ВЕГЕТАЦИЯЛЫК КӨБӨЙҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
– жыныссыз көбөйүүнүн көп клеткалуу организмдерге мүнөздүү түрү; энелик организмдин бөлүктөрүнөн жаӊы организмдин пайда болушу. Мындай көбөйүү микроорганизмдерде, жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарларда ж-а дээрлик бардык өсүмдүктөрдө кеӊири тараган. В. к. балырларда – таллому м-н, козу карында мицелийдин ж-а споранын бөлүнүшү м-н жүрөт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр ''вегетация органдары'' м-н көбөйөт. Көпчүлүк өсүмдүктө бүчүрү, жалбырагы, сабагы, тамыры В. к-гө ылайыкталган. Айрым өсүмдүктөр – мурутчасы, түймөгү, пияз түбү, тамыр сабагы; кулпунай, бүлдүркөн, байчечекей ж. б. сойломо сабагы же мурутчалары; картошка, пияз, мандалак түймөктөрү ж-а пияз түбү м-н көбөйөт. Мөмө-жемиш өсүмдүктө тамыры, сабагы м-н көбөйтүү ж-а кыйыштыруу колдонулат. Негизинен жетелеме муруту, чырпыгы ж-а калемчеси м-н көбөйтүлөт. Жетелеме жолу (бүчүрү бар бутакты) энелик өсүмдүктөн ажыратпай жерге ийип топурак м-н көөмп коюп, тамыр байлап өсүп чыккандан кийин энелик өсүмдүктөн ажыратып, өзүнчө отургузат. Калемчесинен көбөйтүүдө өсүмдүктүн белгилүү шартта тамыр байлооого же бүчүрлөөгө жөндөмдүү бөлүктөрү пайдаланылат. Жаныбардын В. к-сү бүчүрлөө жолу м-н жүрөт (гидралар, коралл полиптери). Ичеги көӊдөйлүүлөр, жалпак курттар, деӊиз жылдыздарынын денеси бир нече бөлүккө бөлүнүп көбөйөт.
'''ВЕГЕТАЦИЯЛЫК КӨБӨЙҮҮ ''' – жыныссыз көбөйүүнүн көп клеткалуу организмдерге мүнөздүү түрү; энелик организмдин бөлүктөрүнөн жаӊы организмдин пайда болушу. Мындай көбөйүү микроорганизмдерде, жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарларда жана дээрлик бардык өсүмдүктөрдө кеӊири тараган. Вегетациялык  көбөйүү  балырларда – таллому менен, козу карында мицелийдин жана споранын бөлүнүшү менен жүрөт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр ''вегетация органдары'' менен көбөйөт. Көпчүлүк өсүмдүктө бүчүрү, жалбырагы, сабагы, тамыры вегетациялык  көбөйүүгө  ылайыкталган. Айрым өсүмдүктөр – мурутчасы, түймөгү, пияз түбү, тамыр сабагы; кулпунай, бүлдүркөн, байчечекей ж. б. сойломо сабагы же мурутчалары; картошка, пияз, мандалак түймөктөрү жана пияз түбү менен көбөйөт. Мөмө-жемиш өсүмдүктө тамыры, сабагы менен көбөйтүү жана кыйыштыруу колдонулат. Негизинен жетелеме муруту, чырпыгы жана калемчеси менен көбөйтүлөт. Жетелеме жолу (бүчүрү бар бутакты) энелик өсүмдүктөн ажыратпай жерге ийип топурак менен көөмп коюп, тамыр байлап өсүп чыккандан кийин энелик өсүмдүктөн ажыратып, өзүнчө отургузат. Калемчесинен көбөйтүүдө өсүмдүктүн белгилүү шартта тамыр байлооого же бүчүрлөөгө жөндөмдүү бөлүктөрү пайдаланылат. Жаныбардын вегетациялык көбөйүү  бүчүрлөө жолу менен жүрөт (гидралар, коралл полиптери). Ичеги көӊдөйлүүлөр, жалпак курттар, деӊиз жылдыздарынын денеси бир нече бөлүккө бөлүнүп көбөйөт.<br/>Ад''.: Серебряков'' И. Г. Морфология вегетативных органов высших растений. М., 1952.<br/>''К. Т. Шалпыков.''
Ад''.: Серебряков'' И. Г. Морфология вегетативных органов высших растений. М., 1952.
''К. Т. Шалпыков.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:31, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕГЕТАЦИЯЛЫК КӨБӨЙҮҮ – жыныссыз көбөйүүнүн көп клеткалуу организмдерге мүнөздүү түрү; энелик организмдин бөлүктөрүнөн жаӊы организмдин пайда болушу. Мындай көбөйүү микроорганизмдерде, жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарларда жана дээрлик бардык өсүмдүктөрдө кеӊири тараган. Вегетациялык көбөйүү балырларда – таллому менен, козу карында мицелийдин жана споранын бөлүнүшү менен жүрөт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр вегетация органдары менен көбөйөт. Көпчүлүк өсүмдүктө бүчүрү, жалбырагы, сабагы, тамыры вегетациялык көбөйүүгө ылайыкталган. Айрым өсүмдүктөр – мурутчасы, түймөгү, пияз түбү, тамыр сабагы; кулпунай, бүлдүркөн, байчечекей ж. б. сойломо сабагы же мурутчалары; картошка, пияз, мандалак түймөктөрү жана пияз түбү менен көбөйөт. Мөмө-жемиш өсүмдүктө тамыры, сабагы менен көбөйтүү жана кыйыштыруу колдонулат. Негизинен жетелеме муруту, чырпыгы жана калемчеси менен көбөйтүлөт. Жетелеме жолу (бүчүрү бар бутакты) энелик өсүмдүктөн ажыратпай жерге ийип топурак менен көөмп коюп, тамыр байлап өсүп чыккандан кийин энелик өсүмдүктөн ажыратып, өзүнчө отургузат. Калемчесинен көбөйтүүдө өсүмдүктүн белгилүү шартта тамыр байлооого же бүчүрлөөгө жөндөмдүү бөлүктөрү пайдаланылат. Жаныбардын вегетациялык көбөйүү бүчүрлөө жолу менен жүрөт (гидралар, коралл полиптери). Ичеги көӊдөйлүүлөр, жалпак курттар, деӊиз жылдыздарынын денеси бир нече бөлүккө бөлүнүп көбөйөт.
Ад.: Серебряков И. Г. Морфология вегетативных органов высших растений. М., 1952.
К. Т. Шалпыков.