БАХРЕЙН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)

No edit summary

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАХРЕ́ЙН, ''' Б а х р е й н К о р о л д у г у (Мамлякат аль-Бахрейн) – Түш.-Батыш Азиядагы мамлекет. Перс булуӊунун түш. бөлүгүндө, Катар ж. а. м-н Сауд Аравиясынын ортосунда, Бахрейн а-нда жайгашкан. Аянты 717,5 ''км''2 (2002, кээ бир
'''БАХРЕ́ЙН, ''' Б а х р е й н К о р о л д у г у (Мамлякат аль-Бахрейн) – Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Перс булуӊунун түштүк бөлүгүндө, Катар жарым аралы менен Сауд Аравиясынын ортосунда, Бахрейн аралында жайгашкан. Аянты 717,5 ''км''2 (2002, кээ бир

[[File:БАХРЕЙН52.png | thumb | none]]
[[File:БАХРЕЙН52.png | thumb | none]]
маалыматтарда 665 ''км'') 2. Калкы 17 млн (2020). Борбору – Манама ш. Мамл. тили – араб тили. Акча бирдиги – Бахрейн динары. Адм.-айм. жактан 5 губернаторлукка бөлүнөт.
маалыматтарда 665 ''чарчы километр''). Калкы 17 млн (2020). Борбору – Манама шаары. Мамлекеттик тили – араб тили. Акча бирдиги – Бахрейн динары. Административдик-аймактык жактан 5 губернаторлукка бөлүнөт.
Бахрейн – БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Араб өлкөлөр лигасынын мүчөсү. Бахрейн – унитардык мамлекет. Конституциясы 2002-жылы 14-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу бийлиги – королго жана Улуттук чогулушка таандык. Улуттук чогулуш – Консультациялык кеӊеш жана депутаттар палатасынан турат. Аткаруу бийлиги – король жана Министрлер кеӊеши тарабынан жүзөгө ашырылат. Саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бахрейн архипелагы бир нече аралдар тобун (33) камтып (анын ичинен ириси – Бахрейн; узундугу 48 ''км,'' туурасы 16 ''км''), алар ойдуӊдуу (бийиктиги 135 ''м''ге чейин) келип, негизинен акиташ тектеринен турат. Климаты тропиктик ариддик. Кышы жылуу, январдын орточо температурасы 16°С, июлдуку 37°С. Жылдык жаан-чачыны 90 ''мм''. Тропиктик чөл ландшафты басымдуу. Эль-Арейн табигый паркы бар.

Б. – БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ж-а Араб өлкөлөр лигасынын мүчөсү. Б. – унитардык мамлекет. Конституциясы 2002-ж. 14-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу бийлиги – королго ж-а Улуттук чогулушка таандык. Улуттук чогулуш – Консультациялык кеӊеш ж-а Депутаттар палатасынан турат. Аткаруу бийлиги – король ж-а Министрлер кеӊеши тарабынан жүзөгө ашырылат. Саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Б. архипелагы бир нече аралдар тобун (33) камтып (а. и. ириси – Бахрейн; уз. 48 ''км,'' туурасы 16 ''км''), алар ойдуӊдуу (бийикт. 135 ''м''ге чейин) келип, негизинен акиташ тектеринен турат. Климаты тропиктик ариддик. Кышы жылуу, январдын орт. темп-расы 16°С, июлдуку 37°С. Жылдык жаан-чачыны 90 ''мм''. Тропиктик чөл ландшафты басымдуу. Эль-Арейн табигый паркы бар.

[[File:БАХРЕЙН53.png | thumb | none]]
[[File:БАХРЕЙН53.png | thumb | none]]
Калкынын негизин бахрейндиктер (бахрейндик арабдар 63%) түзөт, калганы келгиндер (Иран, Индия, Пакистан). Ислам динин (мусулман шейиттер) тутат. Перс ж-а урду тилдеринде да сүйлөшөт. Орт. жыштыгы: 1 ''км''2 жерге 1 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники 71,5, аялдарыныкы 76,5. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Манама, Мухаррак, Эр-Рифа-эль-Гарби, Мадинат-Хамад, Али.
Калкынын негизин бахрейндиктер (бахрейндик арабдар 63%) түзөт, калганы келгиндер (Иран, Индия, Пакистан). Ислам динин (мусулман шейиттер) тутат. Перс жана урду тилдеринде да сүйлөшөт. Орточо жыштыгы: 1 ''км''2 жерге 1 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 71,5, аялдарыныкы 76,5. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Манама, Мухаррак, Эр-Рифа-эль-Гарби, Мадинат-Хамад, Али.
Бахрейн аралдары тууралуу алгачкы маалымат б. з. ч. 3 миӊ жылдыкка таандык даректерде айтылат. Бахрейн ошол учурдагы кубаттуу соода империясы Дилмундун борбору болгон. Б. з. ч. 1600–1000-жылдарда Дилмун начарлап, 600-жылдан Вавилонго баш ийген. Биздин замандын башында Бахрейн өз алдынча эмирлик болгон, 4–6-кылымдарда Бахрейндин аймагы ''Сасаниддер'' мамлекетинин, кийин ''Араб халифатынын'' курамына кирген. 9–11-кылымдарда ''Омейяддар'' династиясынын, кийин ''Аббасиддердин'' карамагына өткөн. 13-кылымдын ортосунда Бахрейн көз каранды эместикке ээ болот, бирок көп өтпөй Ормуз эмирлигине бириктирилет. 16-кылымдын башында португалиялыктар тарабынан басып алынган. 17-кылымдын биринчи чейрегинде португалиялыктар өлкөдөн куулган, кийин Ирандын курамына кирген. 18-кылымгдын 80-жылдарында Эл-Халиф уруусунан чыккан араб шейхтери Бахрейндин көз каранды эместигин жарыялашкан. 19-кылымдын башынан Бахрейнге англичандар келе баштаган. Жергиликтүү шейхтер менен бир нече келишимдерди түзүү аркылуу (1820, 1847, 1861) 1861-жылы Улуу Британия Бахрейнди өзүнүн протекторатына айландырат. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1914–18) бул жерде британдык согуш базасы жайгаштырылган. 20-кылымдын башынан Бахрейнге америкалык нефть компаниялары келе баштаган. 1932-жылы нефть өндүрүүнүн башталышы Бахрейндин өнүгүүсүн шарттаган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939–45) Британ өкмөтү мында ири аскердик күчтөрүн алып келген. 1968-жылы Бахрейн ''Катар'' жана ''Оман Султандыгы'' менен бирдикте Перс булуӊундагы араб эмирликтеринин Федерациясын түзгөндүгүн жарыялайт. Улуу Британия жана Иран өкмөттөрүнүн өтүнүчү менен БУУнун Генералдык секретары У Тан Бахрейнге өлкөнүн келечек статусу жөнүндөгү маселеге карата мамилесин аныктоо үчүн 1970-жылы атайын комиссия жөнөтөт. Калктын басымдуу көпчүлүгү Бахрейндин көз каранды эместиги үчүн добуш берген. 1971-жылы 14-августта Бахрейндин көз каранды эместиги жарыяланган.
Бахрейн – Араб мамлекеттеринин лигасы ж-а Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мүчөсү; ал Сауд Аравиясы жана АКШ менен тыгыз кызматташат. 1949-жылдан Перс булуңун кайтаруу менен алектенген АКШнын 5-деңиз флотунун базасы Бахрейнде жайгашкан. 2002-жылы «Бахрейн мамлекетинин» расмий аталышы «Бахрейн королдугу» деп өзгөртүлүп, эмир Хамад ибн Иса Аль-Халифа (1999-жылдан тактыда) корол деп жарыяланган.
Экономикасынын негизин нефть жана жаратылыш газы түзөт. Ички дүӊ продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 41%, айыл чарбаныкы 1,1%. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 19,2 миӊ доллардан (АКШ) туура келет. Нефть экспорттун 80%ин, ички кирешенин 20%ин түзөт. Нефть ажыратуу, нефть-химия, кеме ремонттоочу, цемент өнөр жайы, алюминий эритүүчү завод (Перс

Б. аралдары тууралуу алгачкы маалымат б. з. ч. 3 миӊ жылдыкка таандык даректерде айтылат Б. ошол учурдагы кубаттуу соода империясы Дилмундун борбору болгон. Б. з. ч. 1600–1000-ж. Дилмун начарлап, 600-жылдан Вавилонго баш ийген. Б. з. башында Б. өз алдынча эмирлик болгон, 4–6-к-дарда Б-дин аймагы ''Сасаниддер'' мамлекетинин, кийин ''Араб халифатынын'' курамына кирген. 9–11-к-да ''Омейяддар'' династиясынын, кийин ''Аббасиддердин'' карамагына өткөн. 13-к-дын ортосунда Б. көз каранды эместикке ээ болот, бирок көп өтпөй Ормуз эмирлигине бириктирилет. 16-к-дын башында португалиялыктар тарабынан басып алынган. 17-к-дын биринчи чейрегинде португалиялыктар өлкөдөн куулган, кийин Ирандын курамына кирген. 18-к-дын 80-жылдарында Эл-Халиф уруусунан чыккан араб шейхтери Б-дин көз каранды эместигин жарыялашкан. 19-к-дын башынан Б-ге англичандар келе баштаган. Жерг. шейхтер м-н бир нече келишимдерди түзүү аркылуу (1820, 1847, 1861), 1861-ж. Улуу Британия Б-ди өзүнүн протекторатына айландырат. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1914–18) бул жерде британдык согуш базасы жайгаштырылган. 20-к-дын башынан Б-ге амер. нефть компаниялары келе баштаган. 1932-ж. нефть өндүрүүнүн башталышы Б-дин өнүгүүсүн шарттаган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939–45) Британ өкмөтү мында ири аскердик күчтөрүн алып келген. 1968-ж. Б. ''Катар'' ж-а ''Оман Султандыгы'' м-н бирдикте Перс булуӊундагы араб эмирликтеринин Федерациясын түзгөндүгүн жарыялайт. Улуу Британия ж-а Иран өкмөттөрүнүн өтүнүчү м-н БУУнун Генералдык секретары У Тан Б-ге өлкөнүн келечек статусу ж-дөгү маселеге карата мамилесин аныктоо үчүн 1970-ж. атайын комиссия жөнөтөт. Калктын басымдуу көпчүлүгү Б-дин көз каранды эместиги үчүн добуш берген. 1971-ж. 14-августта Б-дин көз каранды эместиги жарыяланган.

Б. – Араб мамлекеттеринин лигасы ж-а Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мүчөсү; ал Сауд Аравиясы ж-а АКШ м-н тыгыз кызматташат. 1949-жылдан Перс булуңун кайтаруу м-н алектенген АКШнын 5-деңиз флотунун базасы Б-де жайгашкан. 2002-ж. «Бахрейн мамлекетинин» расмий аталышы «Бахрейн королдугу» деп өзгөртүлүп, эмир Хамад ибн Иса Аль-Халифа (1999-жылдан тактыда) корол деп жарыяланган.

Экономикасынын негизин нефть ж-а жаратылыш газы түзөт. Ички дүӊ продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 41%, а. ч-ныкы 1,1%. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 19,2 миӊ доллардан (АКШ) туура келет. Нефть экспорттун 80%ин, ички кирешенин 20%ин түзөт. Нефть ажыратуу, нефть-хим., кеме ремонттоочу, цемент өнөр жайы, алюминий эритүүчү з-д (Перс

[[File:БАХРЕЙН54.png | thumb | none]]
[[File:БАХРЕЙН54.png | thumb | none]]
булуӊундагы эӊ ири өндүрүш) бар. Айдоо жери өлкөнүн жалпы аянтынын 1,4%ин ээлейт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн. Бахрейн, Мухаррак, Ситра а-нда дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), курма, жаӊгак, банан, бадам, жашылча, жемиштер өстүрүлөт. Балык кармалып, бермет чогултулат. Автомобиль жолунун уз. 3459 ''км'' (2002). Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Деӊиз порттору: Манама, Ситра. Эл аралык аэропорту (Мухаррак а-нда) бар. Сыртка нефть ж-а нефть продуктуларын, алюминий, пластмасса, хим. өнөр жай товарларын ж-а транспорт тетиктери, бермет чыгарат. Тышкы соода шериктери: Сауд Арабстаны, АКШ, Улуу Британия, Япония.
булуӊундагы эӊ ири өндүрүш) бар. Айдоо жери өлкөнүн жалпы аянтынын 1,4%ин ээлейт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн. Бахрейн, Мухаррак, Ситра аралдарында дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), курма, жаӊгак, банан, бадам, жашылча, жемиштер өстүрүлөт. Балык кармалып, бермет чогултулат. Автомобиль жолунун узундугу 3459 ''км'' (2002). Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Деӊиз порттору: Манама, Ситра. Эл аралык аэропорту (Мухаррак аралында) бар. Сыртка нефть ж-а нефть продуктуларын, алюминий, пластмасса, химия өнөр жай товарларын жана транспорт тетиктери, бермет чыгарат. Тышкы соода шериктери: Сауд Арабстаны, АКШ, Улуу Британия, Япония.
Араб жана Иран маданиятын сакташат. Байыркы архитектуралык комплекстери шумер доору (Барбар храм комплекси, ошондой эле б. з. ч. 3-кылымдын курулуштарынын калдыктары ж. б.) менен байланыштуу. Орто кылымдагы архитектурасында мусулман маданияты сакталган (мисалы, Манамадагы мечит, 11-кылым). Ошол мезгилде португалиялык колониялаштырууга тиешелүү курулуштар пайда болгон. 1970-жылдары тарыхый мекемелерди калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. 20-кылымдын 2-жарымында архитектуралык эстеликтер арасында Бахрейн университети (япон архитектору Кэндзо Тангэнин долбоору боюнча), Бейт аль-Коран комплекси (мечити, китепканасы, 1990-жылы ачылган Манама музейи менен). Бахрейн жана Сауд Арабиясын байланыштырып турган король Фахд көпүрөсү (1986) сакталган. Азыркы сүрөт искусствосу экспрессионизм, (Абд аль-Латиф Муфиз), салттуу араб каллиграфиясы (Абд аль-Илан аль-Араб), реализм (Абд-аль-Азиз бин Мухуммад аль-Халиф, Рашид Свар, Ахмад Синни ж. б.) сыяктуу ар кандай багытта өнүккөн. 1983-жылы уюшулган сүрөтчүлөр коому-салттуу жана заманбап искусство көргөзмөлөрүн уюштуруп турат. Ошондой эле тилин, динин ж. б. улуттук каада-салттарын кадырлашат. Фольклордук чыгармалары, айрыкча салт ырлары өнүккөн. Көлөмдүү көркөм адабий чыгармалары бар.
Ад.: ''Бодянский В. Л.'' Современный Бахрейн. М., 1976; ''Журавлев А. Ю.'' Социально-экономическое развитие Бахрейна (1930–1990), Большая Российская энциклопедия. 3 Т. М., 2005.

Араб ж-а Иран мад-тын сакташат. Байыркы арх-ралык комплекстери шумер доору (Барбар храм комплекси, о. эле б. з. ч. 3-к-дын курулуштарынын калдыктары ж. б.) м-н байланыштуу. О. кылымдагы арх-расында мусулман мад-ты сакталган (мис., Манамадагы мечит, 11-к.). Ошол мезгилде португалиялык колониялаштырууга тиешелүү курулуштар пайда болгон. 1970-жылдары тарыхый мекемелерди калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. 20-к-дын 2-жарымында арх-ралык эстеликтер арасында Б. ун-ти (япон арх. Кэндзо Тангэнин долбоору б-ча), Бейт аль-Коран комплекси (мечити, китепканасы, 1990-ж. ачылган Манама музейи м-н) Б. ж-а Сауд Аравиясын байланыштырып турган король Фахд көпүрөсү (1986) сакталган. Азыркы сүрөт иск-восу экспрессионизм, (Абд аль-Латиф Муфиз), салттуу араб каллиграфиясы (Абд аль-Илан аль-Араб), реализм (Абд-аль-Азиз бин Мухуммад аль-Халиф, Рашид Свар, Ахмад Синни ж. б.) сыяктуу ар кандай багытта өнүккөн. 1983-ж. уюшулган Сүрөтчүлөр коому-салттуу ж-а заманбап иск-во көргөзмөлөрүн уюштуруп турат. О. эле тилин, динин ж. б. улуттук каада-салттарын кадырлашат. Фольклордук чыгармалары, айрыкча салт ырлары өнүккөн. Көлөмдүү көркөм адабий чыгармалары бар.

Ад.: ''Бодянский В. Л.'' Современный Бахрейн. М., 1976; ''Журавлев А. Ю.'' Социально-экономическое развитие Бахрейна (1930–1990), Большая Российская энциклопедия. 3 Т. М., 2005.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:33, 30 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

БАХРЕ́ЙН, Б а х р е й н К о р о л д у г у (Мамлякат аль-Бахрейн) – Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Перс булуӊунун түштүк бөлүгүндө, Катар жарым аралы менен Сауд Аравиясынын ортосунда, Бахрейн аралында жайгашкан. Аянты 717,5 км2 (2002, кээ бир

маалыматтарда 665 чарчы километр). Калкы 17 млн (2020). Борбору – Манама шаары. Мамлекеттик тили – араб тили. Акча бирдиги – Бахрейн динары. Административдик-аймактык жактан 5 губернаторлукка бөлүнөт.
Бахрейн – БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Араб өлкөлөр лигасынын мүчөсү. Бахрейн – унитардык мамлекет. Конституциясы 2002-жылы 14-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу бийлиги – королго жана Улуттук чогулушка таандык. Улуттук чогулуш – Консультациялык кеӊеш жана депутаттар палатасынан турат. Аткаруу бийлиги – король жана Министрлер кеӊеши тарабынан жүзөгө ашырылат. Саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бахрейн архипелагы бир нече аралдар тобун (33) камтып (анын ичинен ириси – Бахрейн; узундугу 48 км, туурасы 16 км), алар ойдуӊдуу (бийиктиги 135 мге чейин) келип, негизинен акиташ тектеринен турат. Климаты тропиктик ариддик. Кышы жылуу, январдын орточо температурасы 16°С, июлдуку 37°С. Жылдык жаан-чачыны 90 мм. Тропиктик чөл ландшафты басымдуу. Эль-Арейн табигый паркы бар.

Калкынын негизин бахрейндиктер (бахрейндик арабдар 63%) түзөт, калганы келгиндер (Иран, Индия, Пакистан). Ислам динин (мусулман шейиттер) тутат. Перс жана урду тилдеринде да сүйлөшөт. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 1 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 71,5, аялдарыныкы 76,5. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Манама, Мухаррак, Эр-Рифа-эль-Гарби, Мадинат-Хамад, Али.
Бахрейн аралдары тууралуу алгачкы маалымат б. з. ч. 3 миӊ жылдыкка таандык даректерде айтылат. Бахрейн ошол учурдагы кубаттуу соода империясы Дилмундун борбору болгон. Б. з. ч. 1600–1000-жылдарда Дилмун начарлап, 600-жылдан Вавилонго баш ийген. Биздин замандын башында Бахрейн өз алдынча эмирлик болгон, 4–6-кылымдарда Бахрейндин аймагы Сасаниддер мамлекетинин, кийин Араб халифатынын курамына кирген. 9–11-кылымдарда Омейяддар династиясынын, кийин Аббасиддердин карамагына өткөн. 13-кылымдын ортосунда Бахрейн көз каранды эместикке ээ болот, бирок көп өтпөй Ормуз эмирлигине бириктирилет. 16-кылымдын башында португалиялыктар тарабынан басып алынган. 17-кылымдын биринчи чейрегинде португалиялыктар өлкөдөн куулган, кийин Ирандын курамына кирген. 18-кылымгдын 80-жылдарында Эл-Халиф уруусунан чыккан араб шейхтери Бахрейндин көз каранды эместигин жарыялашкан. 19-кылымдын башынан Бахрейнге англичандар келе баштаган. Жергиликтүү шейхтер менен бир нече келишимдерди түзүү аркылуу (1820, 1847, 1861) 1861-жылы Улуу Британия Бахрейнди өзүнүн протекторатына айландырат. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1914–18) бул жерде британдык согуш базасы жайгаштырылган. 20-кылымдын башынан Бахрейнге америкалык нефть компаниялары келе баштаган. 1932-жылы нефть өндүрүүнүн башталышы Бахрейндин өнүгүүсүн шарттаган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939–45) Британ өкмөтү мында ири аскердик күчтөрүн алып келген. 1968-жылы Бахрейн Катар жана Оман Султандыгы менен бирдикте Перс булуӊундагы араб эмирликтеринин Федерациясын түзгөндүгүн жарыялайт. Улуу Британия жана Иран өкмөттөрүнүн өтүнүчү менен БУУнун Генералдык секретары У Тан Бахрейнге өлкөнүн келечек статусу жөнүндөгү маселеге карата мамилесин аныктоо үчүн 1970-жылы атайын комиссия жөнөтөт. Калктын басымдуу көпчүлүгү Бахрейндин көз каранды эместиги үчүн добуш берген. 1971-жылы 14-августта Бахрейндин көз каранды эместиги жарыяланган.
Бахрейн – Араб мамлекеттеринин лигасы ж-а Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мүчөсү; ал Сауд Аравиясы жана АКШ менен тыгыз кызматташат. 1949-жылдан Перс булуңун кайтаруу менен алектенген АКШнын 5-деңиз флотунун базасы Бахрейнде жайгашкан. 2002-жылы «Бахрейн мамлекетинин» расмий аталышы «Бахрейн королдугу» деп өзгөртүлүп, эмир Хамад ибн Иса Аль-Халифа (1999-жылдан тактыда) корол деп жарыяланган.
Экономикасынын негизин нефть жана жаратылыш газы түзөт. Ички дүӊ продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 41%, айыл чарбаныкы 1,1%. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 19,2 миӊ доллардан (АКШ) туура келет. Нефть экспорттун 80%ин, ички кирешенин 20%ин түзөт. Нефть ажыратуу, нефть-химия, кеме ремонттоочу, цемент өнөр жайы, алюминий эритүүчү завод (Перс

булуӊундагы эӊ ири өндүрүш) бар. Айдоо жери өлкөнүн жалпы аянтынын 1,4%ин ээлейт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн. Бахрейн, Мухаррак, Ситра аралдарында дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), курма, жаӊгак, банан, бадам, жашылча, жемиштер өстүрүлөт. Балык кармалып, бермет чогултулат. Автомобиль жолунун узундугу 3459 км (2002). Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Деӊиз порттору: Манама, Ситра. Эл аралык аэропорту (Мухаррак аралында) бар. Сыртка нефть ж-а нефть продуктуларын, алюминий, пластмасса, химия өнөр жай товарларын жана транспорт тетиктери, бермет чыгарат. Тышкы соода шериктери: Сауд Арабстаны, АКШ, Улуу Британия, Япония.
Араб жана Иран маданиятын сакташат. Байыркы архитектуралык комплекстери шумер доору (Барбар храм комплекси, ошондой эле б. з. ч. 3-кылымдын курулуштарынын калдыктары ж. б.) менен байланыштуу. Орто кылымдагы архитектурасында мусулман маданияты сакталган (мисалы, Манамадагы мечит, 11-кылым). Ошол мезгилде португалиялык колониялаштырууга тиешелүү курулуштар пайда болгон. 1970-жылдары тарыхый мекемелерди калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. 20-кылымдын 2-жарымында архитектуралык эстеликтер арасында Бахрейн университети (япон архитектору Кэндзо Тангэнин долбоору боюнча), Бейт аль-Коран комплекси (мечити, китепканасы, 1990-жылы ачылган Манама музейи менен). Бахрейн жана Сауд Арабиясын байланыштырып турган король Фахд көпүрөсү (1986) сакталган. Азыркы сүрөт искусствосу экспрессионизм, (Абд аль-Латиф Муфиз), салттуу араб каллиграфиясы (Абд аль-Илан аль-Араб), реализм (Абд-аль-Азиз бин Мухуммад аль-Халиф, Рашид Свар, Ахмад Синни ж. б.) сыяктуу ар кандай багытта өнүккөн. 1983-жылы уюшулган сүрөтчүлөр коому-салттуу жана заманбап искусство көргөзмөлөрүн уюштуруп турат. Ошондой эле тилин, динин ж. б. улуттук каада-салттарын кадырлашат. Фольклордук чыгармалары, айрыкча салт ырлары өнүккөн. Көлөмдүү көркөм адабий чыгармалары бар.
Ад.: Бодянский В. Л. Современный Бахрейн. М., 1976; Журавлев А. Ю. Социально-экономическое развитие Бахрейна (1930–1990), Большая Российская энциклопедия. 3 Т. М., 2005.