ВЕГЕТАЦИЯ ЫКМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''В́ЕГЕТА́ЦИЯ ЫКМАСЫ''' – тажрыйба иштеринде өсүмдүктү атайын азык заты бар идиште өстүрүү. Өсүмдүк өскөн идиштер вегетация үйүнө, оранжереяга, жылытылмага же фитотронго коюлат. В. ы-нын максаты – айрым факторлордун таасирин так айырмалоочу, оӊой башкарылуучу, салыштырмалуу шартта өсүмдүктүн өсүү, азыктануу закон ченемин аныктоо. В. ы. негизинен өсүмдүк физиологиясында, агрохимияда өсүмдүктүн минералдык азыктанышын, дем алуусун, суу ж-а жарык таасирин, суукка, кургакчылыкка ж-а шорго чыдамдуулугун, жер семирткичтин натыйжалуулугун, топурактын күрдүүлүгүн изилдеп аныктоодо, о. эле селекцияда, генетикада, өсүмдүктү илдеттен ж-а зыянкечтерден коргоодо, а. ч. микробиологиясында колдонулат. В. ы-нын жардамы м-н өсүмдүктөрдүн минералдык азыктанышы үчүн 7 элементтин (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир) өтө зарылдыгы ж-а аз өлчөмдө болсо дагы бор, марганец, жез, цинктин керектелиши аныкталган. В. ы-нда өсүмдүк түрдүү жолдор м-н (сууда, кумда, топуракта, стерилдүү ж. б. шартта) өстүрүлөт.
'''ВЕГЕТАЦИЯ ЫКМАСЫ''' – тажрыйба иштеринде өсүмдүктү атайын азык заты бар идиште өстүрүү. Өсүмдүк өскөн идиштер вегетация үйүнө, оранжереяга, жылытылмага же фитотронго коюлат. Вегетация  ыкмасынын максаты – айрым факторлордун таасирин так айырмалоочу, оӊой башкарылуучу, салыштырмалуу шартта өсүмдүктүн өсүү, азыктануу закон ченемин аныктоо. Вегетация  ыкмасы негизинен өсүмдүк физиологиясында, агрохимияда өсүмдүктүн минералдык азыктанышын, дем алуусун, суу жана жарык таасирин, суукка, кургакчылыкка жана шорго чыдамдуулугун, жер семирткичтин натыйжалуулугун, топурактын күрдүүлүгүн изилдеп аныктоодо, ошондой  эле селекцияда, генетикада, өсүмдүктү илдеттен жана зыянкечтерден коргоодо, айыл чарба  микробиологиясында колдонулат. Вегетация  ыкмасынын жардамы менен өсүмдүктөрдүн минералдык азыктанышы үчүн 7 элементтин (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир) өтө зарылдыгы жана аз өлчөмдө болсо дагы бор, марганец, жез, цинктин керектелиши аныкталган. Вегетация  ыкмасында өсүмдүк түрдүү жолдор менен (сууда, кумда, топуракта, стерилдүү ж. б. шартта) өстүрүлөт.<br/>Ад''.: Прянишников Д. Н''. Вегетационный метод и его роль в агрохимическом исследовании//Избр. соч. Т. 1. М., 1963.
Ад''.: Прянишников Д. Н''. Вегетационный метод и его роль в агрохимическом исследовании//Избр. соч. Т. 1. М., 1963.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:23, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕГЕТАЦИЯ ЫКМАСЫ – тажрыйба иштеринде өсүмдүктү атайын азык заты бар идиште өстүрүү. Өсүмдүк өскөн идиштер вегетация үйүнө, оранжереяга, жылытылмага же фитотронго коюлат. Вегетация ыкмасынын максаты – айрым факторлордун таасирин так айырмалоочу, оӊой башкарылуучу, салыштырмалуу шартта өсүмдүктүн өсүү, азыктануу закон ченемин аныктоо. Вегетация ыкмасы негизинен өсүмдүк физиологиясында, агрохимияда өсүмдүктүн минералдык азыктанышын, дем алуусун, суу жана жарык таасирин, суукка, кургакчылыкка жана шорго чыдамдуулугун, жер семирткичтин натыйжалуулугун, топурактын күрдүүлүгүн изилдеп аныктоодо, ошондой эле селекцияда, генетикада, өсүмдүктү илдеттен жана зыянкечтерден коргоодо, айыл чарба микробиологиясында колдонулат. Вегетация ыкмасынын жардамы менен өсүмдүктөрдүн минералдык азыктанышы үчүн 7 элементтин (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир) өтө зарылдыгы жана аз өлчөмдө болсо дагы бор, марганец, жез, цинктин керектелиши аныкталган. Вегетация ыкмасында өсүмдүк түрдүү жолдор менен (сууда, кумда, топуракта, стерилдүү ж. б. шартта) өстүрүлөт.
Ад.: Прянишников Д. Н. Вегетационный метод и его роль в агрохимическом исследовании//Избр. соч. Т. 1. М., 1963.