ГАЛЛИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГА́ЛЛИЙ ''' (лат. Gallium), Ga – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' III тобундагы | '''ГА́ЛЛИЙ ''' (лат. Gallium), Ga – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' III тобундагы химиялык элемент. Катар номери 31, атомдук массасы 69,72; табиятта 2 изотобу бар: <sup>69</sup>Ga ж-а <sup>71</sup>Ga. Бул элементтин негизги касиеттерин 1870-жылы орус химиги ''Д. И. Менделеев'' алдын ала айтып, аны «экаалюминий» деп атаган. 1875-жылы Лэкок-де-Буабодран спектр анализи аркылуу бөлүп алган. Жер кыртышында массасы боюнча 1,5 .10<sup>–3</sup> %ти түзөт. Негизги минералы болуп галлит (CuGaS<sub>2</sub>) эсептелет. Галлий күмүш түстүү ак металл, эрүү температурасы 29,75°С, кайноо температурасы 2403°С, тыгыздыгы 5,097 ''г/см''<sup>3</sup>. Окистенүү даражасы +1, +2, +3. Химиялык касиети боюнча алюминийге өтө окшош. Галогендер, щелочтордун концентрациялык эритмеси м-н реакцияга кирип, тиешелүү бирикмелерди берет, 285°Сде абада окистенет (жогорку оксиди GaO<sub>3</sub>), HNO<sub>3</sub>, H<sub>2</sub>SO<sub>4</sub> кислоталары, «падыша арагы», суу буусу м-н аракеттенет. Галлий туздарынын суудагы эритмелеринде амфотердик мүнөзгө ээ болгон гидроксиди Ga(OH)<sub>3</sub> пайда болот. Бирикмелери уулуу эмес. Анын алтын ж-а күмүш м-н болгон куймасы белгилүү. Галлий бокситтерден бөлүнүп алынат. Оптикалык күзгүлөрдү, жогорку температуралык термометрлерде жарым өткөргүчтөрдү даярдоодо колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:36, 13 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГА́ЛЛИЙ (лат. Gallium), Ga – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номери 31, атомдук массасы 69,72; табиятта 2 изотобу бар: 69Ga ж-а 71Ga. Бул элементтин негизги касиеттерин 1870-жылы орус химиги Д. И. Менделеев алдын ала айтып, аны «экаалюминий» деп атаган. 1875-жылы Лэкок-де-Буабодран спектр анализи аркылуу бөлүп алган. Жер кыртышында массасы боюнча 1,5 .10–3 %ти түзөт. Негизги минералы болуп галлит (CuGaS2) эсептелет. Галлий күмүш түстүү ак металл, эрүү температурасы 29,75°С, кайноо температурасы 2403°С, тыгыздыгы 5,097 г/см3. Окистенүү даражасы +1, +2, +3. Химиялык касиети боюнча алюминийге өтө окшош. Галогендер, щелочтордун концентрациялык эритмеси м-н реакцияга кирип, тиешелүү бирикмелерди берет, 285°Сде абада окистенет (жогорку оксиди GaO3), HNO3, H2SO4 кислоталары, «падыша арагы», суу буусу м-н аракеттенет. Галлий туздарынын суудагы эритмелеринде амфотердик мүнөзгө ээ болгон гидроксиди Ga(OH)3 пайда болот. Бирикмелери уулуу эмес. Анын алтын ж-а күмүш м-н болгон куймасы белгилүү. Галлий бокситтерден бөлүнүп алынат. Оптикалык күзгүлөрдү, жогорку температуралык термометрлерде жарым өткөргүчтөрдү даярдоодо колдонулат.