ГАЗ ТОЛТУРУЛГАН ПЛАСТИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГАЗ ТОЛТУРУЛГАН ПЛАСТИКТЕР ''' — көӊдөй пайда кылуучу заттардын жардамы же башка ыкмалар м-н көптүрүлгөн полимердик материалдар (толтургучу газ). Шарттуу түрдө пенопласт (туюк көӊдөй) ж-а поропласт (ачык көӊдөй) болуп бөлүнөт. Серпилгичтик мүнөздөмөсү б-ча катуу, анча катуу эмес ж-а ийилгич болот. Г. т. п. ар кандай полимерден түрдүү ыкма м-н алынат: 1) көбүктү мех. түрдө чайкап туруп катыруу аркылуу; 2) алдын ала ысытканда полимерге киргизилген көӊдөйлөгүчтүн ажыроосунан; 3) полимерде жүрүүчү реакциядан бөлүнүп чыккан газ түрүндөгү продукциялардан. Г. т. п-дин өзгөчө түрү – синтактикалык көбүктөр. Булардын тыгыздыгы төмөн ж-а жылуулук, үн, электр өткөрбөгүчтүгү м-н айырмаланат. Г. т. п. көп катмарлуу констр-ларда толтургуч катары, муздаткыч курулманын жылуулук өткөрбөстүгүн ж-а электр кабелдеринин изоляциясын камсыз кылууда, калкыма каражаттарды жасоодо, газ м-н суюктук үчүн чыпка ж-а амортизациялык материал (мис., мебель жасоодо) катары колдонулат. Полиуретан, полистирол ж-а поливинилхлориддин негизинде жасалган Г. т. п. кеӊири пайдаланылат.
'''ГАЗ ТОЛТУРУЛГАН ПЛАСТИКТЕР ''' — көӊдөй пайда кылуучу заттардын жардамы же башка ыкмалар м-н көптүрүлгөн полимердик материалдар (толтургучу газ). Шарттуу түрдө пенопласт (туюк көӊдөй) ж-а поропласт (ачык көӊдөй) болуп бөлүнөт. Серпилгичтик мүнөздөмөсү боюнча катуу, анча катуу эмес ж-а ийилгич болот. Газ толтурулган пластиктер ар кандай полимерден түрдүү ыкма м-н алынат: 1) көбүктү механикалык түрдө чайкап туруп катыруу аркылуу; 2) алдын ала ысытканда полимерге киргизилген көӊдөйлөгүчтүн ажыроосунан; 3) полимерде жүрүүчү реакциядан бөлүнүп чыккан газ түрүндөгү продукциялардан. Газ толтурулган пластиктердин өзгөчө түрү – синтактикалык көбүктөр. Булардын тыгыздыгы төмөн ж-а жылуулук, үн, электр өткөрбөгүчтүгү м-н айырмаланат. Газ толтурулган пластиктер көп катмарлуу конструкцияларда толтургуч катары, муздаткыч курулманын жылуулук өткөрбөстүгүн ж-а электр кабелдеринин изоляциясын камсыз кылууда, калкыма каражаттарды жасоодо, газ м-н суюктук үчүн чыпка ж-а амортизациялык материал (мисалы, мебель жасоодо) катары колдонулат. Полиуретан, полистирол ж-а поливинилхлориддин негизинде жасалган Газ толтурулган пластиктер  кеӊири пайдаланылат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:46, 8 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГАЗ ТОЛТУРУЛГАН ПЛАСТИКТЕР — көӊдөй пайда кылуучу заттардын жардамы же башка ыкмалар м-н көптүрүлгөн полимердик материалдар (толтургучу газ). Шарттуу түрдө пенопласт (туюк көӊдөй) ж-а поропласт (ачык көӊдөй) болуп бөлүнөт. Серпилгичтик мүнөздөмөсү боюнча катуу, анча катуу эмес ж-а ийилгич болот. Газ толтурулган пластиктер ар кандай полимерден түрдүү ыкма м-н алынат: 1) көбүктү механикалык түрдө чайкап туруп катыруу аркылуу; 2) алдын ала ысытканда полимерге киргизилген көӊдөйлөгүчтүн ажыроосунан; 3) полимерде жүрүүчү реакциядан бөлүнүп чыккан газ түрүндөгү продукциялардан. Газ толтурулган пластиктердин өзгөчө түрү – синтактикалык көбүктөр. Булардын тыгыздыгы төмөн ж-а жылуулук, үн, электр өткөрбөгүчтүгү м-н айырмаланат. Газ толтурулган пластиктер көп катмарлуу конструкцияларда толтургуч катары, муздаткыч курулманын жылуулук өткөрбөстүгүн ж-а электр кабелдеринин изоляциясын камсыз кылууда, калкыма каражаттарды жасоодо, газ м-н суюктук үчүн чыпка ж-а амортизациялык материал (мисалы, мебель жасоодо) катары колдонулат. Полиуретан, полистирол ж-а поливинилхлориддин негизинде жасалган Газ толтурулган пластиктер кеӊири пайдаланылат.