ГАМСАХУРДИА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАМСАХУ́РДИА ''' Звиад Константинович (31. 3. 1939, Грузия, Тбилиси – 31. 12. 1993, Грузия, Жихаскари | '''ГАМСАХУ́РДИА ''' '''Звиад Константинович''' (31. 3. 1939, Грузия, Тбилиси – 31. 12. 1993, Грузия, Жихаскари кыштагы) – грузин саясий ж-а мамлекеттик ишмери. Филология илимдеринин доктору (1991). Тбилиси университетин бүтүргөн (1962). 1963–77-жылдары Грузин ССР ИАнын илимий, 1981-жылдан улук илимий кызматкери. 1973-жылы Грузияда адам укугун коргоо боюнча демилге тобун, 1976-жылы грузин Хельсинки тобун уюштургандардын бири. 1977-жылы антисоветтик ишмердиги үчүн 3 жылга сүргүнгө айдалган. 1978-жылы АКШ конгресси тарабынан Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн. «Кайра куруу» жылдарында адам укугун коргоодо ж-а грузин улуттук кыймылында активдүү роль ойногон. 1990-жылдан Грузия ССРинин Жогорку Советинин төрагасы. 1991-жылы «Грузиянын мамлекеттик көз каранды эместигин калыбына келтирүү» актысын даярдоо тобун жетектеген. 1991-жылы апрелде Грузия Республикасынын президенти болуп шайланган. 1991-жылы августта Грузиянын мамлекеттик эгемендүүлүгүн жарыялаган. 1992-жылы 6-январда Грузия Республикасынын Аскердик кеӊеши тарабынан бийликтен четтетилген. Гамсахурдиа алгач өлкөнү таштап кеткен, 1993-жылы 24-сентябрда Зугдиди шаарына кайтып келип (Батыш Грузия), «куугунтуктагы өкмөттү» түзгөн. Анын Э. Шеварднадзенин режимине каршы күрөшү ийгиликсиз аяктап, Гамсахурдиа курман болгон. 1994-жылы анын сөөгү Грозный шаарына (Чечен Республикасы) коюлган. Грузиядагы «розалар революциясынан» кийин 2004-жылы январда сөөгү Тбилисиге алып келип коюлган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:01, 13 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГАМСАХУ́РДИА Звиад Константинович (31. 3. 1939, Грузия, Тбилиси – 31. 12. 1993, Грузия, Жихаскари кыштагы) – грузин саясий ж-а мамлекеттик ишмери. Филология илимдеринин доктору (1991). Тбилиси университетин бүтүргөн (1962). 1963–77-жылдары Грузин ССР ИАнын илимий, 1981-жылдан улук илимий кызматкери. 1973-жылы Грузияда адам укугун коргоо боюнча демилге тобун, 1976-жылы грузин Хельсинки тобун уюштургандардын бири. 1977-жылы антисоветтик ишмердиги үчүн 3 жылга сүргүнгө айдалган. 1978-жылы АКШ конгресси тарабынан Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн. «Кайра куруу» жылдарында адам укугун коргоодо ж-а грузин улуттук кыймылында активдүү роль ойногон. 1990-жылдан Грузия ССРинин Жогорку Советинин төрагасы. 1991-жылы «Грузиянын мамлекеттик көз каранды эместигин калыбына келтирүү» актысын даярдоо тобун жетектеген. 1991-жылы апрелде Грузия Республикасынын президенти болуп шайланган. 1991-жылы августта Грузиянын мамлекеттик эгемендүүлүгүн жарыялаган. 1992-жылы 6-январда Грузия Республикасынын Аскердик кеӊеши тарабынан бийликтен четтетилген. Гамсахурдиа алгач өлкөнү таштап кеткен, 1993-жылы 24-сентябрда Зугдиди шаарына кайтып келип (Батыш Грузия), «куугунтуктагы өкмөттү» түзгөн. Анын Э. Шеварднадзенин режимине каршы күрөшү ийгиликсиз аяктап, Гамсахурдиа курман болгон. 1994-жылы анын сөөгү Грозный шаарына (Чечен Республикасы) коюлган. Грузиядагы «розалар революциясынан» кийин 2004-жылы январда сөөгү Тбилисиге алып келип коюлган.