ГАЗ ТУРБИНАСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАЗ ТУРБИНАСЫ ''' – кысылган ж-а ысыган газдын (адатта отундун күйүү продуктусу) жылуулук энергиясын | '''ГАЗ ТУРБИНАСЫ ''' – кысылган ж-а ысыган газдын (адатта отундун күйүү продуктусу) жылуулук энергиясын механикалык жумушка айландырып, үзгүлтүксүз иштөөчү кыймылдаткыч. Кысылган газ күйүү камерасында, ядролук реактордо ж. б-да ысытылат. Биринчи Газ турбинасы 19-кылымдын аягында ''газ-турбиналуу кыймылдаткычтын'' бөлүгү катары пайда болгон ж-а конструкциясы жагынан ''буу барасына'' (турбинасына) окшош эле. Газ толтурулган пластиктерин өнүктүрүүгө россиялык окумуштуулар Б. С. Стечкин, Н. Р. Брилинг, В. В. Уваров, ошондой эле словакиялык ж-а америкалык окумуштуулар зор салымдарын кошушкан. Газ турбинасы бир катарда кыймылсыз жайгашкан калакча таажылары бар сопло аппаратынан ж-а жумушчу дөӊгөлөктүн айлануучу таажыларынан турат. Сопло аппараты жумушчу дөӊгөлөк м-н бирдикте турбинанын баскычын түзөт. Баскыч кыймылсыз тетиктер кирген (корпус, сопло калакчалары, бандаж шакектери) статордон ж-а айлануучу бөлүктөрдүн курамынан (жумушчу күрөкчөлөр, дисктер, вал) түзүлгөн ротордон турат. Айлануучу дөӊгөлөккө сопло аппаратынын айлануу бөлүгү Газ турбинасы же анын толук айланасы боюнча газ келет. Кысылган ж-а ысыган газ баштапкы ылдамдык м-н сопло аппаратынын калактарынын ортосундагы аралыкка кирип, кеӊейүүнүн натыйжасында жылууктун бир бөлүгү сыртка чыккан агымдын кинетикалык энергиясына айланат. Газдын агымы жумушчу калактарга таасир этип, турбинанын валын айлантат. Азыркы көп баскычтуу турбиналардын пайдалуу аракет коэффициенти 0,92 – 0,94. Газ турбинасы газ турбиналуу кыймылдаткычтарда, авиацияда ж-а электр станцияларында колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:56, 8 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГАЗ ТУРБИНАСЫ – кысылган ж-а ысыган газдын (адатта отундун күйүү продуктусу) жылуулук энергиясын механикалык жумушка айландырып, үзгүлтүксүз иштөөчү кыймылдаткыч. Кысылган газ күйүү камерасында, ядролук реактордо ж. б-да ысытылат. Биринчи Газ турбинасы 19-кылымдын аягында газ-турбиналуу кыймылдаткычтын бөлүгү катары пайда болгон ж-а конструкциясы жагынан буу барасына (турбинасына) окшош эле. Газ толтурулган пластиктерин өнүктүрүүгө россиялык окумуштуулар Б. С. Стечкин, Н. Р. Брилинг, В. В. Уваров, ошондой эле словакиялык ж-а америкалык окумуштуулар зор салымдарын кошушкан. Газ турбинасы бир катарда кыймылсыз жайгашкан калакча таажылары бар сопло аппаратынан ж-а жумушчу дөӊгөлөктүн айлануучу таажыларынан турат. Сопло аппараты жумушчу дөӊгөлөк м-н бирдикте турбинанын баскычын түзөт. Баскыч кыймылсыз тетиктер кирген (корпус, сопло калакчалары, бандаж шакектери) статордон ж-а айлануучу бөлүктөрдүн курамынан (жумушчу күрөкчөлөр, дисктер, вал) түзүлгөн ротордон турат. Айлануучу дөӊгөлөккө сопло аппаратынын айлануу бөлүгү Газ турбинасы же анын толук айланасы боюнча газ келет. Кысылган ж-а ысыган газ баштапкы ылдамдык м-н сопло аппаратынын калактарынын ортосундагы аралыкка кирип, кеӊейүүнүн натыйжасында жылууктун бир бөлүгү сыртка чыккан агымдын кинетикалык энергиясына айланат. Газдын агымы жумушчу калактарга таасир этип, турбинанын валын айлантат. Азыркы көп баскычтуу турбиналардын пайдалуу аракет коэффициенти 0,92 – 0,94. Газ турбинасы газ турбиналуу кыймылдаткычтарда, авиацияда ж-а электр станцияларында колдонулат.