ГАРТЛИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГА́РТЛИ, ''' Х а р т л и (Hartley) Дейвид (30.8.1705, Армли – 28.8.1757, Бат) – | '''ГА́РТЛИ, ''' Х а р т л и (Hartley) '''Дейвид''' (30.8.1705, Армли – 28.8.1757, Бат) – англиялык ойчул, ассоциячыл психологияны негиздөөчүлөрдүн бири. Адамдардын жүрүм-турумдарын башкаруу үчүн психикалык процесстердин так законун табуу үчүн Ньютондун физикалык принциптерин колдонууга аракеттенген. Гартлинин ырастоосу боюнча эфирдин тышкы чөйрөсүнүн термелүүсү адамдын сезим органдарында, мээсинде ж-а булчуӊдарында да тийиштүү термелүүлөрдү пайда кылат. Ал эми булар (туюмдар, мээ, булчуӊдар) психикалык кубулуштар м-н жанаша жарыш (параллель) катар байланышта турат. Термелүү тартиби, тездиги, багыты мээде кандайдыр бир руханий табияты бар сезимдерди ж-а идеяларды жаратат. Гартлинин окуусу механикалык түрдө түшүндүрүлгөнүнө карабастан, психиканын маӊызын ачууда алдыга карай олуттуу кадам болгон, этика, эстетика, логика, биология ж-а педагогика илимдеринин андан ары өнүгүшүнө зор таасир эткен. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:32, 15 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГА́РТЛИ, Х а р т л и (Hartley) Дейвид (30.8.1705, Армли – 28.8.1757, Бат) – англиялык ойчул, ассоциячыл психологияны негиздөөчүлөрдүн бири. Адамдардын жүрүм-турумдарын башкаруу үчүн психикалык процесстердин так законун табуу үчүн Ньютондун физикалык принциптерин колдонууга аракеттенген. Гартлинин ырастоосу боюнча эфирдин тышкы чөйрөсүнүн термелүүсү адамдын сезим органдарында, мээсинде ж-а булчуӊдарында да тийиштүү термелүүлөрдү пайда кылат. Ал эми булар (туюмдар, мээ, булчуӊдар) психикалык кубулуштар м-н жанаша жарыш (параллель) катар байланышта турат. Термелүү тартиби, тездиги, багыты мээде кандайдыр бир руханий табияты бар сезимдерди ж-а идеяларды жаратат. Гартлинин окуусу механикалык түрдө түшүндүрүлгөнүнө карабастан, психиканын маӊызын ачууда алдыга карай олуттуу кадам болгон, этика, эстетика, логика, биология ж-а педагогика илимдеринин андан ары өнүгүшүнө зор таасир эткен.