ГАЛЛИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГА́ЛЛИЯ ''' (лат. Gallia) – Европадагы тарыхый аймак. Азыркы Түн. Италияны, Францияны, Люксембургду, Бельгияны ж-а Нидерланд м-н Швейцариянын бир бөлүгүн камтыган. Б. з. ч. 6-к-дан Г-ны ''кельттер'' мекендеп, римдиктер аларды ''галлдар'' деп аташкан («Галлия» ушундан чыккан). Римдиктер б. з. ч. 220-ж. ч. По д. м-н Альпынын аралыгындагы жерлерди каратып, римдик провинцияга (Цизальпы Г-сы) айландырган. Б. з. ч. 58–51-ж. Цезарь Г-нын калган бөлүгүн басып алып, мында 4 римдик провинция (Нарбонн Г-сы, Лугдун Г-сы, Аквитания ж-а Белгика) түзүлгөн. Б. з. 3-к-нын орто чендеринде Рим империясынын ички ж-а тышкы абалынын оорлошуна байланыштуу анын курамынан 258-ж. Г., о. эле Британия ж-а Испания бөлүнүп чыгып, Постум жетектеген өз алдынча империя түзүлөт. Г. империясы 15 жыл өз алдынча мамлекет катары жашап, анын акыркы башкаруучусу Тетриктин (270–273-ж. башкарган) тушунда өлкөдө башталган аскерлердин көтөрүлүштөрү мамлекеттин кыйроосуна алып келип, ал өзү император Аврелианга багынып берип, Г. Рим империясына кайра кошулган. ''Варварлардын'' Г-га басып киришинин натыйжасында Рейнде 406-ж. Бургунддар мамлекети түзүлгөн. Мына ушундан кийин герман уруулары Г. жерин улам басып ала берген да, франк королу Хлодвиг 486-ж. Г-ны Франк мамлекетинин курамына толук караткан.
'''ГА́ЛЛИЯ ''' (лат. Gallia) – Европадагы тарыхый аймак. Азыркы Түндүк Италияны, Францияны, Люксембургду, Бельгияны ж-а Нидерланд м-н Швейцариянын бир бөлүгүн камтыган. Б. з. ч. 6-кылымдан Галлияны ''кельттер'' мекендеп, римдиктер аларды ''галлдар'' деп аташкан («Галлия» ушундан чыккан). Римдиктер б. з. ч. 220-жыл ченде По дарыясы м-н Альпынын аралыгындагы жерлерди каратып, римдик провинцияга (Цизальпы Галлиясы) айландырган. Б. з. ч. 58–51-жылдары Цезарь Галлиянын калган бөлүгүн басып алып, мында 4 римдик провинция (Нарбонн Галлиясы, Лугдун Галлиясы, Аквитания ж-а Белгика) түзүлгөн. Б. з. 3-кылымынын орто чендеринде Рим империясынын ички ж-а тышкы абалынын оорлошуна байланыштуу анын курамынан 258-жылы Галлия, ошондой эле Британия ж-а Испания бөлүнүп чыгып, Постум жетектеген өз алдынча империя түзүлөт. Галлия империясы 15 жыл өз алдынча мамлекет катары жашап, анын акыркы башкаруучусу Тетриктин (270–273-жылдары башкарган) тушунда өлкөдө башталган аскерлердин көтөрүлүштөрү мамлекеттин кыйроосуна алып келип, ал өзү император Аврелианга багынып берип, Галлия Рим империясына кайра кошулган. ''Варварлардын'' Галлияга басып киришинин натыйжасында Рейнде 406-жылы Бургунддар мамлекети түзүлгөн. Мына ушундан кийин герман уруулары Галлия жерин улам басып ала берген да, франк королу Хлодвиг 486-жылы Галлияны Франк мамлекетинин курамына толук караткан.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:43, 13 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГА́ЛЛИЯ (лат. Gallia) – Европадагы тарыхый аймак. Азыркы Түндүк Италияны, Францияны, Люксембургду, Бельгияны ж-а Нидерланд м-н Швейцариянын бир бөлүгүн камтыган. Б. з. ч. 6-кылымдан Галлияны кельттер мекендеп, римдиктер аларды галлдар деп аташкан («Галлия» ушундан чыккан). Римдиктер б. з. ч. 220-жыл ченде По дарыясы м-н Альпынын аралыгындагы жерлерди каратып, римдик провинцияга (Цизальпы Галлиясы) айландырган. Б. з. ч. 58–51-жылдары Цезарь Галлиянын калган бөлүгүн басып алып, мында 4 римдик провинция (Нарбонн Галлиясы, Лугдун Галлиясы, Аквитания ж-а Белгика) түзүлгөн. Б. з. 3-кылымынын орто чендеринде Рим империясынын ички ж-а тышкы абалынын оорлошуна байланыштуу анын курамынан 258-жылы Галлия, ошондой эле Британия ж-а Испания бөлүнүп чыгып, Постум жетектеген өз алдынча империя түзүлөт. Галлия империясы 15 жыл өз алдынча мамлекет катары жашап, анын акыркы башкаруучусу Тетриктин (270–273-жылдары башкарган) тушунда өлкөдө башталган аскерлердин көтөрүлүштөрү мамлекеттин кыйроосуна алып келип, ал өзү император Аврелианга багынып берип, Галлия Рим империясына кайра кошулган. Варварлардын Галлияга басып киришинин натыйжасында Рейнде 406-жылы Бургунддар мамлекети түзүлгөн. Мына ушундан кийин герман уруулары Галлия жерин улам басып ала берген да, франк королу Хлодвиг 486-жылы Галлияны Франк мамлекетинин курамына толук караткан.