ГАЗДЫН КИНЕТИКАЛЫК ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ГАЗДЫН КИНЕТИКАЛЫК ТЕОРИЯСЫ – to ГАЗДЫН КИНЕТИКАЛЫК ТЕОРИЯСЫ) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАЗДЫН КИНЕТИКАЛЫК ТЕОРИЯСЫ – ''' | '''ГАЗДЫН КИНЕТИКАЛЫК ТЕОРИЯСЫ – ''' теориялык физиканын молекулалар ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн айрым закондоруна ж-а заттардын молекулалык түзүлүшүнө негизделген статистикалык ыкма м-н газдын теӊ салмаксыз касиеттерин изилдөөчү бөлүгү. Анын жардамы м-н сейректелген жана тыгыз газдардын, көп атомдуу ж-а иондошкон (''плазма'') газдардын, газ аралашмаларынын касиеттери изилденет. Газды мүнөздөөчү физикалык чоӊдуктар орто статистикалык маанилерге ээ. Бул чоӊдуктардын орто маанилерин эсептөө үчүн газ молекулаларынын мейкиндикте убакыт боюнча жайгаштыруу закону, башкача айтканда жайгаштыруу функциясын ''f (v, r, t)'' билүү зарыл. Мында ''v'' – ылдамдык, ''r'' – радиус вектор, ''t'' – убакыт. Ушул функциянын жардамы м-н газ абалын мүнөздөөчү чоӊдуктардын маанилери эсептелет. Газдарда энергиянын ж-а импульстун берилиши молекулалардын кош урунуулары м-н шартталат. Үч молекуланын бир эле мезгилде өз ара урунушу өтө аз. Газдын кинетикалык теориясынын негизги законунун милдетин Больцман кинетикалык теӊдемеси аткарат. Ал аркылуу импульстун ж-а энергиянын теӊдемелери алынат ж-а кинетикалык коэффициенттери эсептелет. Кванттык Газдын кинетикалык теориясы квант механикасына негизделген. Кинетикалык теӊдемени чыгаруу ыкмаларын англиялык окумуштуу С. Чепмен ж-а швед окумуштуусу Д. Энског иштеп чыккан. Газдын кинетикалык теориясынын негизги милдети – газ абалын мүнөздөгөн кубулуштардын (диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөргүчтүк ж. б.) орточо маанисин аныктоо. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:42, 9 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГАЗДЫН КИНЕТИКАЛЫК ТЕОРИЯСЫ – теориялык физиканын молекулалар ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн айрым закондоруна ж-а заттардын молекулалык түзүлүшүнө негизделген статистикалык ыкма м-н газдын теӊ салмаксыз касиеттерин изилдөөчү бөлүгү. Анын жардамы м-н сейректелген жана тыгыз газдардын, көп атомдуу ж-а иондошкон (плазма) газдардын, газ аралашмаларынын касиеттери изилденет. Газды мүнөздөөчү физикалык чоӊдуктар орто статистикалык маанилерге ээ. Бул чоӊдуктардын орто маанилерин эсептөө үчүн газ молекулаларынын мейкиндикте убакыт боюнча жайгаштыруу закону, башкача айтканда жайгаштыруу функциясын f (v, r, t) билүү зарыл. Мында v – ылдамдык, r – радиус вектор, t – убакыт. Ушул функциянын жардамы м-н газ абалын мүнөздөөчү чоӊдуктардын маанилери эсептелет. Газдарда энергиянын ж-а импульстун берилиши молекулалардын кош урунуулары м-н шартталат. Үч молекуланын бир эле мезгилде өз ара урунушу өтө аз. Газдын кинетикалык теориясынын негизги законунун милдетин Больцман кинетикалык теӊдемеси аткарат. Ал аркылуу импульстун ж-а энергиянын теӊдемелери алынат ж-а кинетикалык коэффициенттери эсептелет. Кванттык Газдын кинетикалык теориясы квант механикасына негизделген. Кинетикалык теӊдемени чыгаруу ыкмаларын англиялык окумуштуу С. Чепмен ж-а швед окумуштуусу Д. Энског иштеп чыккан. Газдын кинетикалык теориясынын негизги милдети – газ абалын мүнөздөгөн кубулуштардын (диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөргүчтүк ж. б.) орточо маанисин аныктоо.