ГАБСБУРГДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГАБСБУРГДАР ''' – 1282–1918-ж. Австрияда, 1526–1918-ж. Чехияда ж-а Венгрияда (1867-жылдан Австрия-Венгрияда), 1516–1700-ж. Испанияда ж-а ага караган аймактарда бийлик жүргүзгөн династия; «Ыйык Рим империясынын» императорлору (1742–45-жылдардан сырткары 1438–1806-ж. туруктуу башкарып келген). Г. тукуму Жогорку Эльзастагы Гунтрам Богатыйдан (10-к-дын ортосу) таркалган деп болжолдонот. 1090-жылдан Г. – графтар, 1135-жылдан Ортоӊку Швейцариянын ландграфтары титулун алышкан (1020-ж. Швейцариянын Ааргау жеринде Habsburq сепилин курушкан, династия ушундан улам аталган). Карл Vнин учурунда (16-к-дын башында) эбегейсиз зор аймактар (Германия, Австрия, Нидерланд, Италиянын бөлүгү, Испания ж-а анын Америкадагы колониялары) Г. бийлигине баш ийишкен. 1556-жылдан кийин Г. а в с т р и я л ы к ж-а и с п а н и я л ы к деген эки бутакка бөлүнүп кеткен. Г-дын эӊ акыркы өкүлү Карл I Австрия-Венгрияны бийлеп турган (1916–18) учурда Австрия-Венгриянын 1-дүйнөлүк согушта жеӊилүүсү ж-а бурж. рев-янын жеӊип чыгышынан улам ал тактыдан баш тарткан. 1919-ж. 3-апрелде Австриянын Уюштуруу чогулушу тарабынан кабыл алынган Г-ды бардык укуктарынан ажыратуу, алардын мүлкүн конфискациялоо ж-а Австриянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу мыйзамдын негизинде Г. тактан ажырап (1918), монархия кулаган. Белгилүү өкүлдөрү: Карл V, Филипп II, Мария Терезия, Иосиф II, Франц Иосиф I.
'''ГАБСБУРГДАР ''' – 1282–1918-жылдары Австрияда, 1526–1918-жылдары Чехияда ж-а Венгрияда (1867-жылдан Австрия-Венгрияда), 1516–1700-жылдары Испанияда ж-а ага караган аймактарда бийлик жүргүзгөн династия; «Ыйык Рим империясынын» императорлору (1742–45-жылдардан сырткары 1438–1806-жылдарда туруктуу башкарып келген). Габсбургдар тукуму Жогорку Эльзастагы Гунтрам Богатыйдан (10-кылымдын ортосу) таркалган деп болжолдонот. 1090-жылдан Габсбургдар – графтар, 1135-жылдан Ортоӊку Швейцариянын ландграфтары титулун алышкан (1020-жылы Швейцариянын Ааргау жеринде Habsburq сепилин курушкан, династия ушундан улам аталган). Карл Vнин учурунда (16-кылымдын башында) эбегейсиз зор аймактар (Германия, Австрия, Нидерланд, Италиянын бөлүгү, Испания ж-а анын Америкадагы колониялары) Габсбургдар бийлигине баш ийишкен. 1556-жылдан кийин Габсбургдар а в с т р и я л ы к ж-а и с п а н и я л ы к деген эки бутакка бөлүнүп кеткен. Габсбургдардын эӊ акыркы өкүлү Карл I Австрия-Венгрияны бийлеп турган (1916–18) учурда Австрия-Венгриянын 1-дүйнөлүк согушта жеӊилүүсү ж-а буржуазиялык революциянын жеӊип чыгышынан улам ал тактыдан баш тарткан. 1919-жылы 3-апрелде Австриянын Уюштуруу чогулушу тарабынан кабыл алынган Габсбургдарды бардык укуктарынан ажыратуу, алардын мүлкүн конфискациялоо ж-а Австриянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу мыйзамдын негизинде Габсбургдар тактан ажырап (1918), монархия кулаган. Белгилүү өкүлдөрү: Карл V, Филипп II, Мария Терезия, Иосиф II, Франц Иосиф I.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:49, 7 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГАБСБУРГДАР – 1282–1918-жылдары Австрияда, 1526–1918-жылдары Чехияда ж-а Венгрияда (1867-жылдан Австрия-Венгрияда), 1516–1700-жылдары Испанияда ж-а ага караган аймактарда бийлик жүргүзгөн династия; «Ыйык Рим империясынын» императорлору (1742–45-жылдардан сырткары 1438–1806-жылдарда туруктуу башкарып келген). Габсбургдар тукуму Жогорку Эльзастагы Гунтрам Богатыйдан (10-кылымдын ортосу) таркалган деп болжолдонот. 1090-жылдан Габсбургдар – графтар, 1135-жылдан Ортоӊку Швейцариянын ландграфтары титулун алышкан (1020-жылы Швейцариянын Ааргау жеринде Habsburq сепилин курушкан, династия ушундан улам аталган). Карл Vнин учурунда (16-кылымдын башында) эбегейсиз зор аймактар (Германия, Австрия, Нидерланд, Италиянын бөлүгү, Испания ж-а анын Америкадагы колониялары) Габсбургдар бийлигине баш ийишкен. 1556-жылдан кийин Габсбургдар а в с т р и я л ы к ж-а и с п а н и я л ы к деген эки бутакка бөлүнүп кеткен. Габсбургдардын эӊ акыркы өкүлү Карл I Австрия-Венгрияны бийлеп турган (1916–18) учурда Австрия-Венгриянын 1-дүйнөлүк согушта жеӊилүүсү ж-а буржуазиялык революциянын жеӊип чыгышынан улам ал тактыдан баш тарткан. 1919-жылы 3-апрелде Австриянын Уюштуруу чогулушу тарабынан кабыл алынган Габсбургдарды бардык укуктарынан ажыратуу, алардын мүлкүн конфискациялоо ж-а Австриянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу мыйзамдын негизинде Габсбургдар тактан ажырап (1918), монархия кулаган. Белгилүү өкүлдөрү: Карл V, Филипп II, Мария Терезия, Иосиф II, Франц Иосиф I.