БАШКАРУУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАШКАРУУ ''' (англ. management) э к о н о м и к а д а – белгилүү бир структуранын, ишкердик режимин колдонуунун сакталышын‚ программаларды‚ ишкердик максаттарды камсыз кылуучу уюштуруу системаларынын элементи‚ иши. Башкаруу эки негизги компоненттен турат: уюштуруу жөндөмдүүлүгү (ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү кошкондо) жана ишкердик сезимталдык. Башкаруу‚ эреже катары‚ линиялык | '''БАШКАРУУ ''' (англ. management) э к о н о м и к а д а – белгилүү бир структуранын, ишкердик режимин колдонуунун сакталышын‚ программаларды‚ ишкердик максаттарды камсыз кылуучу уюштуруу системаларынын элементи‚ иши. Башкаруу эки негизги компоненттен турат: уюштуруу жөндөмдүүлүгү (ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү кошкондо) жана ишкердик сезимталдык. Башкаруу‚ эреже катары‚ линиялык жана функциялык башкаруу деп аталган категорияларга бөлүнөт. Линиялык жетекчилер ''товарлар'' өндүрүшүн жана уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу ''кызмат көрсөтүүлөрдү'' контролдоону уюштурат‚ ал эми функциялык жетекчилер кадр саясаты‚ транспорттук тейлөө‚ материалдык-техникалык жабдуу‚ зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана башак сыяктуу өндүрүштүн маанилүү системасын камсыз кылууга жооп берет. Т е х н и к а д а техникалык системаларды Башкаруу объектинин ар кандай даражада автоматташтырылган жөндөөчү органдарына таасир берүү менен ишке ашырылат. Башкаруунун негизги түшүнүктөрүнүн бири – терс байланыш. Терс байланыш түшүнүгүн жалпылоо автоматтык Башкаруу теориясында жыйналган динамикалык туюк системаларга тийиштүү ыкмаларды экономикалык системалардын маанилүү эсептерин чыгаруу жана жандуу организмдердеги көп кубулуштарды түшүнүү үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Башкаруу системаларын изилдөөдө башкаруучу элементтер бөлүнүп алынып, системанын калган бөлүктөрү башкарылуучу объект катары каралат. Мурда Башкаруу теориясында эӊ жөнөкөй бир гана элемент менен башкарылуучу объект каралып келген. Азыркы татаал Башкаруу системасы даражалык түзүлүш боюнча жүргүзүлөт. Башкаруунун сапатын жогорулатууда математиканын ыкмалары чоӊ роль ойнойт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
03:42, 2 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
БАШКАРУУ (англ. management) э к о н о м и к а д а – белгилүү бир структуранын, ишкердик режимин колдонуунун сакталышын‚ программаларды‚ ишкердик максаттарды камсыз кылуучу уюштуруу системаларынын элементи‚ иши. Башкаруу эки негизги компоненттен турат: уюштуруу жөндөмдүүлүгү (ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү кошкондо) жана ишкердик сезимталдык. Башкаруу‚ эреже катары‚ линиялык жана функциялык башкаруу деп аталган категорияларга бөлүнөт. Линиялык жетекчилер товарлар өндүрүшүн жана уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү контролдоону уюштурат‚ ал эми функциялык жетекчилер кадр саясаты‚ транспорттук тейлөө‚ материалдык-техникалык жабдуу‚ зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана башак сыяктуу өндүрүштүн маанилүү системасын камсыз кылууга жооп берет. Т е х н и к а д а техникалык системаларды Башкаруу объектинин ар кандай даражада автоматташтырылган жөндөөчү органдарына таасир берүү менен ишке ашырылат. Башкаруунун негизги түшүнүктөрүнүн бири – терс байланыш. Терс байланыш түшүнүгүн жалпылоо автоматтык Башкаруу теориясында жыйналган динамикалык туюк системаларга тийиштүү ыкмаларды экономикалык системалардын маанилүү эсептерин чыгаруу жана жандуу организмдердеги көп кубулуштарды түшүнүү үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Башкаруу системаларын изилдөөдө башкаруучу элементтер бөлүнүп алынып, системанын калган бөлүктөрү башкарылуучу объект катары каралат. Мурда Башкаруу теориясында эӊ жөнөкөй бир гана элемент менен башкарылуучу объект каралып келген. Азыркы татаал Башкаруу системасы даражалык түзүлүш боюнча жүргүзүлөт. Башкаруунун сапатын жогорулатууда математиканын ыкмалары чоӊ роль ойнойт.