ГАРИБАЛЬДИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''ГАРИБА́ЛЬДИ ''' Жузеппе (4. 7. 1807, Ницца ш. – 2. 6. 1882, Капрера а.) – Италиянын элдик баатыры, улуттук-боштондук кыймылдын (''Рисоржименто'') жол башчысы, генерал. Катардагы матростон 1832-ж. «Эвридика» соода кемесинин капитандыгына чейин өсүп жеткен. 1833-жылдан «Жаш Италия» уюмуна мүчө болуп кирип, улут азаттыгы үчүн күрөшкө аралашкан. Рев-ячыл иши үчүн өлүм жазасына сыртынан өкүм кылынган да, Түш. Америкага эмиграцияга кетип, он жыл бою Риу-Гранди м-н Уругвай Респ-нын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн. 1848–49-ж. Италиядагы рев-я алдында өз жерине кайтып
'''ГАРИБА́ЛЬДИ ''' '''Жузеппе''' (4. 7. 1807, Ницца шаары – 2. 6. 1882, Капрера аралы) – Италиянын элдик баатыры, улуттук-боштондук кыймылдын (''Рисоржименто'') жол башчысы, генерал. Катардагы матростон 1832-жылы «Эвридика» соода кемесинин капитандыгына чейин өсүп жеткен. 1833-жылдан «Жаш Италия» уюмуна мүчө болуп кирип, улут азаттыгы үчүн күрөшкө аралашкан. Революциячыл иши үчүн өлүм жазасына сыртынан өкүм кылынган да, Түштүк Америкага эмиграцияга кетип, он жыл бою Риу-Гранди м-н Уругвай Республикасынын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн. 1848–49-жылдары Италиядагы революция алдында өз жерине кайтып

[[File:ГАРИБАЛЬДИ65.png | thumb | Ж. Гарибальди. Гравюра.]]
[[File:ГАРИБАЛЬДИ65.png | thumb | Ж. Гарибальди. Гравюра.]]
келген. Рев-я жылдары Австрия-Италия согушуна катышкан. Ал Рим Респ. түзүүгө (9-февраль, 1849-ж.) жетекчилик кылып, Римди коргоону уюштурган. Респ. кулаганда 4 миӊ адамдан турган отряд м-н Венециядагы рев-яга жардамга барган. Ушул жүрүштө ал душман колуна түшүп, чет элге сүргүнгө айдалган. 1849–54-ж. сүргүндө жүргөн. Австрия-Италия-Франция согушунда (1859) да ыктыярдууларга командачы болуп, 1860-ж. «Миӊчилердин» жүрүшүн жетектеп, Сицилиядагы элдик көтөрүлүшкө катышкан. Натыйжада Италиянын түштүгү Бурбондор бийлигинен бүт бошотулган. 1870–71-ж-дагы Франция-Пруссия согушунун учурунда француз респ-чыларынын тарабында согушкан. Г. Италияны азат кылуу ж-а бириктирүү маселесин өзүнүн өмүрлүк иши деп эсептеген. Ал венгрлердин, поляктардын, гректердин улуттук-боштондук кыймылына тилектештигин билдирген. Элинин боштондугу үчүн күрөшкө өмүрүн арнаган Г. италян элинин улуттук сыймыгына айланган. Италиянын дээрлик ар бир шаарында
келген. Революция жылдары Австрия-Италия согушуна катышкан. Ал Рим Республикасын түзүүгө (9-февраль, 1849-жыл) жетекчилик кылып, Римди коргоону уюштурган. Республика кулаганда 4 миӊ адамдан турган отряд м-н Венециядагы революцияга жардамга барган. Ушул жүрүштө ал душман колуна түшүп, чет элге сүргүнгө айдалган. 1849–54-жылдары сүргүндө жүргөн. Австрия-Италия-Франция согушунда (1859) да ыктыярдууларга командачы болуп, 1860-жылы «Миӊчилердин» жүрүшүн жетектеп, Сицилиядагы элдик көтөрүлүшкө катышкан. Натыйжада Италиянын түштүгү Бурбондор бийлигинен бүт бошотулган. 1870–71-жылдардагы Франция-Пруссия согушунун учурунда француз республикачыларынын тарабында согушкан. Гарибальди Италияны азат кылуу ж-а бириктирүү маселесин өзүнүн өмүрлүк иши деп эсептеген. Ал венгрлердин, поляктардын, гректердин улуттук-боштондук кыймылына тилектештигин билдирген. Элинин боштондугу үчүн күрөшкө өмүрүн арнаган Гарибальди италян элинин улуттук сыймыгына айланган. Италиянын дээрлик ар бир шаарында
анын ысмында көчө бар.

анын ысмында көчө бар.

Ад.: ''Лурье А.'' Гарибальди. 1807–1882. М., 1957; ''Невлер (Виллин) В''. Дж. Гарибальди. М., 1961.

Ад.: ''Лурье А.'' Гарибальди. 1807–1882. М., 1957; ''Невлер (Виллин) В''. Дж. Гарибальди. М., 1961.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:58, 14 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГАРИБА́ЛЬДИ Жузеппе (4. 7. 1807, Ницца шаары – 2. 6. 1882, Капрера аралы) – Италиянын элдик баатыры, улуттук-боштондук кыймылдын (Рисоржименто) жол башчысы, генерал. Катардагы матростон 1832-жылы «Эвридика» соода кемесинин капитандыгына чейин өсүп жеткен. 1833-жылдан «Жаш Италия» уюмуна мүчө болуп кирип, улут азаттыгы үчүн күрөшкө аралашкан. Революциячыл иши үчүн өлүм жазасына сыртынан өкүм кылынган да, Түштүк Америкага эмиграцияга кетип, он жыл бою Риу-Гранди м-н Уругвай Республикасынын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн. 1848–49-жылдары Италиядагы революция алдында өз жерине кайтып

Ж. Гарибальди. Гравюра.

келген. Революция жылдары Австрия-Италия согушуна катышкан. Ал Рим Республикасын түзүүгө (9-февраль, 1849-жыл) жетекчилик кылып, Римди коргоону уюштурган. Республика кулаганда 4 миӊ адамдан турган отряд м-н Венециядагы революцияга жардамга барган. Ушул жүрүштө ал душман колуна түшүп, чет элге сүргүнгө айдалган. 1849–54-жылдары сүргүндө жүргөн. Австрия-Италия-Франция согушунда (1859) да ыктыярдууларга командачы болуп, 1860-жылы «Миӊчилердин» жүрүшүн жетектеп, Сицилиядагы элдик көтөрүлүшкө катышкан. Натыйжада Италиянын түштүгү Бурбондор бийлигинен бүт бошотулган. 1870–71-жылдардагы Франция-Пруссия согушунун учурунда француз республикачыларынын тарабында согушкан. Гарибальди Италияны азат кылуу ж-а бириктирүү маселесин өзүнүн өмүрлүк иши деп эсептеген. Ал венгрлердин, поляктардын, гректердин улуттук-боштондук кыймылына тилектештигин билдирген. Элинин боштондугу үчүн күрөшкө өмүрүн арнаган Гарибальди италян элинин улуттук сыймыгына айланган. Италиянын дээрлик ар бир шаарында
анын ысмында көчө бар.

Ад.: Лурье А. Гарибальди. 1807–1882. М., 1957; Невлер (Виллин) В. Дж. Гарибальди. М., 1961.