ВЕЙЕРШТРАСС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕ́ЙЕРШТРАСС''' Карль Теодор Вильгельм (31.10.1815, Остенфельде — 19.2.1897, Берлин) – нем. математиги, Петербург ИАнын чет элдик корр. мүчөсү (1864) ардактуу мүчөсү (1895). Бонндо укук илимин, Мюнстерде математиканы окуган. 1856-жылдан Берлин ун-тинде иштеген (1864-жылдан проф.). В-тын изилдөөлөрү ''математикалык анализ, функциялар теориясы, вариациялык эсептөө, дифференциалдык геометрия'' ж-а ''сызыктуу алгебрага'' арналган. В. матем. анализди негиздеген логикалык системаны иштеп чыккан, кесиндиде үзгүлтүксүз функциялардын негизги касиеттерин так далилдеген, функционалдык катардын бир калыпта жыйналуучулук түшүнүгүн киргизген (В. белгиси). Бир да чекитте туундуга ээ болбогон үзгүлтүксүз функциянын мисалын түзгөн, кесиндиде үзгүлтүксүз каалагандай функцияны эӊ так көп мүчө м-н жакындаштырууга боло тургандыгын далилдеген (В. теоремасы). Негизи даражалуу катар болгон анализдик функциялар теориясы В-тын эмгегинин негизин түзөт. Ал көп өзгөрмөлүү анализдик функциялар теориясын, эллипстик, алг. функцияларды, абелик интегралдар теориясын, экстремумдун жетиштүү шартын (В. шарты), параметрлүү вариациялык маселелерди, дифференциалдык геометрия б-ча геод. сызыктарды, минималдык беттерди, сызыктуу алгебра б-ча жөнөкөй бөлүүчүлөрдү түзүү теориясын изилдеген.
'''ВЕ́ЙЕРШТРАСС ''' Карль Теодор Вильгельм (31.10.1815, Остенфельде — 19.2.1897, Берлин) – немис математиги, Петербург ИАнын чет элдик корреспендент мүчөсү (1864) ардактуу мүчөсү (1895). Бонндо укук илимин, Мюнстерде математиканы окуган. 1856-жылдан Берлин университетинде иштеген (1864-жылдан профессор). Вейерштрасстын изилдөөлөрү ''математикалык анализ, функциялар теориясы, вариациялык эсептөө, дифференциалдык геометрия'' жана ''сызыктуу алгебрага'' арналган. Вейерштрасс  математикалык  анализди негиздеген логикалык системаны иштеп чыккан, кесиндиде үзгүлтүксүз функциялардын негизги касиеттерин так далилдеген, функционалдык катардын бир калыпта жыйналуучулук түшүнүгүн киргизген (Вейерштрасс белгиси). Бир да чекитте туундуга ээ болбогон үзгүлтүксүз функциянын мисалын түзгөн, кесиндиде үзгүлтүксүз каалагандай функцияны эӊ так көп мүчө менен жакындаштырууга боло тургандыгын далилдеген (Вейерштрасс теоремасы). Негизи даражалуу катар болгон анализдик функциялар теориясы Вейерштрасстын эмгегинин негизин түзөт. Ал көп өзгөрмөлүү анализдик функциялар теориясын, эллипстик, алгебралык  функцияларды, абелик интегралдар теориясын, экстремумдун жетиштүү шартын (Вейерштрасс шарты), параметрлүү вариациялык маселелерди, дифференциалдык геометрия боюнча  геодезиялык  сызыктарды, минималдык беттерди, сызыктуу алгебра боюнча жөнөкөй бөлүүчүлөрдү түзүү теориясын изилдеген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:28, 10 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕ́ЙЕРШТРАСС Карль Теодор Вильгельм (31.10.1815, Остенфельде — 19.2.1897, Берлин) – немис математиги, Петербург ИАнын чет элдик корреспендент мүчөсү (1864) ардактуу мүчөсү (1895). Бонндо укук илимин, Мюнстерде математиканы окуган. 1856-жылдан Берлин университетинде иштеген (1864-жылдан профессор). Вейерштрасстын изилдөөлөрү математикалык анализ, функциялар теориясы, вариациялык эсептөө, дифференциалдык геометрия жана сызыктуу алгебрага арналган. Вейерштрасс математикалык анализди негиздеген логикалык системаны иштеп чыккан, кесиндиде үзгүлтүксүз функциялардын негизги касиеттерин так далилдеген, функционалдык катардын бир калыпта жыйналуучулук түшүнүгүн киргизген (Вейерштрасс белгиси). Бир да чекитте туундуга ээ болбогон үзгүлтүксүз функциянын мисалын түзгөн, кесиндиде үзгүлтүксүз каалагандай функцияны эӊ так көп мүчө менен жакындаштырууга боло тургандыгын далилдеген (Вейерштрасс теоремасы). Негизи даражалуу катар болгон анализдик функциялар теориясы Вейерштрасстын эмгегинин негизин түзөт. Ал көп өзгөрмөлүү анализдик функциялар теориясын, эллипстик, алгебралык функцияларды, абелик интегралдар теориясын, экстремумдун жетиштүү шартын (Вейерштрасс шарты), параметрлүү вариациялык маселелерди, дифференциалдык геометрия боюнча геодезиялык сызыктарды, минималдык беттерди, сызыктуу алгебра боюнча жөнөкөй бөлүүчүлөрдү түзүү теориясын изилдеген.