ВАВИЛОНИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАВИЛОНИЯ ''' – Месопотамиянын түш. бөлүгүндө (азыркы Ирактын аймагы) жайгашкан тарыхый аймак ж-а байыркы мамлекет. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башынан б. з. ч. 539-ж. перстер тарабынан басып алынганга чейин өкүм сүргөн. Адегенде В-нын аймагы Шумер ж-а Аккад деп аталган. Кийинчерээк, мамлекеттин маанилүү саясий, маданий ж-а чарбалык борборуна айланган ''Вавилон'' ш-нын аталышынан В. делип калган. Б. з. ч. 19-к-дын башына чейин В-ны Аккад падышалары, кийин Ура династиясынан чыккандар (б. з. ч. 22-к-дын аягы – 21-к.) бийлеген. Б. з. ч. 1894-ж. В-да аморит урууларынан чыккан жерг. династия бийликке келип, анын көрүнүктүү өкүлү ''Хаммурапи'' (б. з. ч. 1792–50) бүткүл Месопотамияны бирдиктүү борборлошкон мамлекетке айландырган. Анын тушунда В. күчтүү мамлекетке айланып, Хаммурапи таланттуу администратор, реформатор ж-а мыйзамчы катары таанылган. Анын атынан чыгарылган мыйзам кодекстери («Хаммурапи мыйзамдары») – байыркы замандагы эӊ белгилүү юрид. документ болуп саналат. Хаммурапинин мураскерлеринин мезги-
'''ВАВИЛОНИЯ ''' – Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө (азыркы Ирактын аймагы) жайгашкан тарыхый аймак жана байыркы мамлекет. Биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын башынан биздин заманга чейинки 539-жылы перстер тарабынан басып алынганга чейин өкүм сүргөн. Адегенде Вавилониянын аймагы Шумер жана Аккад деп аталган. Кийинчерээк, мамлекеттин маанилүү саясий, маданий жана чарбалык борборуна айланган ''Вавилон'' шаарынын аталышынан Вавилония делип калган. Биздин заманга чейинки XIX кылымдын башына чейин Вавилонияны Аккад падышалары, кийин Ура династиясынан чыккандар (биздин заманга чейинки XXII кылымдын аягы – XXI кылым) бийлеген. Биздин заманга чейинки 1894-жылы Вавилонияда аморит урууларынан чыккан жергиликтүү династия бийликке келип, анын көрүнүктүү өкүлү ''Хаммурапи'' (биздин заманга чейинки 1792–1750) бүткүл Месопотамияны бирдиктүү борборлошкон мамлекетке айландырган. Анын тушунда Вавилония күчтүү мамлекетке айланып, Хаммурапи таланттуу администратор, реформатор жана мыйзамчы катары таанылган. Анын атынан чыгарылган мыйзам кодекстери («Хаммурапи мыйзамдары») – байыркы замандагы эӊ белгилүү юридикалык документ болуп саналат. Хаммурапинин мураскерлеринин мезгилинде
<br/>
[[File:ВАВИЛОНИЯ4.png | thumb | «Дүйнөнүн Вавилон картасы». Б. з. ч. 700–500-ж. Британ музейи (Лондон).]]
[[File:ВАВИЛОНИЯ4.png | thumb | «Дүйнөнүн Вавилон картасы». Б. з. ч. 700–500-ж. Британ музейи (Лондон).]]
линде В-да сепаратисттик кыймылдар күч алып, б. з. ч. 1595-ж. Вавилонду хетт падышасы Мурсили I басып алат. Болжол м-н 1518-ж. хеттердин союздаштары, О. Азиянын талааларынан келген көчмөн касситтер шаарды ээлешип, В-да жаӊы династияны негиздешет. Касситтер династиясы сурап турганда (1518–1150) В-нын экономикасы жогорулаган. Касситтердин ж-а андан кийинки династиялар тушунда (Исиндин II династиясы, б. з. ч. 1150–1027-ж.) В-га сырткы душмандар (ассириялыктар, эламиттер) далай жолу басып кирген. Б. з. ч. 729-ж. Ассириянын падышасы Тиглатпаласар III В-га аскерлерин киргизип, Пулу деген ат м-н өзүн В-нын падышасы деп жарыялаган. В-дагы ассириялык падышалардын башкаруу мезгили мамлекеттеги саясий-экон. туруксуздук м-н белгилүү болгон. Б. з. ч. 7-к-да Ассирия аскерлери В-ны 2 жолу (689- ж-а 648-ж.) кыйраткан. Б. з. ч. 7-к-дын ортосунда Ассирияда түзүлгөн башаламандыктан пайдаланып, В-лыктар өзүнүн көз каранды эместигин калыбына келтирүүгө аракеттенишкен. Ассириялыктарды өлкөдөн кууп чыгууда Набопаласар чоӊ роль ойногон. Чечүүчү салгылашта В-лыктар жеӊип чыгышып, б. з. ч. 626-ж. Набопаласарды падыша деп жарыялашып, В-да жаӊы династия түптөлөт. 626-жылдан Жаӊы падышалыктын мезгили башталат. Кийинки падыша Навуходоносор IIнин тушунда В. Египетке ж-а анын азиялык союздаштарына каршы ийгиликтүү согушкан. 586-ж. Иерусалим талкаланып, Иудея падышалыгы В. провинциясына айланган. Набопаласар м-н Навуходоносор IIнин тушунда В-нын экономикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдыӊкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Навуходоносор IIнин өлүмүнөн кийин В-да бир нече жолу сарай төӊкөрүштөрү ишке ашырылган. В-нын акыркы падышасы Набонид болгон (556–539). Б. з. ч. 539-ж. Персия падышасы Кир II Вавилонду басып алгандан кийин, В. өз алдынча мамлекет катары өмүр сүрүүсүн токтоткон.
Вавилонияда сепаратисттик кыймылдар күч алып, биздин заманга чейинки 1595-жылы Вавилонду хетт падышасы Мурсили I басып алат. Болжол менен 1518-жылы хеттердин союздаштары, Орто Азиянын талааларынан келген көчмөн касситтер шаарды ээлешип, Вавилонияда жаӊы династияны негиздешет. Касситтер династиясы сурап турганда (1518–1150) Вавилониянын экономикасы жогорулаган. Касситтердин жана андан кийинки династиялар тушунда (Исиндин II династиясы, биздин заманга чейинки 1150–1027-жылдар) Вавилонияга сырткы душмандар (ассириялыктар, эламиттер) далай жолу басып кирген. Биздин заманга чейинки 729-жылы Ассириянын падышасы Тиглатпаласар III Вавилонияга аскерлерин киргизип, Пулу деген ат менен өзүн Вавилониянын падышасы деп жарыялаган. Вавилониядагы ассириялык падышалардын башкаруу мезгили мамлекеттеги саясий-экономикалык туруксуздук менен белгилүү болгон. Биздин заманга чейинки VII кылымда Ассирия аскерлери Вавилонияны 2 жолу (689- жана 648-жылдар) кыйраткан. Биздин заманга чейинки VII кылымдын ортосунда Ассирияда түзүлгөн башаламандыктан пайдаланып, Вавилониялыктар өзүнүн көз каранды эместигин калыбына келтирүүгө аракеттенишкен. Ассириялыктарды өлкөдөн кууп чыгууда Набопаласар чоӊ роль ойногон. Чечүүчү салгылашта Вавилониялыктар жеӊип чыгышып, биздин заманга чейинки 626-жылы Набопаласарды падыша деп жарыялашып, Вавилонияда жаӊы династия түптөлөт. 626-жылдан Жаӊы падышалыктын мезгили башталат. Кийинки падыша Навуходоносор IIнин тушунда Вавилония Египетке жана анын азиялык союздаштарына каршы ийгиликтүү согушкан. 586-жылы Иерусалим талкаланып, Иудея падышалыгы Вавилония провинциясына айланган. Набопаласар менен Навуходоносор IIнин тушунда Вавилониянын экономикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдыӊкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Навуходоносор IIнин өлүмүнөн кийин Вавилонияда бир нече жолу сарай төӊкөрүштөрү ишке ашырылган. Вавилониянын акыркы падышасы Набонид болгон (556–539). Биздин заманга чейинки 539-жылы Персия падышасы Кир II Вавилонду басып алгандан кийин, Вавилония өз алдынча мамлекет катары өмүр сүрүүсүн токтоткон.
<br/>Ад.: ''Дандамаев Д. А''. Рабство в Вавилонии. VII – IV вв. до н. э. (625 – 331 гг.). М., 1974; ''Рифтин А. П''. Старо-вавилонские юридические и админстративные документы в собраниях СССР. М.; Л., 1937; ''Дьяконов И. М.'' Законы Вавилонии, Ассирии и Хеттского царства //Вестник древней истории, 1952, ¹ 3–4; История Древнего мира. М., 1989.
 
<br />Ад.: ''Дандамаев Д. А''. Рабство в Вавилонии. VII – IV вв. до н. э. (625 – 331 гг.). М., 1974; ''Рифтин А. П''. Старо-вавилонские юридические и админстративные документы в собраниях СССР. М.; Л., 1937; ''Дьяконов И. М.'' Законы Вавилонии, Ассирии и Хеттского царства //Вестник древней истории, 1952, ¹ 3–4; История Древнего мира. М., 1989.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:30, 5 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВАВИЛОНИЯ – Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө (азыркы Ирактын аймагы) жайгашкан тарыхый аймак жана байыркы мамлекет. Биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын башынан биздин заманга чейинки 539-жылы перстер тарабынан басып алынганга чейин өкүм сүргөн. Адегенде Вавилониянын аймагы Шумер жана Аккад деп аталган. Кийинчерээк, мамлекеттин маанилүү саясий, маданий жана чарбалык борборуна айланган Вавилон шаарынын аталышынан Вавилония делип калган. Биздин заманга чейинки XIX кылымдын башына чейин Вавилонияны Аккад падышалары, кийин Ура династиясынан чыккандар (биздин заманга чейинки XXII кылымдын аягы – XXI кылым) бийлеген. Биздин заманга чейинки 1894-жылы Вавилонияда аморит урууларынан чыккан жергиликтүү династия бийликке келип, анын көрүнүктүү өкүлү Хаммурапи (биздин заманга чейинки 1792–1750) бүткүл Месопотамияны бирдиктүү борборлошкон мамлекетке айландырган. Анын тушунда Вавилония күчтүү мамлекетке айланып, Хаммурапи таланттуу администратор, реформатор жана мыйзамчы катары таанылган. Анын атынан чыгарылган мыйзам кодекстери («Хаммурапи мыйзамдары») – байыркы замандагы эӊ белгилүү юридикалык документ болуп саналат. Хаммурапинин мураскерлеринин мезгилинде

«Дүйнөнүн Вавилон картасы». Б. з. ч. 700–500-ж. Британ музейи (Лондон).

Вавилонияда сепаратисттик кыймылдар күч алып, биздин заманга чейинки 1595-жылы Вавилонду хетт падышасы Мурсили I басып алат. Болжол менен 1518-жылы хеттердин союздаштары, Орто Азиянын талааларынан келген көчмөн касситтер шаарды ээлешип, Вавилонияда жаӊы династияны негиздешет. Касситтер династиясы сурап турганда (1518–1150) Вавилониянын экономикасы жогорулаган. Касситтердин жана андан кийинки династиялар тушунда (Исиндин II династиясы, биздин заманга чейинки 1150–1027-жылдар) Вавилонияга сырткы душмандар (ассириялыктар, эламиттер) далай жолу басып кирген. Биздин заманга чейинки 729-жылы Ассириянын падышасы Тиглатпаласар III Вавилонияга аскерлерин киргизип, Пулу деген ат менен өзүн Вавилониянын падышасы деп жарыялаган. Вавилониядагы ассириялык падышалардын башкаруу мезгили мамлекеттеги саясий-экономикалык туруксуздук менен белгилүү болгон. Биздин заманга чейинки VII кылымда Ассирия аскерлери Вавилонияны 2 жолу (689- жана 648-жылдар) кыйраткан. Биздин заманга чейинки VII кылымдын ортосунда Ассирияда түзүлгөн башаламандыктан пайдаланып, Вавилониялыктар өзүнүн көз каранды эместигин калыбына келтирүүгө аракеттенишкен. Ассириялыктарды өлкөдөн кууп чыгууда Набопаласар чоӊ роль ойногон. Чечүүчү салгылашта Вавилониялыктар жеӊип чыгышып, биздин заманга чейинки 626-жылы Набопаласарды падыша деп жарыялашып, Вавилонияда жаӊы династия түптөлөт. 626-жылдан Жаӊы падышалыктын мезгили башталат. Кийинки падыша Навуходоносор IIнин тушунда Вавилония Египетке жана анын азиялык союздаштарына каршы ийгиликтүү согушкан. 586-жылы Иерусалим талкаланып, Иудея падышалыгы Вавилония провинциясына айланган. Набопаласар менен Навуходоносор IIнин тушунда Вавилониянын экономикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдыӊкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Навуходоносор IIнин өлүмүнөн кийин Вавилонияда бир нече жолу сарай төӊкөрүштөрү ишке ашырылган. Вавилониянын акыркы падышасы Набонид болгон (556–539). Биздин заманга чейинки 539-жылы Персия падышасы Кир II Вавилонду басып алгандан кийин, Вавилония өз алдынча мамлекет катары өмүр сүрүүсүн токтоткон.


Ад.: Дандамаев Д. А. Рабство в Вавилонии. VII – IV вв. до н. э. (625 – 331 гг.). М., 1974; Рифтин А. П. Старо-вавилонские юридические и админстративные документы в собраниях СССР. М.; Л., 1937; Дьяконов И. М. Законы Вавилонии, Ассирии и Хеттского царства //Вестник древней истории, 1952, ¹ 3–4; История Древнего мира. М., 1989.