын татаалданышынан, абаны жана жер кыртышын өздөштүрүүсүнөн пайда болгон. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн вегетация денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Ал клеткалардан тизилген жипче (жип сымал балырлар, козу карындардын мицелийи) жана жалпак же тоголок колония түрүндө болот. Татаал түзүлүштүү өсмдүктөрдүн негизги вегетация органдары – тамыр, сабак, жалбырак. Тамыры жер кыртышына бекип, суу жана анда эриген минерал туздарды алат. Сабак азык заттарды өткөрүп, жалбырак менен тамырды байланыштырып турат. Жалбыракта фотосинтез, газ алмашуу жана транспирация процесстери жүрөт. Вегетация органдарынын тышкы жана ички түзүлүшү, алардын аткарган функциясына ылайыктанган. Репродукция органдарына салыштыр.
К. Т. Шалпыков