ВЕРХОЯНА КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕРХО́ЯНА КЫРКА ТООСУ –''' Сибирдин түн.- чыгышындагы тоо системасы. Якутиянын аймагында. Ленанын дельтасынан Томпо д-на (Алдан д-нын куймасы) чейин 1200 ''км''ге созулат. Бийик тоолуу альп (Орулган) ж-а жайпаӊдалган орто бийик тоо (Хараулах, Кулар) рельефтүү көптөгөн тоо массивдери м-н кырка тоолордон турат. Бийикт. 2389 ''м''ге чейин. Эрозияга дуушарланган, жалпак чокулуу (байыркы тайпаӊ жондор) орто бийик тоолуу рельеф басымдуу. Кар, мөӊгүлөрү бар альп тибиндеги бийик тоо рельефи (цирктер, төрлөр, карлингдер, тепши сымал өрөөндөр) меридиан багытындагы Орулган кырка тоосунда (бийикт. 2283 ''м''), о. эле Сетте-Дабан, Сунтар-Хаята тоолорунда кездешет. Мезозой бүктөлүү структурасына кирет. Алтын, калай кендери бар. Алевролит, кумдук, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Бардык жеринде көп жылдык тоӊ кыртышы жатат. Түн. капталдарынын этек бөлүктөрүндө кызыл карагайлуу сейрек токой 800–1200 ''м'' бийиктикте ольха бадалдуу ж-а жапалак кедрлүү токой м-н алмашат; бийик беттерине таштак жерлер, эӊилчек ж-а бадалчалуу тоо тундрасы, бийик тоолорунун кыр бөлүктөрүнө арктикалык чөл мүнөздүү. Дарыя өрөөндөрүндө зор ''тарндар'' кездешет. Түш. капталдарынын этек бөлүктөрүндө талаалашкан шалбаа таралган. Усть-Лена коругу уюшулган.
'''ВЕРХОЯ́НА КЫРКА ТООСУ – ''' Сибирдин түндүк- чыгышындагы тоо системасы. Якутиянын аймагында. Ленанын дельтасынан Томпо дарыясына (Алдан дарыясынын куймасы) чейин 1200 ''км''ге созулат. Бийик тоолуу альп (Орулган) ж-а жайпаӊдалган орто бийик тоо (Хараулах, Кулар) рельефтүү көптөгөн тоо массивдери м-н кырка тоолордон турат. Бийиктиги 2389 ''м''ге чейин. Эрозияга дуушарланган, жалпак чокулуу (байыркы тайпаӊ жондор) орто бийик тоолуу рельеф басымдуу. Кар, мөӊгүлөрү бар альп тибиндеги бийик тоо рельефи (цирктер, төрлөр, карлингдер, тепши сымал өрөөндөр) меридиан багытындагы Орулган кырка тоосунда (бийиктиги 2283 ''м''), ошондой эле Сетте-Дабан, Сунтар-Хаята тоолорунда кездешет. Мезозой бүктөлүү структурасына кирет. Алтын, калай кендери бар. Алевролит, кумдук, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Бардык жеринде көп жылдык тоӊ кыртышы жатат. Түндүк капталдарынын этек бөлүктөрүндө кызыл карагайлуу сейрек токой 800–1200 ''м'' бийиктикте ольха бадалдуу ж-а жапалак кедрлүү токой м-н алмашат; бийик беттерине таштак жерлер, эӊилчек ж-а бадалчалуу тоо тундрасы, бийик тоолорунун кыр бөлүктөрүнө арктикалык чөл мүнөздүү. Дарыя өрөөндөрүндө зор ''тарндар'' кездешет. Түштүк капталдарынын этек бөлүктөрүндө талаалашкан шалбаа таралган. Усть-Лена коругу уюшулган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:39, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВЕРХОЯ́НА КЫРКА ТООСУ – Сибирдин түндүк- чыгышындагы тоо системасы. Якутиянын аймагында. Ленанын дельтасынан Томпо дарыясына (Алдан дарыясынын куймасы) чейин 1200 кмге созулат. Бийик тоолуу альп (Орулган) ж-а жайпаӊдалган орто бийик тоо (Хараулах, Кулар) рельефтүү көптөгөн тоо массивдери м-н кырка тоолордон турат. Бийиктиги 2389 мге чейин. Эрозияга дуушарланган, жалпак чокулуу (байыркы тайпаӊ жондор) орто бийик тоолуу рельеф басымдуу. Кар, мөӊгүлөрү бар альп тибиндеги бийик тоо рельефи (цирктер, төрлөр, карлингдер, тепши сымал өрөөндөр) меридиан багытындагы Орулган кырка тоосунда (бийиктиги 2283 м), ошондой эле Сетте-Дабан, Сунтар-Хаята тоолорунда кездешет. Мезозой бүктөлүү структурасына кирет. Алтын, калай кендери бар. Алевролит, кумдук, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Бардык жеринде көп жылдык тоӊ кыртышы жатат. Түндүк капталдарынын этек бөлүктөрүндө кызыл карагайлуу сейрек токой 800–1200 м бийиктикте ольха бадалдуу ж-а жапалак кедрлүү токой м-н алмашат; бийик беттерине таштак жерлер, эӊилчек ж-а бадалчалуу тоо тундрасы, бийик тоолорунун кыр бөлүктөрүнө арктикалык чөл мүнөздүү. Дарыя өрөөндөрүндө зор тарндар кездешет. Түштүк капталдарынын этек бөлүктөрүндө талаалашкан шалбаа таралган. Усть-Лена коругу уюшулган.