ГАГАУЗДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГАГАУЗДАР ''' – Кара деңиздин түн.-батыш аймагындагы түрк тилдүү элдер. Алар негизинен Молдованын түштүгүндөгү Буджак тарыхый аймагында (Гагаузиянын автономиялык аймактык бирдиги – Гагауз-Йери) ж-а Украинанын Одесса ж-а Запорожье обл-тарында, о. эле Болгария (Варна ж-а Добрич аймактарында), Грекия, Румыния, Түркия, Россия, Казакстан ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны болжол м-н 250 миң адамды түзөт. Молдовада 126 010 адам, а. и. Гагаузияда – 112 387 (2014), Украинада 31923 (2001), Одесса обл-нда 27 617 (2001). Гагауз, о. эле молдова, украин, болгар, орус тилдеринде да сүйлөшөт. Христиан дининин православие багытын тутушат. Г-дын келип чыгышы ж-дө көптөгөн божомолдоолор кездешет: бирөөлөрү түрктөшүп кеткен болгарлар дешсе, айрымда-  
'''ГАГАУЗДАР ''' – Кара деңиздин түндүк-батыш аймагындагы түрк тилдүү элдер. Алар негизинен Молдованын түштүгүндөгү Буджак тарыхый аймагында (Гагаузиянын автономиялык аймактык бирдиги – Гагауз-Йери) ж-а Украинанын Одесса ж-а Запорожье облустарында, ошондой эле Болгария (Варна ж-а Добрич аймактарында), Грекия, Румыния, Түркия, Россия, Казакстан ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны болжол м-н 250 миң адамды түзөт. Молдовада 126 010 адам, анын ичинен Гагаузияда – 112 387 (2014), Украинада 31923 (2001), Одесса облусунда 27 617 (2001). Гагауз, ошондой эле молдова, украин, болгар, орус тилдеринде да сүйлөшөт. Христиан дининин православие багытын тутушат. Гагауздардын келип чыгышы жөнүндө көптөгөн божомолдоолор кездешет: бирөөлөрү түрктөшүп кеткен болгарлар дешсе, айрымда- <br/>
<br/>
[[File:ГАГАУЗДАР16.png | thumb | none]]
[[File:ГАГАУЗДАР16.png | thumb | none]]
ры болгар мад-тын ж-а христиан динин кабыл алган түрк урууларынын тукумдары дешет. Ал эми түркиялыктар 13-кда көчүп келишкен к и ч и а з и я л ы к түрктөрдүн ата-бабалары дешсе, европ. изилдөөчүлөр 670-ж. Волга боюнан Балканга көчүп келишкен түрк тилдүү протоболгарлардын тукумдары деп эсептешкен. Г-дын этностук негизин түрк тилдүү уруулар (огуздар, печенегдер, кыпчактар) түзгөн. 13-к-да христиан динин кабыл алышкан. Жаӊы доордо осмон-түрктөрүнүн да таасири бар. Бул этнос байырлаган аймактарда Кыргыз-Суу, Кыргыз-Кытай, Катаган, Коӊурат ж. б. жер-суу аталыштарынын болушу о. кылымдардагы кыргыз этнокомпоненттеринин таралуу ареалын, кыргыз – гагауз этностук-маданий алакаларын чагылдырат. Алар 18-к-дын аягы – 19-к-дын башында орус-түрк согушунда Россия тарабында согушкан. Г. Түш. Бессарабиянын бош жаткан талааларына отурукташкан. Алардын калган бөлүгү 1912–14-ж. Казакстанга, коллективдештирүү жылдарында Өзбекстанга көчүп келишкен. 1994-ж. Молдавияда Гагауз автономиясы түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык (жүзүмчүлүк), мал чарбачылык ж-а кол өнөрчүлүк. 19-кдын аягында аялдары жеӊи кыска көйнөк кийип, фартук тагынышкан, башына кара жоолук салынган. Алтындан жасалган кооздуктарды колдонушкан. Эркектер көйнөк, кенен шым, башына калпак, каракүл тумак кийишип, кызыл кур тагынышкан. Г-дын улуттук тамагы – эт, сүт (быштак, сыр ж. б.), дан азыктары. Салттуу үрп-адаты – курбан салты. Анда сөзсүз курмандыкка чалынган кой эти м-н даярдалган таруу ботко (булгур) даярдалган.
ры болгар маданиятын ж-а христиан динин кабыл алган түрк урууларынын тукумдары дешет. Ал эми түркиялыктар 13-кылымда көчүп келишкен к и ч и а з и я л ы к түрктөрдүн ата-бабалары дешсе, европалык изилдөөчүлөр 670-жылы Волга боюнан Балканга көчүп келишкен түрк тилдүү протоболгарлардын тукумдары деп эсептешкен. Гагауздардын этностук негизин түрк тилдүү уруулар (огуздар, печенегдер, кыпчактар) түзгөн. 13-кылымда христиан динин кабыл алышкан. Жаӊы доордо осмон-түрктөрүнүн да таасири бар. Бул этнос байырлаган аймактарда Кыргыз-Суу, Кыргыз-Кытай, Катаган, Коӊурат ж. б. жер-суу аталыштарынын болушу орто кылымдардагы кыргыз этнокомпоненттеринин таралуу ареалын, кыргыз – гагауз этностук-маданий алакаларын чагылдырат. Алар 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында орус-түрк согушунда Россия тарабында согушкан. Гагауздар Түштүк Бессарабиянын бош жаткан талааларына отурукташкан. Алардын калган бөлүгү 1912–14-жылдары Казакстанга, коллективдештирүү жылдарында Өзбекстанга көчүп келишкен. 1994-жылы Молдавияда Гагауз автономиясы түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык (жүзүмчүлүк), мал чарбачылык ж-а кол өнөрчүлүк. 19-кылымдын аягында аялдары жеӊи кыска көйнөк кийип, фартук тагынышкан, башына кара жоолук салынган. Алтындан жасалган кооздуктарды колдонушкан. Эркектер көйнөк, кенен шым, башына калпак, каракүл тумак кийишип, кызыл кур тагынышкан. Гагауздардын улуттук тамагы – эт, сүт (быштак, сыр ж. б.), дан азыктары. Салттуу үрп-адаты – курбан салты. Анда сөзсүз курмандыкка чалынган кой эти м-н даярдалган таруу ботко (булгур) даярдалган.<br/>''Ш. Керимова.''
<br/>''Ш. Керимова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:23, 8 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГАГАУЗДАР – Кара деңиздин түндүк-батыш аймагындагы түрк тилдүү элдер. Алар негизинен Молдованын түштүгүндөгү Буджак тарыхый аймагында (Гагаузиянын автономиялык аймактык бирдиги – Гагауз-Йери) ж-а Украинанын Одесса ж-а Запорожье облустарында, ошондой эле Болгария (Варна ж-а Добрич аймактарында), Грекия, Румыния, Түркия, Россия, Казакстан ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны болжол м-н 250 миң адамды түзөт. Молдовада 126 010 адам, анын ичинен Гагаузияда – 112 387 (2014), Украинада 31923 (2001), Одесса облусунда 27 617 (2001). Гагауз, ошондой эле молдова, украин, болгар, орус тилдеринде да сүйлөшөт. Христиан дининин православие багытын тутушат. Гагауздардын келип чыгышы жөнүндө көптөгөн божомолдоолор кездешет: бирөөлөрү түрктөшүп кеткен болгарлар дешсе, айрымда-

ры болгар маданиятын ж-а христиан динин кабыл алган түрк урууларынын тукумдары дешет. Ал эми түркиялыктар 13-кылымда көчүп келишкен к и ч и а з и я л ы к түрктөрдүн ата-бабалары дешсе, европалык изилдөөчүлөр 670-жылы Волга боюнан Балканга көчүп келишкен түрк тилдүү протоболгарлардын тукумдары деп эсептешкен. Гагауздардын этностук негизин түрк тилдүү уруулар (огуздар, печенегдер, кыпчактар) түзгөн. 13-кылымда христиан динин кабыл алышкан. Жаӊы доордо осмон-түрктөрүнүн да таасири бар. Бул этнос байырлаган аймактарда Кыргыз-Суу, Кыргыз-Кытай, Катаган, Коӊурат ж. б. жер-суу аталыштарынын болушу орто кылымдардагы кыргыз этнокомпоненттеринин таралуу ареалын, кыргыз – гагауз этностук-маданий алакаларын чагылдырат. Алар 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында орус-түрк согушунда Россия тарабында согушкан. Гагауздар Түштүк Бессарабиянын бош жаткан талааларына отурукташкан. Алардын калган бөлүгү 1912–14-жылдары Казакстанга, коллективдештирүү жылдарында Өзбекстанга көчүп келишкен. 1994-жылы Молдавияда Гагауз автономиясы түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык (жүзүмчүлүк), мал чарбачылык ж-а кол өнөрчүлүк. 19-кылымдын аягында аялдары жеӊи кыска көйнөк кийип, фартук тагынышкан, башына кара жоолук салынган. Алтындан жасалган кооздуктарды колдонушкан. Эркектер көйнөк, кенен шым, башына калпак, каракүл тумак кийишип, кызыл кур тагынышкан. Гагауздардын улуттук тамагы – эт, сүт (быштак, сыр ж. б.), дан азыктары. Салттуу үрп-адаты – курбан салты. Анда сөзсүз курмандыкка чалынган кой эти м-н даярдалган таруу ботко (булгур) даярдалган.
Ш. Керимова.