ВЕСТФАЛИЯ ТЫНЧТЫГЫ (1648): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВЕСТФА́ЛИЯ ТЫНЧТЫГЫ (1648) ''' Европадагы ''Отуз жылдык согушту (1618–48)'' аяктаткан. Вестфалия тынчтыгы Оснабрюк шаарында Ыйык Рим империясы ж-а анын союздаштары м-н Швеция ж-а анын союздаштарынын ортосунда ж-а Мюнстер шаарында Ыйык Рим империясынын императору ж-а анын союздаштары м-н Франция ж-а анын союздаштарынын ортосунда 1648-жылы 24-октябрда түзүлгөн эки келишимден турат. Вестфалия тынчтыгы боюнча Герман империясы Швецияга Батыш Померанияны бүт бойдон, Чыгыш Помераниянын бир бөлүгүн, Рюген аралын, Висмар шаарын, Бремен архиепископтугун, Верден епископтугун берип, 5 млн талер контрибуция төлөгөн. Швеция империялык Сеймге өз депутаттарын жиберүү укугун алган. Габсбургдардын Эльзастагы мурдагы ээлеген жерлери Францияга өткөн. Дин жагынан Вестфалия тынчтыгы кальвинчилерди католиктер ж-а лютерандар м-н бирдей укукка теӊеген. Испания ж-а Австрия Габсбургдары жеӊилсе да, Вестфалия тынчтыгы Габсбургдардын күч-кубатын толук начарлата алган эмес. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:39, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ВЕСТФА́ЛИЯ ТЫНЧТЫГЫ (1648) Европадагы Отуз жылдык согушту (1618–48) аяктаткан. Вестфалия тынчтыгы Оснабрюк шаарында Ыйык Рим империясы ж-а анын союздаштары м-н Швеция ж-а анын союздаштарынын ортосунда ж-а Мюнстер шаарында Ыйык Рим империясынын императору ж-а анын союздаштары м-н Франция ж-а анын союздаштарынын ортосунда 1648-жылы 24-октябрда түзүлгөн эки келишимден турат. Вестфалия тынчтыгы боюнча Герман империясы Швецияга Батыш Померанияны бүт бойдон, Чыгыш Помераниянын бир бөлүгүн, Рюген аралын, Висмар шаарын, Бремен архиепископтугун, Верден епископтугун берип, 5 млн талер контрибуция төлөгөн. Швеция империялык Сеймге өз депутаттарын жиберүү укугун алган. Габсбургдардын Эльзастагы мурдагы ээлеген жерлери Францияга өткөн. Дин жагынан Вестфалия тынчтыгы кальвинчилерди католиктер ж-а лютерандар м-н бирдей укукка теӊеген. Испания ж-а Австрия Габсбургдары жеӊилсе да, Вестфалия тынчтыгы Габсбургдардын күч-кубатын толук начарлата алган эмес.