ВАТ-ПХУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
(Тоо монастыры) – Лаостун түштүгүндөгү (Тямпасак провинциясы) зыярат сарайлар комплекси. Тоо капталына жайгашкан (деӊиз деӊг. 1400 ''м''). Индуисттик чиркөө катары 5-к-да негизделген. 7-к-дан Кхмер мамлекети Ченланын диний борбору. Башкы зыярат жайы Лингапарвата (Линга тоосу) Шива Бхадрешвара кудайына багышталган. 10–12-к-да Камбужадеш империясынын башкаруучулары тарабынан көптөгөн кайра курууларга дуушарланган; композициялык структурасы, ошол доордогу негизги курулуштары сакталган. 14-к-да В.-П. будда монастырына айландырылып, азыркы наамын алган. В.-П-нун арх-расы ландшафтка шайкеш келип, касиеттүү орунду көздөй бара-бара жогорулап көтөрүлүп жетүү идеясына ылайык ишке ашырылган. Эки жагы таш мамылар м-н курчалган кеӊири жол адегенде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлчү тектирлүү бассейнге, андан тоо этегинде жайгашкан ар түрлүү кооздуктагы Түн. ж-а Түш. сарайларына келет. Жогору жагындагы тектирде кыштан курулган 6 зыярат сарай бар. Эӊ жогорку тектиринде (деӊиз деӊг. 1200 ''м'') борбордук курулуш ансамбли турат. Ичи аял кудайлардын айкелдери ар кыл мифологиялык сюжеттеги барельефтер м-н шөкөттөлгөн. Храмдын артындагы асканын ташын оюп, кечилдер үчүн атайын зал жасалган. В.-П. Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
'''ВАТ-ПХУ ''' (Тоо монастыры) – Лаостун түштүгүндөгү (Тямпасак провинциясы) зыярат сарайлар комплекси. Тоо капталына жайгашкан (деӊиз деӊгээлинен 1400 ''м''). Индуисттик чиркөө катары V кылымда негизделген. VII кылымдан Кхмер мамлекети Ченланын диний борбору. Башкы зыярат жайы Лингапарвата (Линга тоосу) Шива Бхадрешвара кудайына багышталган. X–XII кылымдарда Камбужадеш империясынын башкаруучулары тарабынан көптөгөн кайра курууларга дуушарланган; композициялык структурасы, ошол доордогу негизги курулуштары сакталган. XIV кылымда Ват-Пху будда монастырына айландырылып, азыркы наамын алган. Ват-Пхунун архитектурасы ландшафтка шайкеш келип, касиеттүү орунду көздөй бара-бара жогорулап көтөрүлүп жетүү идеясына ылайык ишке ашырылган. Эки жагы таш мамылар менен курчалган кеӊири жол адегенде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлчү тектирлүү бассейнге, андан тоо этегинде жайгашкан ар түрлүү кооздуктагы Түндүк жана Түштүк сарайларына келет. Жогору жагындагы тектирде кыштан курулган 6 зыярат сарай бар. Эӊ жогорку тектиринде (деӊиз деӊгээлинен 1200 ''м'') борбордук курулуш ансамбли турат. Ичи аял кудайлардын айкелдери ар кыл мифологиялык сюжеттеги барельефтер менен шөкөттөлгөн. Храмдын артындагы асканын ташын оюп, кечилдер үчүн атайын зал жасалган. Ват-Пху Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
[[Файл:Ват Пху.jpg|left|thumb|362x362px]]
[[Файл:Жалпы.jpg|thumb|449x449px]]
[[Файл:Ват Пху ичи.jpg|center|thumb|333x333px]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:06, 12 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВАТ-ПХУ (Тоо монастыры) – Лаостун түштүгүндөгү (Тямпасак провинциясы) зыярат сарайлар комплекси. Тоо капталына жайгашкан (деӊиз деӊгээлинен 1400 м). Индуисттик чиркөө катары V кылымда негизделген. VII кылымдан Кхмер мамлекети Ченланын диний борбору. Башкы зыярат жайы Лингапарвата (Линга тоосу) Шива Бхадрешвара кудайына багышталган. X–XII кылымдарда Камбужадеш империясынын башкаруучулары тарабынан көптөгөн кайра курууларга дуушарланган; композициялык структурасы, ошол доордогу негизги курулуштары сакталган. XIV кылымда Ват-Пху будда монастырына айландырылып, азыркы наамын алган. Ват-Пхунун архитектурасы ландшафтка шайкеш келип, касиеттүү орунду көздөй бара-бара жогорулап көтөрүлүп жетүү идеясына ылайык ишке ашырылган. Эки жагы таш мамылар менен курчалган кеӊири жол адегенде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлчү тектирлүү бассейнге, андан тоо этегинде жайгашкан ар түрлүү кооздуктагы Түндүк жана Түштүк сарайларына келет. Жогору жагындагы тектирде кыштан курулган 6 зыярат сарай бар. Эӊ жогорку тектиринде (деӊиз деӊгээлинен 1200 м) борбордук курулуш ансамбли турат. Ичи аял кудайлардын айкелдери ар кыл мифологиялык сюжеттеги барельефтер менен шөкөттөлгөн. Храмдын артындагы асканын ташын оюп, кечилдер үчүн атайын зал жасалган. Ват-Пху Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.