БАНЖУЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАНЖУ́Л, ''' Б а н д ж у л – Гамбия Респ-нын борбор шаары. Банжул округунун адм. борбору. Калкы 31,3 миӊ (2013). Сент-Мэри а-нын чыгышындагы порт. Гамбия д-нын чатында жайгашкан. Эл аралык аэропорту бар. Деӊиз кемелерин куруучу, жеӊил, жыгаччылык, эмерек, полигр. өнөр жайлары, май (пальма) з-ду бар. Жержаӊгакты иргеп, белендейт ж-а сыртка чыгарат. Жашылча, балык консервалоо ишканалары иштейт. 1816-ж. англичандар тарабынан Батерст (англ. граф Батерсттин ысмынан) деген ат м-н негизделип, 1973-жылдан азыркы атында аталат. Шаардын борб. бөлүгүндө европалык, чет жакасында африкалык типтердеги курулуштар курулган. Улуттук китепкана (1985), Улуттук музей (1962), Орнитология коому (1974) иштейт.
'''БАНЖУ́Л, ''' Б а н д ж у л – Гамбия Республикасынын борбор шаары. Банжул округунун административдик борбору. Калкы 31,3 миӊ (2013). Банжул Гамбия дарыясы Атлантика океанына куюлган Сент-Мэри аралында  жайгашкан. Сент-Мэри аралынын чыгышындагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Деӊиз кемелерин куруучу, жеӊил, жыгаччылык, эмерек, полиграфиялык өнөр жайлары, май (пальма) заводу бар. Жер жаӊгакты иргеп, белендейт жана сыртка чыгарат. Жашылча, балык консервалоо ишканалары иштейт. 1816-жылы англичандар тарабынан Батерст (англиялык граф Батерсттин ысмынан) деген ат менен негизделип, 1973-жылдан азыркы атында аталат. Шаардын борбордук  бөлүгүндө европалык, чет жакасында африкалык типтердеги курулуштар курулган. Улуттук китепкана (1985), Улуттук музей (1962), Орнитология коому (1974) иштейт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:23, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

БАНЖУ́Л, Б а н д ж у л – Гамбия Республикасынын борбор шаары. Банжул округунун административдик борбору. Калкы 31,3 миӊ (2013). Банжул Гамбия дарыясы Атлантика океанына куюлган Сент-Мэри аралында жайгашкан. Сент-Мэри аралынын чыгышындагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Деӊиз кемелерин куруучу, жеӊил, жыгаччылык, эмерек, полиграфиялык өнөр жайлары, май (пальма) заводу бар. Жер жаӊгакты иргеп, белендейт жана сыртка чыгарат. Жашылча, балык консервалоо ишканалары иштейт. 1816-жылы англичандар тарабынан Батерст (англиялык граф Батерсттин ысмынан) деген ат менен негизделип, 1973-жылдан азыркы атында аталат. Шаардын борбордук бөлүгүндө европалык, чет жакасында африкалык типтердеги курулуштар курулган. Улуттук китепкана (1985), Улуттук музей (1962), Орнитология коому (1974) иштейт.