ВЕРГИЛИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕРГИ́ЛИЙ''' Марон Публий (б. з. ч. 15.10.70, Мантунга жакын – б. з. ч. 21.9.19, Брундизий, азыркы Бриндизи) – Рим акыны. Анын чыг-лыгына Лукрецийдин философиясы, Катуллдун лирикасы чоӊ таасир тийгизген. В. он бөлүмдөн турган алгачкы «Буколикалар» («Койчу ырлары», б. з. ч. 42–38) жыйнагында саясий толкундардан четтеп, малчылардын турмушун сүрөттөөгө аракеттенген. Ырдын 4-бөлүмүндө Рим империясын даӊазаласа да, анын жеке менчикке негизделген карама-каршылыгын көрсөтүп, ага «алтын заман» (кылым) ж-дөгү утопиялык оюн каршы койгон. В. «Георгика» («Дыйканчылык тууралуу поэма», б. з. ч. 36–29) дидактикалык поэмасында бейпил турмушту кыштак адамдарынын жашоосунан көргөн. «Энеида» баатырдык эпосу (антикалык эпостун римдик параллели) – рим классикалык поэзиясынын туу чокусу. «Илиада» м-н «Одиссеяны» үлгү тутуп, бул поэмасында император Августтун түп атасы Энейдин жоруктары м-н күрөштөрү тууралуу баяндаган. Байыркы Италиянын картинасын идеалдаштырып, аны Римдин орчундуу проблемалары м-н тыгыз байланыштырат. Анда эпикурдук ж-а идиллиялык мотивдер саясий проблемаларга болгон кызыгуу м-н айкалышып, Рим империясы даӊазаланган. В-дин чыгармалары классицизм доорундагы риторикалык, эпикалык поэзиянын үлгүсү болгон.
'''ВЕРГИ́ЛИЙ ''' '''Марон Публий''' (б. з. ч. 15.10.70, Мантунга жакын – б. з. ч. 21.9.19, Брундизий, азыркы Бриндизи) – Рим акыны. Анын чыгармачылыгына Лукрецийдин философиясы, Катуллдун лирикасы чоӊ таасир тийгизген. Вергилий он бөлүмдөн турган алгачкы «Буколикалар» («Койчу ырлары», б. з. ч. 42–38) жыйнагында саясий толкундардан четтеп, малчылардын турмушун сүрөттөөгө аракеттенген. Ырдын 4-бөлүмүндө Рим империясын даӊазаласа да, анын жеке менчикке негизделген карама-каршылыгын көрсөтүп, ага «алтын заман» (кылым) жөнүндөгү утопиялык оюн каршы койгон. Вергилий «Георгика» («Дыйканчылык тууралуу поэма», б. з. ч. 36–29) дидактикалык поэмасында бейпил турмушту кыштак адамдарынын жашоосунан көргөн. «Энеида» баатырдык эпосу (антикалык эпостун римдик параллели) – рим классикалык поэзиясынын туу чокусу. «Илиада» менен «Одиссеяны» үлгү тутуп, бул поэмасында император Августтун түп атасы Энейдин жоруктары менен күрөштөрү тууралуу баяндаган. Байыркы Италиянын картинасын идеалдаштырып, аны Римдин орчундуу проблемалары менен тыгыз байланыштырат. Анда эпикурдук жана идиллиялык мотивдер саясий проблемаларга болгон кызыгуу менен айкалышып, Рим империясы даӊазаланган. Вергилийдин чыгармалары классицизм доорундагы риторикалык, эпикалык поэзиянын үлгүсү болгон.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:35, 23 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕРГИ́ЛИЙ Марон Публий (б. з. ч. 15.10.70, Мантунга жакын – б. з. ч. 21.9.19, Брундизий, азыркы Бриндизи) – Рим акыны. Анын чыгармачылыгына Лукрецийдин философиясы, Катуллдун лирикасы чоӊ таасир тийгизген. Вергилий он бөлүмдөн турган алгачкы «Буколикалар» («Койчу ырлары», б. з. ч. 42–38) жыйнагында саясий толкундардан четтеп, малчылардын турмушун сүрөттөөгө аракеттенген. Ырдын 4-бөлүмүндө Рим империясын даӊазаласа да, анын жеке менчикке негизделген карама-каршылыгын көрсөтүп, ага «алтын заман» (кылым) жөнүндөгү утопиялык оюн каршы койгон. Вергилий «Георгика» («Дыйканчылык тууралуу поэма», б. з. ч. 36–29) дидактикалык поэмасында бейпил турмушту кыштак адамдарынын жашоосунан көргөн. «Энеида» баатырдык эпосу (антикалык эпостун римдик параллели) – рим классикалык поэзиясынын туу чокусу. «Илиада» менен «Одиссеяны» үлгү тутуп, бул поэмасында император Августтун түп атасы Энейдин жоруктары менен күрөштөрү тууралуу баяндаган. Байыркы Италиянын картинасын идеалдаштырып, аны Римдин орчундуу проблемалары менен тыгыз байланыштырат. Анда эпикурдук жана идиллиялык мотивдер саясий проблемаларга болгон кызыгуу менен айкалышып, Рим империясы даӊазаланган. Вергилийдин чыгармалары классицизм доорундагы риторикалык, эпикалык поэзиянын үлгүсү болгон.