ГАЗ АНАЛИЗДЕГИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:31, 8 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГАЗ АНАЛИЗДЕГИЧ – газ аралашмаларынын сан ж-а сапаттык курамын аныктоочу прибор. Газ анализдегич кол м-н иштөөчү ж-а автоматтык болуп бөлүнөт. Газ анализдегичтин көрсөтүүчү, өзү жазуучу ж-а сигнал берүүчү түрлөрү бар. Иштөө принциптери боюнча Газ анализдегичтер төмөндөгүдөй айырмаланат. Химия – газдардын реактив аркылуу жутулушуна негизделет; термохимия– газдын күйүшүнүн жылуулук натыйжалуулугу өлчөнөт; термокондуктометрдик – газ аралашмалары м-н абанын жылуулук өткөргүчтөрү анализделип салыштырылат; электр-химиялык – изилденүүчү газды сиӊирип алуучу эритменин электр өткөрүмдүүлүгү өлчөнөт; денсиметрдик – газ аралашмаларынын тыгыздыгы өлчөнөт; магниттик – кычкылтектин оӊ магниттик касиеттерине негизделет; оптикалык – газ аралашмаларынын сиӊирүү же чачыратуу спектрлеринин оптикалык тыгыздыгы өлчөнөт; радиактивдүүлүк – иондоштурулган камерадагы газ курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу электр тогунун күчү аныкталат. Медицинада организмдин энергияны керектөөсүн аныктоо үчүн дем чыгаргандагы абадагы кычкылтек ж-а көмүртек саны өлчөнөт.