ГАЗБАЛЛОНДУУ АВТОМОБИЛЬ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАЗБАЛЛОНДУУ АВТОМОБИ́ЛЬ ''' —кыймылдаткычы кысылган же суюлтулган күйүүчү газ м-н иштөөчү автомобиль. Кысылган газ – жаратылыш газы м-н нефтини кайра иштетүүдөн алынат. | '''ГАЗБАЛЛОНДУУ АВТОМОБИ́ЛЬ ''' —кыймылдаткычы кысылган же суюлтулган күйүүчү газ м-н иштөөчү автомобиль. Кысылган газ – жаратылыш газы м-н нефтини кайра иштетүүдөн алынат. Газбаллондуу автомобилдин башка автомобилдерге салыштырганда артыкчылыгы: кыймылдаткычтын тетиктери аз жешилет; майлоочу май көпкө чыдайт; кысуу даражасын чоӊойтуу аркылуу кыймылдаткычтын кубаттуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ; күйүүчү суюктук аз жумшалат, баасы төмөн, иштелип чыккан газдын зыяндуулугу аз. Газбаллондуу автомобилди пайдалануу газ толтуруучу станция тармактарын түзүү м-н байланышкандыктан, бул тармак жакшы өнүкпөй келет. Алгачкы конструкциясы 1930-жылдын башында жасалган, ал эми 1939-жылдан баштап кысылган газ, 1953-жылдан суюлтулган газ м-н иштөөчү Газбаллондуу автомобиль чыгарыла баштаган. Газбаллондуу автомобиль универсалдуу (газ ж-а бензин м-н иштейт) ж-а атайын (жалаӊ газ м-н иштейт) болуп бөлүнөт. Суюлтулган метан кузовдогу төмөнкү температураны кармоочу муздаткыч булагы (мисалы, бат бузулуучу тамак-аш продукцияларын ташуу учурунда) ж-а бир эле убакта кыймылдаткыч үчүн күйүүчү отун катары пайдаланылат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:05, 8 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГАЗБАЛЛОНДУУ АВТОМОБИ́ЛЬ —кыймылдаткычы кысылган же суюлтулган күйүүчү газ м-н иштөөчү автомобиль. Кысылган газ – жаратылыш газы м-н нефтини кайра иштетүүдөн алынат. Газбаллондуу автомобилдин башка автомобилдерге салыштырганда артыкчылыгы: кыймылдаткычтын тетиктери аз жешилет; майлоочу май көпкө чыдайт; кысуу даражасын чоӊойтуу аркылуу кыймылдаткычтын кубаттуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ; күйүүчү суюктук аз жумшалат, баасы төмөн, иштелип чыккан газдын зыяндуулугу аз. Газбаллондуу автомобилди пайдалануу газ толтуруучу станция тармактарын түзүү м-н байланышкандыктан, бул тармак жакшы өнүкпөй келет. Алгачкы конструкциясы 1930-жылдын башында жасалган, ал эми 1939-жылдан баштап кысылган газ, 1953-жылдан суюлтулган газ м-н иштөөчү Газбаллондуу автомобиль чыгарыла баштаган. Газбаллондуу автомобиль универсалдуу (газ ж-а бензин м-н иштейт) ж-а атайын (жалаӊ газ м-н иштейт) болуп бөлүнөт. Суюлтулган метан кузовдогу төмөнкү температураны кармоочу муздаткыч булагы (мисалы, бат бузулуучу тамак-аш продукцияларын ташуу учурунда) ж-а бир эле убакта кыймылдаткыч үчүн күйүүчү отун катары пайдаланылат.